Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:48

Жообунан суроосу көп башкы прокурор


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Парламентте Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы иши боюнча жаңы дайындалган башкы прокурор отчет берди.

Кызматка жаңы киришкен Өткүрбек Жамшитовго эл өкүлдөрү азыркы жана мурдагы саясатчыларга козголгон кылмыш иштери, уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция боюнча арбын суроолорду беришти.

Депутат Рыскелди Момбеков "Айтматов сыйлыгы боюнча кылмыш иши козголгон депутат Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеттиби?" деген суроосуна так жооп ала алган жок.

- Шадиев Аскарбек кайда? Чакырып сурап жатасыңарбы? Бизде дарыланып кетет, анан дайыны табылбай калат. Айтып койсоңуз, ал Кыргызстандабы? УКМК "бул жакта" дейт, жардамчысы "чыгып кеткен" дейт. Эч ким айтпайт...

УКМКнын өкүлү Шадиевдин катышуусу менен тергөө амалдары азырынча боло элек экенин айтып, ал Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын кошумчалады. Ал эми Өткүрбек Жамшитов "зарыл болсо Шадиевдин айыбы сырттан угузулат" деп жооп берди.

Ошондой эле депутат Руслан Казакбаев кийинки убакта козголуп жаткан кылмыш иштеринин артында саясий куугунтук кызыкчылыгынын бар-жогуна кызыгып, башкы прокурорго суроо салды. Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков "өлкөдө саясий куугунтук башталды" деген пикирин билдирген эле. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бардык иштер мыйзам чегинде каралып жатканын айтты.

- Кылмыш иши боюнча тергөө органы күнөөсүн таап жатат. Далили жетиштүү болуп, айыбы угузулуп жатат. Баары тараптардын укук-милдеттерин түшүндүрүү менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жүргүзүлүүдө. Аягына чекитти сот коюшу керек.

Коопсуздук кеңешинде президенттин коррупцияга каршы күрөш жөнүндө айткандарын эске салган айрым депутаттар "жемкорлукка байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча реалдуу кадамдар жок" деп сындашты.

- Жогорку окуу жайынын мугалимин миң доллар акча менен кармап, бүтүндөй мамлекеттик телеканалдар аркылуу чоң жаңылык кылып атасыңар. Террористти кармагандай Финполициянын атайын тобу жүрөт. Бирок акыркы учурда музей, ЖЭБ, мамлекеттик сатып алуу, жол куруу боюнча коррупционерлер кимдер экенин силерден мурун эл болжолдуу билип бүттү. Качан реалдуу коррупция менен күрөшүүгө, миллиарддарды жегендерди камоого өтөсүңөр? - деген депутат Жанарбек Акаевге башкы прокурор айтылган иштер мыйзам чегинде тергелип жатканын билдирди.

Жемкорлук боюнча сүйлөгөн дагы бир депутат Мурадыл Мадеминов "Коомчулукта аты аталып жүргөн бажычыларды текшерүүгө эркиңиз жетеби?” деген суроону кабыргасынан койду.

- Эмне үчүн силер, Башкы прокуратура, бажыдагы коррупция маселесине чекит койбойсуңар? Мына, борбордук бажынын бир эле жетекчисинин үйүн көрүп жатасыңар, кеминде 5 миллион долларга курулган үй. Силер мурдагы Райым Матраимов дегендин үйүн көргүлө. Ага чейинки директордун үйүн көргүлө. Ар бир бажычынын үйүн текшерип көргүлөчү? Өздөрүнө катталган эмес, бирок жашап жаткан үйлөр ошолордуку да? Чекит коюп, камай тургандарын камаганга эркиңиз жетеби?

Депутаттын бул суроосуна Жамшитов "эркибиз жетет" деп кыска гана жооп берди.

Депутаттар оор кылмыштар үчүн соттолуп, бирок Нарын шаардык сотунун чечими менен бошонуп, өлкөдөн чыгып кеткен Азиз Батукаевдин ишин да башкы көзөмөл органынын башчысынын эсине салышты. Депутат Зарылбек Рысалиев Батукаевдин коё берилиши боюнча териштирүү башталышы керек экенин белгиледи.

Ошондой эле "уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө аракеттер чабал жүрүүдө" деген айрым эл өкүлдөрү кримтөбөл Камчы Көлбаевдин эркиндикте жүргөнүн мисал келтиришти. ИИМдин маалыматында уюшма кылмыштуу топтордун 523 жигердүү мүчөсү каттоодо турат. Анын ичинен Көлбаевдин тобунда 424, Бокушевдин тобунда 50, Батукаевдикинде 49 киши катталган.

Ошентип, башкы прокурорлук кызматка киришкенден бери Өткүрбек Жамшитов депутаттардын алдына алгачкы жолу келип отурат. Жамшитов эл өкүлдөрүнүн сын-пикирлерине, сунуштары менен тапшырмаларына “эске алынат, тактап жооп берем, баары мыйзам чегинде” деген сыяктуу жооптору менен чектелди. Айрым депутаттар анын көп сүйлөбөгөн мүнөзүн белгилеп өтүштү.

Анткен менен мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев жаңы кызматка дайындалган Өткүрбек Жамшитовдун ишине азыртан баа берүү эрте деп эсептейт. Бирок ал буга чейинки башкы прокурорлордун кемчилигинен сабак алышы керек деген пикирде.

- Бүгүн эски иштер боюнча көп суроо берилди. Ал Бишкектеги борбордук аппаратта иштеп жүрсө жетишээрлик жооп бермек деп ойлойм. Ал иштерден алыс болгондуктан ушундай отчет болуп калды. Эми өзүнө иштегенине убакыт берип, анан баа берсе туура болот го дейм. Мурдагы бийликтин тушунда адамдын иши тергелип бүтө электе, сот чечими чыга электе коомчулукта каралоо күчөп кеткен. Каралоо башталганда эле саясат бар экен деп билсе болот. Эми мындай болбошу керек. Мыйзам чегинде иш аягына чыгышын күтсөк.

Жамшитовдун кызматка жаңы дайындалганы эске алынып, бирок отчетту кабыл алуу токтомуна 2017-жыл боюнча мурдагы жетекчинин иши "канааттандырарлык эмес" деп табылганы белгиленип жазылмай болду. Отчетко ылайык, Башкы прокуратура былтыр “Коррупция” беренеси боюнча 704 кылмыш ишин козгогон. Натыйжада бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG