Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Президент күч органдарын сындады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралды.

Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

- Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз, сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем, - деди президент.

Мамлекет башчы “бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда сегиз эле иш караган соттор бар” деп кошумчалады.

Ошону менен катар Жээнбеков оор кылмыш жасагандар абактан эрте чыгып кетип жатканына байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын ишин да сынга алды.

Башкы прокуратура ишин натыйжалуу аткара албай жатат

- Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат, - деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

“Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, мекемелик гана кызыкчылыктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп”, деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен сегиз эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева.
Башкы прокурор Индира Жолдубаева.

“АКСтин ар бир кызматкеринин иши талдоого алынат”

Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) иши кайра каралып чыгат жана анын ар бир кызматкеринин иши талданат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Президент АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөнүн, бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир "кол тийбес кастага" айланып калышканын айтты.

- Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Бул орто эсеп менен бир айда 1,5 факт табылган дегенди билдирет, - деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент АКС эки жылда 485 кылмыш ишин козгогонун, анын 118и гана сотко өткөрүлгөнүн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылганын белгиледи.

“Жогорудагы 485 кылмыш ишинин 154ү кыскартылган жана токтотулган” деп кошумчалады мамлекет башчы.

“Уюшма кылмыштуулукту жогорку кызмат адамдары калкалоодо”

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрбөй жатканынын негизги себеби – коррупция. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жеткенин эксперттер айтып жатышат.

- Уюшкан кылмыштуу чөйрөдө чоң акча агымы тартип коргоо жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо мүмкүн эмес. Мындай топтор баңгизат транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG