Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 13:05

Бажынын жаңы кадрлары кимдер?


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы жана биринчи орун басары алмашканы тармакта реформа жүргүзүүгө шарт түзөбү?" деген суроолор пайда болду.

Премьер-министрдин 14-майдагы буйругуна ылайык, Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалды.

22-майда мекемедеги биринчи орун басарлык кызматка Шамил Бердалиев келди. Экөө тең буга чейин ушул тармакта иштеп жүргөн. 1993-жылдан бери бул мекемеде иштеген Оңолбеков акыркы жылдары “Түндүк” бажысын жетектесе, Бердалиев 2014-2017-жылдары мекеменин мурунку башчылары Адамкул Жунусов менен Азамат Сулаймановдун тушунда да орун басарлык кызматты ээлеп турган.

"Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин эл арасында "таасирлүү тараптардын капчыгы" деп айтылып жүргөн бажынын иши оңолобу?" деген суроо кабыргасынан коюлду. Бажыдагы коррупцияга жана аткезчиликке каршы күрөш боюнча жарандык кыймылдын мүчөсү Рита Карасартованын пикиринде, кадрдык өзгөрүүлөрдү "реформа" деп атоого болбойт. Анын баамында, бийлик жетекчилерди алмаштырып эле тим болбой, ачыкка чыккан алешемдиктердин чоо-жайын иликтөөгө тийиш:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кадр алмашуу - реформанын кичинекей бир бутагы. Негизи ал жерде системалуу өзгөрүү болушу керек эле. Матраимов кеткенден кийин бажыдан көп акча түшө баштаганын айтып атышпайбы. "Эмне себептен улам ошонча акча түшө баштады? Кайсы жерлерден түшпөй жүргөн? Акчанын көбөйүшү Матраимовдун кеткени менен байланыштуубу же ачык-айкындуулук боюнча иш-аракеттер жүрдүбү?" деген суроолорду изилдеш керек. Мисалы, аттиш үчүн бажы төлөмү эң арзан болгондуктан кандай товар өткөрсө да аны "аттиш" деп өткөрө беришет экен. Бажыда ушундай коррупциялык механизмдер бар. Ошондуктан бийлик: "Кадр алмаштыргандан сырткары тармакта эмне өзгөрдү?" деген маселени айтып чыгыш керек. Антпесе Асановду Үсөновго алмаштырып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Ар бир бийликке акча керек, улам кийинки шайлоого акча топтошот. Матраимовдой кишилерди колдонуп, акчасын чыгарып алышат. Баары бүткөндөн кийин "бул ушундай терс иштер менен алектенип жаткан турбайбы" деп бери жагы жумуштан алып, жинине тийсе кылмыш ишин да козгоп коюшат. Ошондуктан кадрдык саясат менен реформа башталды деп айтууга болбойт.

Былтыр жыл соңунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисин алмаштырып, жемкордукка каршы күрөштү күчөтөрүн билдирген. Мындан көп өтпөй мекеменин жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынып, быйыл январь айында бажы төлөмдөрү кыйла көбөйгөнү жарыяланган.

Расмий кабарга ылайык, Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткен. Бул көрсөткүчтөргө карабай коомдо "тармакта дагы эле коррупция токтобой жатат" деген сын-пикирлер арбын.

Оштогу "Эркечтам" бекети аркылуу Кытайдан жүк ташып иштеген Иса Сулайманов түштүк бажысында майлуу орундардын дээрлик баарын дагы эле Райымбек Матраимовдун кадрлары ээлеп, "пара аркылуу гана иш жүрөт" деп нааразы:

- Бажы деген Кудайдын эле баласы болуп алган. Мунун башында бажы кызматынын жетекчилери турат. Мурун Райым турчу. Азыр деле ошол эле система иштеп атат. Райым кетти дегени менен ошонун кишилери эле иштейт. Мисалы, Кара-Суу терминалына Алмаз деген өкүл баласын коюп койгон. Ал "Абу сахий" базарынын транзиттик жүгүн чыгарат. Транзитке импортту да аралаштырып жиберген. Жолдо кармалган чөнтөк телефондор чыгып атпайбы. Ошолор транзит болуп чыгат, бирок бул жерде калып калат. Бир машинеден эле миллиондогон акча түшөт. Терминал да, бажыдан өткөрүү да, жүк текшерүүчү да өздөрүнүн адамдары. Жалаң өкүл балдар иштейт.

Кыргызстанда бажыдан өөнөлгөн каражаттар шайлоодо колдонулганы коомдо ачык да, жашыруун да айтылып жүрөт. Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов бажыдагы терс көрүнүштөргө жол бербеш үчүн постторго камера коюуну сунуш кылууда:

- Бажыда иштеген кызматкерлер өздөрүнүн мекенчилдигин көрсөтүп, таза иштеп бериши керек. Бажы постторуна камераларды орнотуп, онлайн түрдө бул жактан канча машине өткөнүн, канча жүк келгенин текшерүү зарыл. Мунун эч кандай кыйынчылыгы деле жок да.

Ал эми экономист Эркин Абдразаков майлуу орун болуп эсептелген Мамлекеттик бажы кызматында мурдагы жана азыркы бийликтин кадрлары тирешип жатат деп эсептейт.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Азыр тармакта эки тараптын бири-бири менен күрөшү ачык көрүнүп турат. Бирок муну бир кишиге байланыштыра бербеш керек. Мурунку иштеп келген системада мамлекеттин жетекчилеринин ысымдары аталып жүрбөдүбү. Бизге телефондук сүйлөшүүлөр да маалым. "Ушул жерге менин кишимди кой" деп бөлүп алып жүрүшкөн. Мындан кийин антип бөлбөй, кесипкөй кадрларды гана иштетиш керек. Тармакта эски-жаңы кадрлар алмашты деп айтууга болбойт. Себеби бажы тармагында мурдагы эле кадрлардын алмашуусу болду. Бири-бирине доомат коюп, "жетекчи кызматкерлердин дээрлик жарымынан көбү арыз жазды" деп мурдагылар айтса, жаңы дайындалган тарап аны четке кагууда.

Ошол эле кезде Эркин Абдразаков бийлик тарабынан бажы тармагын көзөмөлдөө күчөй баштаганын айтып, бул аракеттен улам оң жакка өзгөрүү болот деп болжолдоп жатат:

- Өзгөрүү сөзсүз болот. Себеби, мамлекет тараптан мониторинг, көзөмөл күчөй баштады. Мындан тышкары ЕАЭБдин талабына ылайык, коңшу мамлекеттер деле биздин бажыдагы коррупциялык схемалардын баарын ачык айтышкан. Ошондон улам биз каалайбызбы-жокпу техникалык регламентке байланыштуу Бажы кодекси менен Салык кодекси өзгөрдү. Ошондон улам жаңы өзгөрүүлөр болот. Жаңы кадрларды окутуп, аларды техникалык жактан даярдоо керек. Жаңы мыйзамдарды билген кадрлар зарыл. Ошондо гана өзгөрүү болуп, жаңы муун келет деген ишеним бар. Эми аны жарым жылдын жыйынтыгында көрөбүз. Жылыш барбы-жокпу ошондо айтсак болот.

Бажы кызматынын ишине карата сын тууралуу жаңы жетекчилер Алмаз Оңолбеков жана Шамил Бердалиев, мурдагы орун басар Райымбек Матраимов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал тапта КСДП партиясы билдирүү таратып, "бийлик бажыдагы уурулукту иликтөөнүн ордуна тармакты коррупциядан тазалай баштаган КСДПнын мүчөсү Кубанычбек Кулматовду кылмыш жоопкерчилигине тартып жатат" деп маалымдады.

Буга чейин өкмөттүн маалыматында Кулматов "берген арызынын негизинде жана өз ыктыяры менен" кызматтан кеткени айтылган. Кийинчерээк Кубанычбек Кулматов өзү мекемени жетектеген үч айда бажы жыйымдарын чогултуу көбөйгөнү менен өкмөт аны иштен кетүүгө мажбурлаган шарт койгонун билдирген. Ал кандай шарт экенин ачык айткан эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими боюнча арызын карай баштады. Матраимов өкмөттү "кызматтан мыйзамсыз алган" деген негизде сотко берген. Анын бул кадамы коомдо кызмат ордуна кайра келүү далалаты катары бааланып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG