Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча иш козголду


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал "президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган кезинде коррупцияга жол берген" деп айыпталууда. Мурдагы премьердин бөгөт чарасы катары андан эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тилкат алынды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 29-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) акыркы айда үчүнчү жолу сурак берген болчу. Ал Бишкек ЖЭБин оңдоонун айланасында козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жаткан.

Атайын кызматта алты саатка жакын суралган соң УКМК Сапар Исаковго кылмышка шектүү катары айыбы угузулганын кабарлады. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, Исаков Бишкек ЖЭБдеги чуу боюнча коррупцияга шектелип жатат:

УКМК.
УКМК.

- Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралды. Такталган маалымат боюнча, ал 2013-жылы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын-ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу жалдануучуну тандоодо чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Мунун жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкка ири өлчөмдөгү чыгым келтирилген.

Ал эми УКМК коррупция боюнча айып таккан Сапар Исаков ага каршы козголгон кылмыш ишин “таптакыр чектен чыгуу” деп атады. Ал алты сааттан ашык сурак берип чыккан соң тагылган айып боюнча толугу тааныша элек экенин айтты:

- Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам.

Исаков: Кылмыш ишин козгоо - таптакыр чектен чыгуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Сапар Исаков УКМКнын Тергөө башкармалыгына суракка кирерде журналисттердин акыркы күндөрү өз дарегине айтылган дооматтар тууралуу суроолоруна жооп берген. Ал өзүн камоого негиз жок экенин, мындай чарадан коркпой турганын билдирген.

Сапар Исаков өзүнө карата жапырт каралоо жүрүп жатканын билдирип, мындай өнөктүк атайын "борбордон" башкарылып жатканын кошумчалаган:

- Бүгүн маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда мени жана Алмазбек Шаршеновичти системалуу түрдө каралаган процесс кетип атат. Тим эле жаман сөздөрдү айтып, "чыккынчылар", тиги-бу деп жазып жатышат. "Исаков Кыргызстандан качып кетиптир, Орусияда Новосибирскиден кармалыптыр" деп жазып жиберишиптир. Мен эч качан Кыргызстандан кетпейм. Мен өз өлкөмдү жакшы көрөм. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин, мен абдан таза иштегем. Ошондуктан мен эч нерседен коркпойм.

Сапар Исаковго карата Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоого байланыштуу айыптоолор буга чейин айтылып жаткан. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында парламентте үч күнгө созулган талкуу жүрүп, депутаттар Исаковду сынга алышкан. Талкуу соңунда мурдагы премьердин жоопкерчилигин бөлүп кароону камтыган токтом кабыл алынган.

Парламенттеги талкууда көңүл бурулган жагдай - "Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясы кандай негизде тандалып алынган?" деген суроо болгон. Дал ушул маселеде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаковдун дарегине дооматтар айтылды. Себеби Исаковдун бул багытта президентке жазган кызматтык катынан жана Кытайдын соода өкүлүн бир нече ирет кабыл алганынан депутаттар шек санашкан болчу. Сапар Исаков мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынын негизинде гана иш жүргүзгөнүн билдирип келген.

Саясий эксперт Эмил Жураев өлкөдөгү акыркы чуулгандуу окуяларда Исаковдун аты аталышын ал мурдагы президенттин жакын адамы болгону менен түшүндүрөт. Эксперттин пикиринде, Сапар Исаков мурдагы бийлик учурунда бардык иштерден кабардар болуп, көпчүлүгүнө тикелей аралашкан:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

- Албетте, кандай гана жетекчи болбосун "ката кетирдим, меники туура эмес" деп мойнуна албайт. Бирок Исаков мырза кандай териштирүү болбосун так, объективдүү маалымат бергенге умтулса жакшы болмок. Ал коммуникациялык согуш катары колдонууга аракет кылууда. Акыркы учурдагы Кыргыстан үчүн төбө чач тик тургандай маалыматтар айтылып жаткан учурда "мен алар менен сыймыктанам" деп чыкканы - албетте ар кандай бүдөмүк суроону жаратаары турган иш.

Ошол эле учурда Эмил Жураев акыркы кырдаалда Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн да чабуулдарга туш болгонун айтып, "мурдагы президент өз пикирин билдириши керек болчу" деген ойдо.

41 жаштагы Сапар Исаков - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев өлкө башында кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчиси болуп, 2017-жылы премьер-министрликти аркалаган.

Быйыл экс-президент менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулган соң Исаковду парламент ишеним көрсөтпөө жолу менен өкмөт башчылыктан кетирген.

Сапар Исаков акыркы айыптоолорду саясат менен байланыштырып, саясий куугунтукка туш болгонун айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG