Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Кулматов коррупцияга айыпталды (видео)


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып такты.

Атайын кызматтын маалыматында Кулматов мындан төрт жыл мурда Бишкек шаарынын мэри болуп турганда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун негизинде мектеп куруш үчүн бөлүнгөн гранттык акчаны мыйзамсыз пайдаланганы айтылат.

Кулматов болсо дооматтардын баарын четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагыларга карата "саясий куугунтук" катары баалады.

УКМК "Кубанычбек Кулматов "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорунун негизинде кытайлык TBEA компаниясы эки жаңы мектеп куруш үчүн берген 2 миллион долларды мыйзамсыз колдонгону аныкталды" деп билдирди. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун маалыматына караганда, ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда бул гранттык акчаны "шаардагы Калыс-Ордо конушундагы мектеп үчүн керек" деп өкмөттүн карамагынан шаардык мэрияга алып кеткен:

- Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКнын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 миллион доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары, Калыс-Ордодогу мектепти аягына чыгарыш үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

Рахат Сулайманов сөз болуп жаткан курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири УКМКнын тергөө абагына камалганын кошумчалады. Бул кылмыш ишинин негизинде Кубанычбек Кулматовдун, ошондой эле анын тушунда мэрияда жооптуу кызматтарда иштегендердин жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын башчысынын үйлөрүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

Кубанычбек Кулматов 21-майда УКМКга экинчи ирет суракка чакырылды. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Коррупция" беренеси менен тагылган айыпты четке какты:

- Бул акчаны биз, мэрия көргөн эмеспиз. Бул акчага TBEA өзү мектеп салган. Ошондуктан мен "чыгым болду" дегенди түшүнбөй жатам. Каяктан, кандай чыгым болушу керек? Бул грант болчу. Гранттан бизге, мэрияга акча берилген эмес. Биз техникалык көзөмөл кылып, ал жакка коммуникацияны алып барганбыз. Мэриядан чыккан акча ушул эле болчу. Алар өздөрү компанияны тандап алып, өздөрү салган. Бүгүнкү күнү ушундай болуп жатат, кичине саясатка аралаштырып жатышат. Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Үйдү тинткенде эч нерсе табылган жок. Психологиялык кысым болду. Үйдө аялым, балам бар. Кошуналарды чакырып, тигиндей-мындай кылышты. Азыр Атамбаевдин айланасындагыларга "саясий куугунтук" болуп жатат.

Мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум.
Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кеткенин бийликтин ага койгон шартына көнбөй койгону менен түшүндүрдү. Бирок ал кандай шарт болгонун тактап айтуудан баш тартты. Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ушул тушта өкмөт менен соттошуп жаткан Райымбек Матраимов жана ага айтылган доомат тууралуу да пикирин билдирген жок: ​

- Менин Мамлекеттик бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Албетте, өлкө жетекчилиги ким кандай иштеши керектигин айта алат, бирок мага коюлган шарттар жаккан жок. Райымбек Матраимов менен 2010-жылдан кийин иштешкем. Азыр эми аны көрөлү, мына сот болуп жатат. Коррупция боюнча чынын айтканда үч айдын жыйынтыгын көрдүңөр да. Бюджетке 3,5 миллиард сом түштү.

Кулматов УКМКга суракка барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:10 0:00

​TBEA компаниясы берген эки миллион долларга алгач "эки мектеп курулат" деп маалымдалган. Кийинчерээк "Бишкектеги Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча салынат" деп айтылган. Көп өтпөй эле мектептеги орун 750ке, андан кийин 660 орунга чейин азайган.

Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия мектеп боюнча да бир топ материалдарды топтогон.

Комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиеванын "Азаттыкка" айтканы боюнча, мектепти куруу колдонго колго өтүп, үч компания алмашкан. Комиссия өз корутундусуна отчет тапшырбай, мектепти бүтүрбөй кеткен алгачкы эки компанияны жана ал мектепке байланыштуу документтерге койгон ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди кошкон:

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

- Башында акча тең бөлүнүп, "түндүк менен түштүккө эки мектеп курулат" деп сүйлөшүлгөн экен. Бирок ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин "бул эксперименталдык мектеп болот, жаңы материалдар колдонулат" деген буйругу бар экен. Мектеп абдан жакшы салынган. Бирок аны курган үч жалданма компания алмашкан. Биринчи компания бир миллион долларды алган да, отчет берген эмес. Себеби TBEA "өзүбүз көзөмөлдөйбүз" деп бүтүргөн эмес. Экинчи жалданма компания да акчаны алып, отчетун тапшырбай кетип калган. Анан үчүнчү компания келип бүтүргөн. Бирок кылмыш ишин ошолорго козгоп коюшкан. Себеби Бишкек мэриясы мектептин курулушуна дагы 104 миллион сом бөлгөн. Азыр өкмөт тескерисинче үчүнчү компанияга дагы 7 миллион сом карыз, бересе болуп калган. Биз корутундуга Жоомарт Оторбаев менен мектеп курууга катышкан, бирок бүтүрбөй кеткен алгачкы эки компанияны киргизгенбиз.

Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде суракка чакырылган, айып тагылгандар бул окуяларды саясий куугунтук деп мүнөздөп жатышат. Бирок талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Кулматовдун ишин саясий куугунтук деп атоо эрте:

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

- Бизде саясатчылардын бир оорусу бар - аларды укук коргоо органдары суракка чакырса же ушундай иштер башталса эле "саясий куугунтук" деп айта баштайт. Саясий куугунтук саясий көз карашынан улам болушу мүмкүн. Оппозициялык маанайдагы адамдарды бийлик өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып кысымга алган учур бар. Аны жок дегенге болбойт. Эми муну аягына чейин күтөлү. Азыр эми ал "саясий куугунтук" деп өзүн коргоп атканын түшүнүп турабыз.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бир катары таанылган Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2014-2016-жылдары иштеген. Андан кийин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун, Улуттук банкты жетектеген. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр жыл этегинде дайындалган жана 14-майда өз эрки менен бул кызматтан кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кубанычбек Кулматов УКМКнын 4-5 саатка созулган сурагынан чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG