Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 04:28

Башкы прокуратураны "олжолуу" кылган чечим


Башкы прокуратуранын имараты.

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен Башкы прокуратурага бөлүнгөн каражат кайрадан талкууга түштү.

Мекеме быйыл дээрлик жарым миллиондой сомго төрт унаа оңдоткону жатканы маалым болду. Ага чейин былтыр бекитилген бюджеттен сырткары кошумча 250 миллион сом берилгени ачыкка чыккан жана кызуу талкууга жем таштаган.

Өткөн айда Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкеринин 200 миң доллар пара менен кармалышы мекемедеги коррупция тууралуу дооматтарды күчөткөн эле.

Кымбат унаалар кымбат оңдолот

Мамлекеттик сатып алуу порталында 14-майда Башкы прокуратуранын 425 миң сомдук тендери тууралуу маалымат жарыяланды. Анда бул каражат "2012-жылы чыккан "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү эки унаа, 2006-жылкы "Лексус" жана "Тойота Камри" унааларын оңдоого жумшалат" деп жазылган. "Түп нускадагы тетиктер гана колдонулуп, бир жыл кепилдик берилиши керек" деген шарт коюлган.

Прокуратура кызматкерлеринин кымбат баадагы унаалары, аны тейлегенге кеткен каражат социалдык тармактарда талкуу жаратты. Макала жазылып жаткан кезде бул унаалар акыркы жолу качан оңдолгону, ага канча каражат кеткени тууралуу маалыматтарды ала алган жокпуз.

Расмий маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын бюджети барган сайын көбөйүп жатат жана бир жылдык бюджети болжол менен 600 миллион сомду түзөт. Прокуратура органдарында жалпысынан 800гө жакын адам иштейт.

Финансы министрлигине караштуу "Ачык бюджет" порталындагы маалымат боюнча, 2013-жылдан ушул күнгө чейин мекемеге жалпысынан 2,5 миллиарддан ашык сом бөлүнгөн.

2013-жылы анын бюджети 350 миллион сомдон ашкан жана ошондон баштап жыл сайын жогорулап келген. 2017-жылы болсо 700 миллион сомдон ашык болгон. Бул акчанын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 480 миллионго жакыны айлык акыга берилген. Анын теңине жакыны "кошумча төлөп берүүгө, компенсацияга" деп алынган.

Былтыр 36 миллиондон ашык сомго унаа алынган. "Бишкек-Лада" ишканасы 15,4 милилон сомго 25, ал эми "Aziamotors" 21 унааны 21 миллион сомго жакын акчага алып келип берген.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Башкы прокуратуранын быйылкы бюджети тууралуу айтып берди:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- 2018-жылга 595 миллион 163 миң сом каралган. Канча каражаты кайсы жактарга жумшалды, туура пайдаланылдыбы же жокпу - биз жылдын аягында алар отчетко келгенде гана айта алабыз. Мекеменин бюджетинде унаа сатып алууга, унаа оңдоого акча каралат. Аны биз жылдын аягында гана карай алабыз. Былтыр болсо 586 миллион сом каралган экен. Анын үстүнө дагы 250 миллион сомду ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков өз буйругу менен бөлүп берүүнү суранган. Бирок быйыл ошол акчадан калган 200 миллион сомду эсепке алуу менен бюджетин бекитип беришкен.

Былтыр сентябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратураны кошумча каржылоо тууралуу буйрук чыгарган. Анда Финансы министрлигине Башкы прокуратурага бекитилген бюджеттен сырткары 250 миллион сом бөлүп берүүнү тапшырган.

Бул маалымат мындан эки айдай мурун капысынан билинип калган. Өкмөт муну "прокуратура органдары мамлекетке өндүргөн каражаттын 30 пайызын алат" деген мыйзамдагы жобо менен түшүндүргөн.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Башкы прокуратура "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коому менен "Brasfortlimited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде мыйзам бузуу болгонун аныктаган.

Анын натыйжасында 5,5 миллиарддай сом өлчөмүндө мамлекет тарткан зыяндын орду толтурулган. Бишкектин район аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен ордуна коюлган акчанын отуз пайызын төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарган.

Парламенттеги Бюджет жана каржы комитетинин мурунку төрагасы, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев акчанын бөлүнүшү мыйзамдуу болгону менен айрым маселелер бар экенин ырастады:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Бул тууралуу өкмөттүн буйругу бар, бюджет мыйзамынын негизинде ал парламентте, палатада да бекитилген. Эми ал жерде маселе турат. Аны "Мегакомдон" түшкөн акча" деп жатышат, бирок эч кандай акча түшкөн жок да. Ал мамлекеттештирилген ишкана. Бул боюнча Башкы прокуратура кандай жумуш кылды, мамлекетке пайда алып келдиби, ошончолук жумуш кылдыбы? Кеп ушунда болуп жатпайбы. Жаңы башкы прокурор бул жагын карап, өзүнүн оюн айтышы керек.

Беш жылдан бери жаңырбаган форма

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев март айында ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага 2015-жылдан тартып ушул күнгө чейин бюджеттен бөлүнгөн акча тууралуу маалымат берүү тууралуу суроо-талап жөнөткөн. Анда мекеменин бюджети кийинки жылдары эки эсеге көбөйгөнү, жыл сайын анын чыгымы парламент бекиткен бюджеттен ашып кетери айтылган. Прокуратура органдары мамлекетке кайтарган акчанын өздөрүнө калган 30 пайызын кимдер, канча суммада алганы тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

Башкы прокуратуранын депутатка жөнөткөн жообунда 2015-2018-жылдары мекеме мамлекетке 5,5 миллиарддан ашык сом кайтарып бергенин, былтыр бөлүнгөн кошумча 250 миллион сомдун 47 миллиону гана алынганын жазган.

Ага ылайык, 47 миллион сом сот процесстерине катышкан 200дөй прокурорго форма тиктирүүгө, "Кылмыштардын электрондук эсеп-кысабы" деген автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүгө жана аймактардагы прокурорлорго кызматтык унаа сатып алууга жумшалганы маалымдалган.

"Прокурорлор мындан беш жыл мурун тигилген формаларды кийип жүрүшөт, унааларды колдонуу жети жылдан ашты" деп жазылган. Башкы прокуратура акыркы үч жылдан бери бюджетинин көбөйүп кеткенин жаңы имараттардын курулушу, мекеменин "Наристе" деп аталган бала бакчага бөлүнгөн акча менен түшүндүргөн. Мамлекетке өндүрүлгөн акчанын 30 пайызы эч кимге акчалай сыйлык катары берилбегени айтылган.

Бирок депутат Жанар Акаев Башкы прокуратурага кошумча акча берүүнүн моралдык жагына токтолду:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Индира Жолдубаева менен Сапар Исаковдун жеке мамилеси жакшы болгону үчүн эле 47 миллион сомду алышкан. Алар "мыйзам боюнча 30 пайызын алабыз" деп мыйзамга такап жатышпайбы. Бирок мунун моралдык жагы да бар. Башка жакка бурулуп жаткан акчанын агымын бюджетке, мамлекетке буруу - алардын түздөн-түз милдети, ошон үчүн айлык алып жатышат, милдети, жумушу ошол. Прокурорлордун кандай үйлөрдө жашаганын, кандай унааларды мингенин жакшы билебиз. Кээде аймактардагы көпүрөгө, бала бакчага акча сурасаң өкмөт эки миллион сом таба албай калган учуру болот. Прокуратурага болсо бир эле токтом менен 47 миллион сомду дароо которуп бере койгонунун өзү туура эмес.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев "Мегаком" менен "Brasfortlimited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде мыйзам бузууну аныктоодогу Башкы прокуратуранын салымы тууралуу маселе көтөрдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мыйзамда "мамлекет тарткан чыгымдын 30 пайызы прокуратурага берилет" деген норма бар. Бирок шартка карап, бюджетке карап аны аткарбай койсо деле болот. "Мегаком" боюнча - бул жалаң эле прокуратуранын салымы эмес. Бул 2010-жылы апрелде бийлик алмашканда болгон окуя. Кийин тапшырма берилген, тергөө жүргөн, бирок бул башка нерсе. Ошондуктан бул акчанын бөлүнүп берилгени туура эмес болгон.

Ал арада парламентте "прокуратура органдары мамлекетке кайтарган каражаттын 30 пайызын өздөрүнө алып калат" деген мыйзамдагы жобону өзгөртүү каралып жатат. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Негизинен 30 пайызды өздөрүнө алып калганды жокко чыгарышыбыз керек. Бул туура эмес болуп калган. Азыр ошол акчаны өздөрүнө алып калганы менен абдан көп туура эмес иштер жүрүп жатканы байкалып жатат. Ушул нерсени биз жакында көтөрөбүз. Ошол норманы жокко чыгарышыбыз керек. Өкмөткө кайсы деңгээлде кайрылаарыбызды такташыбыз керек. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн туура эмес иштерди жасап, чогулган акчаны туура эмес пайдаланып жатканы бардык жактан байкалып жатат.

Өткөн айда Индира Жолдубаеванын ордуна башкы прокурор болуп дайындалган Өткүрбек Жамшитов өзү жетектеген мекеменин бюджети тууралуу дооматтар тууралуу кандай ойдо экенин билүү мүмкүн болгон жок. Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, мурунку прокуратура кызматкери Талант Мамытов жетекчиликтин жоопкерчилигине токтолду:

- Прокуратура органдарын жетектеген адамга өтө чоң талап болушу керек. Каражат менен камсыз кылууда да, ишти жүргүзүүдө да жоопкерчилик жетекчинин мойнунда. Биз карай турган көп маселелер бар - мектеп, мугалимдердин маянасы, дагы башка маселелер. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу эмес, ашыкча пайдалануу болсо - албетте бул жерде сөзсүз жоопкерчилик маселеси коюлушу керек.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевдин пикиринде, прокуратура органдарын каржылоо менен кошо алардын жоопкерчилигин да күчөтүү зарыл:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

- Эки жыл мурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, булардын макамы аскер кызматкерлеринин макамына теңелген. Пенсия жана башка жагынан теңеп коюшкан. Ошого байланыштуу булардын бюджети көтөрүлгөн. Мен, мисалы, пенсияга аскер прокурору болуп чыктым, булар жарандык прокуратурада иштесе да аскер кызматкерлеринин деңгээлинде пенсиялык камсыздоо болот. Экинчи жактан, "булар коррупцияга киришип кетпесин" деп да акча, тыйын-тыпыр кошушкан. Имараттарын оңдоп беришкен. Айлыгын көтөрүшкөн, бардык жактан карашкан. Бирок булардын жемсөөлөрү чоң экен, болбой эле паранын көлөмүн 200 миң долларга чейин көтөрүп жиберишиптир. Ошондуктан булардын каржылоосун эле көбөйтпөстөн, ички тартибин да күчөтүш керек.

Быйылкы жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооонбай Жээнбеков Башкы прокуратураны "коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор боло албай жатат, мыйзамсыз, негизсиз текшерүүлөр көп жана бул өзүнчө бизнеске айланып калды" деп сындаган:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар бирин бири кайталаган текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келип жатат. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн. Бирок андай болбой жатат. Ал тургай прокуратура органдары өздөрү жүргүзгөн текшерүүлөр көп болуп жатат. Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөн, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан. Анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган.

Кийинки убакта прокуратура органдарындагы коррупция, паранын көлөмү коомчулукту айран таң калтырган жагдайлардын бири болуп калды. Туура бир ай мурун УКМК Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жатканда колго түшкөнүн кабарлаган. 2015-жылы Башкы прокуратуранын ал кездеги тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев "Карганбек Самаковго байланыштуу ишти жабууга убада берип, анын жакындарынан 100 миң доллар пара доолаган" деп айып менен камалган жана 14 жылга эркинен ажыратылган.

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандагы саясий, экономикалык коррупциянын абалын иликтөөгө алган.

Чоң жеген “чоңдор” (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG