Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Миллиондорду сугунган прокурорлор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМКнын маалыматы боюнча Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алган деп айыпталууда.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 16-апрелде пара алып жаткан учурда кармалган.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) өкүлү Рахат Сулайманов буларды айтты:

- Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Атайын кызмат паранын, аны берген тараптын чоо-жайы тууралуу кенен кабар берген жок. Жаңылыктарга караганда, кылмышка шектүү Улан Чалбаев азыр ооруканада жатат. Кармоо операциясында анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түшкөнү кабарланды. Курагы 30-40 жаштын тегерегинде экени айтылып жаткан бул прокурордун тек-жайы, ишмердиги тууралуу Интернетте, анын ичинде Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымат жок.

Коомчулукта "иштин изин жашыруудагы паранын суммасын эске алганда, сөз чоң кылмыш иши тууралуу болуп жатса керек" деген божомол бар. Эксперттер коррупцияга каршы күрөшкө кепилдик берген негизги органдын жооптуу кызматкери көп акча менен кармалышы күч органдарында, сот тармагында паракорлук гүлдөп жатканына айкын далил экенин айтып жатышат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, тартип коргоо органдарындагы жемкорлук миллиондогон сомду чапчыды:

- Коррупция менен күрөшкөн негизги органдын кызматкери кокусунан кармалганы мына ушундай. Коомчулукта прокурорлор, соттор акчасыз иштебей калганын карапайым адамдар да айтып жатышат.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов паракорлук менен күрөшүү аракети бийлик алмашкан учурларда күчөп, кийин солгундап калганын айтат. Андыктан анын пикиринде паранын суммасы улам өсүп баратат:

- Мурда да прокурор Кылычбек Арпачиев деген кармалган. Мындай чоң сумманы алып жаткандан кийин демек жогоруда таянган бирөө бар. Болбосо коркпостон ушундай кадамга кантип барышат? Эмнеге ушундай болуп жатат? Мамлекетте мындан да чоң уурулар бар. Алар буларга үлгү болуп жатпайбы.

Мындай ири суммадагы пара алуу фактысы менен 2015-жылы мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев кармалып, эркинен ажыратылган. Ал "Карганбек Самаковго байланыштуу ишти жабууга убада берип, анын жакындарынан 100 миң доллар пара доолаган" деп айыпталган.

Кылычбек Арпачиевди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча 14 жылга кескен. Ошону менен катар "анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн" деген өкүм чыккан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда күч органдарынын ишин кескин сынга алган. Жыйынтыгында сот, укук коргоо жана милициядагы коррупцияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган. Андан көп өтпөй башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетти.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, өлкөдө терең тамыр жайган коррупцияны тез арада жок кылуу кыйын. Саясатчынын айтымында, коррупция менен күрөштө бийлик башына келгендердин саясий эрки күчтүү болушу керек.

- Бул экинчи жолу болуп жаткан окуя. Акыркы үч башкы прокурор бул тармакта бир да күн иштебеген адамдар болду. Мына ошол учурда прокуратуралык система сынды. Эми башкы прокурордун ордуна президенттин көзүн тик карай алган, анын жакындарынын кемчилигин айта алган бирөө келбесе чырмалышкан паракорлукту азайтуу мүмкүн эмес.

2017-жылы “Коррупция” беренеси боюнча 1037 кылмыш иши козголгон. Андан мамлекеттик бюджет 670 млн. сом зыян тарткан. Анын 18,4 млн. сому гана мамлекетке кайтарылган.

"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн атайын иликтөөсү коррупцияга арналган. Үч бөлүктөн турган бул берүүнү YouTube сайтындагы "Азаттык Медиа" каналынан көрсөңүз болот.

Чоң жеген “чоңдор” (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG