Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 08:26

Кыргыз бийлиги аймактар текши өнүкпөй, аларга бир кылка мамиле жасалбай жатканын сөз кыла баштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кийинки убакта аймактык лобби күчөп, мамлекеттин акчасы аткаминер, депутаттар көп чыккан аймактарга эле агылып жатканын эске салды. Ал бул багытта саясат өзгөрбөсө, айырмачылык дагы тереңдей турганын айтты.

Кыргызстанда 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бирок аны ишке ашыруунун планы, программасы бекий элек.

"Армандуу" Ак-Талаа...

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунан бир топ жылдан бери Жогорку Кеңешке депутат чыга элек. Акыркы жолу 90-жылдары Жогорку Кеңеш "легендарлуу парламент" деген ат менен таанылып турган учурда Жамин Акималиев депутат болгон. Акималиев ушу тушта Жогорку Кеңеште аймактык теңсиздик орноп калганына кейиди:

Жамин Акималиев. Архивдик сүрөт.
Жамин Акималиев. Архивдик сүрөт.

- "Легендарлуу парламент" иштеп жатканда мындай көрүнүш эч качан болгон эмес. Биринчиден, депутаттардын саны 350 киши болчу. Эң негизгиси, биз партиялардын атынан эмес, аймактын атынан шайланып келгенбиз. Кээ бир чоң, эли көп райондордо эки-үчтөн болгон. Бирок депутат чыкпаган кымындай да район калган эмес. Ошондон улам Ак-Талаадан мен депутат болгом. Кымындай Тогуз-Тородон Мойдунов деген депутат чыккан, ал райондун көйгөйүн тынбай айтып турганы эсимде. Ошонун негизинде бюджет туура бөлүштүрүлүп, баарына тегиз карачубуз. Себеби бизде "партияга көз карандылык" деген жок болчу. Элдин көзүн карап, жалпы Жогорку Кеңеш аябай калыс болчу, бири-бирибизди колдоп турчубуз. Эгер бирөө жутунуп жатса ошол жерден эле айтып, уяткарып койчубуз. Ошондуктан аймактарга текши каралбай жаткан маселени оңдош керек.

Нарын облусу былтыр жалпысынан 44 миллион сомдук дем берүүчү грант алган. Бирок анын бир сому да Ак-Талаа районуна тийген эмес. Райондун акими Семетей Черикбаев "мунун объективдүү жана субъективдүү себептери болгон" деп билдирди:

Мындай тенденция да бар. Бирок ушул эле себептен район артта калып калды деген бир аз туура эмес.

- Быйылкы 2018-жылга биз дем берүүчү грантка алты долбоор өткөрдүк. Былтыр болсо мурдагы жылкы сегиз объектибиз бүтпөй калганына байланыштуу албай калдык. Каржы министрлиги эски долбоорлор бүтмөйүнчө жаңысын бербейт. Ал негизи мыйзамдын чегинде эле болгон. Анын үстүнө былтыр он айыл өкмөттө шайлоо болуп, эски курам жаңыга алмашып жатканда дем берүүчү грантка чуркап, антип-минткиче 31-декабрда мөөнөтү бүтүп жетишпей калдык.

Ак-Талаа району географиялык жактан алыс жакта жайгашкандыктан, мисалы, жол куруу өңдүү чоң-чоң долбоорлор каралып жатканда "жалгыз кичинекей район үчүн ушунча миллиарддык жолду ошол жерден өткөрүү пайдалуу эмес" деп илинбей калган. Анан эгер ушул элден мисалы депутат чыкса, ал да эки эсе жоопкерчиликти алып, берген убадаларын эстеп чуркап, сүйрөп турат эле. Мындай тенденция да бар. Бирок ушул эле себептен район артта калды деген бир аз туура эмес.

"Өз көмөчүнө күл тартуу"

Аймактык лобби тууралуу куру сөздөр айтылбашы үчүн ушул жерден айрым сандарга токтолу. Маселен, 2016-жылдагы капиталдык салымдар боюнча өкмөт 220дан ашык долбоорду каржылаган. Мектеп, бала бакча, спорт жайлары өңдүү объектилердин салынышы боюнча Лейлек (9 объект), Кара-Суу (9), Өзгөн (9), Кара-Кулжа ( 8), Ноокат (7) Кочкор (8) райондору алдыга чыккан. Жогорку Кеңеште аталган региондордон депутаттар, аткаминерлер, бийликтеги таасирлүү адамдар көп экени белгилүү. Бул жылы Ак-Талаа районундагы бир дагы долбоор илинген эмес.

Бишкекте 23-январда "2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ алгачкы жыйынга чогулду. Анда президент Сооронбай Жээнбеков депутаттар, аткаминерлер "өз көмөчүнө күл тарткан" учурлар бар экенин, мунун кесепети оор болорун эскертти.

- Региондордун өнүгүшүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереңдей берет. Региондорду өз ара салыштырганда да, айырмачылык чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калып калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, насыялык да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүшү артта калды, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков: Аймактык лобби күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Президенттин быйылкы жылды аймактарды өнүктүрүүгө арнаган жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топ кырктай адамдан турат. Бул топтун мүчөсү Акылбек Жапаров "аймактарга текши мамиле кылууга аракет көрүлөт" деп айтып берди:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Биз эки деңгээлдүү тепкичке өтүп кеткенден кийин бюджеттин дээрлик көпчүлүгүн ар бир адамга аткаминерлердин кийлигишүүсү жок түз жеткире алганга жетиштик. Бул Кыргызстандын башкы жетишкендиктеринин бири. Бирок бюджетте капиталдык салымдар өңдүү бир-эки берене бар. Ушул жерге депутаттардын көпчүлүгү катуу киришип кетет. Мына, Бишкекти алсак, элдин баары бул жакка келип жатат. Бирок бир тыңыраак оорукана, мектеп кура элекпиз. Бишкектен чыккан депутаттардын баары интеллигент, сылык-сыпаа болуп жүрүшөт. Региондордон келген депутаттар болсо "айылдан шаарга качып келе бердик" дегендей болуп, өз күнөөбүздү сезип, өз айылдарыбызга жан тартып жатабыз. Биз азыр ушулардын баарынан арылалы деген ниетибиз бар.

Аймактык лобби тууралуу "Азаттык" Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, Социал-демократтар фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбековдун пикирине кызыкты. Ал мындай маселе бар экенин мойнуна алды, бирок жагдай тартипке салынып келе жатат деген оюн айтты.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Мен муну 5-чакырылыштын учурунда көргөм. Акча булагына, бюджетке түздөн-түз тиешеси бар айрым кызмат адамдарынын таасири, жардамы менен бюджеттин акчасы калыс эмес бөлүнүп келгенине баарыбыз эле күбө болуп келатабыз. Мисалы, бир жерде балдар авариялык абалдагы мектепте эки кезмет менен окуп жатса, кайсы бир айылдарда бир канча көп кабаттуу мектептер курулду. Бирок ачык айтып коюш керек, улам барган сайын бул нерсе тартипке салынып, көзөмөл күчөп, бийлик бутактары бул иш туура эмес багытта баратканын көрүп, маселе көтөрө баштады.

Саясий шантаж, бийликчил партиянын лоббиси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев өкмөт мамлекеттин акчасын региондорго калыс бөлүштүрүү милдетин албай, мажирөө болуп жатканын сынга алды.

Ал депутаттар "саясий шантажга" өтүп алганына, партиялык лоббиге да токтолду:

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

- Өкмөт жалпы элдин өкмөтү болгондон кийин акчаны калыс бөлүштүрүү жагын колго алышы керек эле. Депутаттар аларды "силер биз айтканды жасабасаңар, эртең бизге келип отчет бергенде маселеңерди коюп коебуз, тагдырыңарды чечип коебуз" деп саясий соода менен шантаж кылат. Ошон үчүн көп учурда өкмөт баарына моюн сунуп келе жатат. Экинчиден, бул жерде партиялык лобби бар десек да болот. Себеби бала бакча, мектеп же кайсы бир объекттин ачылышы болбосун ошол жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эле эмес, бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн көп барганын көрүп эле жүрөбүз. Чынын айтканда алардын тиешеси жок да. Бирок каражатты ошол бийликтеги партия бөлүп берип жаткандай, ошолордун амири менен болгондой элге жеткиргенге аракет кылышат. Бул туура эмес. Анткени республикалык бюджет ошол бийликчил партия чогултуп койгон акча эмес да. Ал деген Кыргызстандагы салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Мындайды такыр жолотпош керек эле. Ошол жерге барганда бийликчил партиянын өкүлдөрүнө аким, айыл өкмөттөн мурда сөз берилип, ошолор биринчи сүйлөйт. Бул да туура эмес. Муну президент айткан аймактык лоббиге кошуп, бийликчил партиянын лоббиси деп койсо болот.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев тескерисинче, партиялык система ишке киргенден бери парламент мамлекеттин акчасын текши бөлүштүргөнгө аракет кылып жатат деп эсептейт:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Президент бир чети туура маселе көтөрдү. Буга чейин ошондой көрүнүштөр болуп келген. Партиялык системага өткөндөн кийин андай көрүнүштөр азайды. Бирок бюджет комитетинин төрагасы катары мен бюджетти тең, калыс караганга аракет кылам. Көп кайрылуу болот, ошолордун баарын кабыл алып, айыл өкмөтпү, айылдык кеңешпи, тургундарбы, баарынын маселесин чечкенге аракет кылып жаттым. Бирок президенттин "акимдерге мүмкүнчүлүк бериш керек" деген сунушун колдойт элем. Мурда акимдер шайланса, азыр Конституция боюнча дайындалып калбадыбы. Ошондой болгондон кийин каржылык мүмкүнчүлүк да беришибиз керек. Ошондо акимдер жоопкерчиликтүү болот. Мисалы азыр курулуш, таза суу маселесин республикадан чечип жатышат. Жоопкерчиликти эч ким албайт. Ошонун айынан сапатсыз курулуштар болуп жатат.

Анткен менен сөз болуп жаткан партиялык тизме шартында деле бир катар депутаттар бюджет бөлүштүрүүгө келгенде биринчи иретте өз аймагын ойлогон адаты калбаганы байкалат.

Аны Юстиция министрлигинин сайтындагы Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу 2015-жылдын 24-декабрында кабыл алынган № 131-VI токтомунан көрсө болот. Мисалы, тизмедеги өз аймагынын кызыкчылыгын коргогон депутаттардын арасында Кара-Кулжа районуна тиешелүү көп иш пландарын киргизген КСДПнын өкүлү Асылбек Жээнбеков да бар.

Жогорку Кеңештин токтомуна депутат Асылбек Жээнбеков киргизген сунуштар.
Жогорку Кеңештин токтомуна депутат Асылбек Жээнбеков киргизген сунуштар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров аймактардын өнүгүшүнө жергиликтүү бийлик өзү тоскоолдук жараткан көрүнүштөргө токтолду:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү боюнча программалар иштеген эмес. Соңку 25 жылда мамлекетте мүмкүнчүлүк да болгон эмес. Азыр 460ка жакын айыл өкмөт болсо ошонун 386сы, башкача айтканда 70-80 пайызы дотацияда отуруп жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө борборлоштурулган каржылоо болуп жатат. Каражат республикада топтолгондуктан жанагындай, депутаты, чиновниги көп болгон аймактар тартып кеткен учурлар бар. Ошондуктан биз каржылоону борбордон оолактатууга алып келишибиз керек. Аймактардын проблемаларын ошол жакта чечкенге мүмкүнчүлүк түзүш керек. Анан азыр губернатор, акимдерге "канча инвестиция тарттың, кандай шарт түздүң, жумушчу орун түзүш үчүн эмне кылдың" деген суроо болбой жатат. Өкмөттө бул негизги көрсөткүчтөрдүн бири болушу керек эле. Ошондон улам биздин акимдер, губернаторлор инвесторлор барса "мага канча бересиң, менин үлүшүм канча, сен ишкана курат экенсиң, байыйт экенсиң, менин кызыкчылыгым эмнеде" деп отурганы ушундай болуп жатат. Президент "аймактарды өнүктүрүш керек" деп айтты. Бирок аны аткаруунун жолдорун айткан жок.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков жергиликтүү бийликке айтылган мындай дооматтарды четке какты:

"Инвестиция алып келем" дегендерге жолтоо болгондор жок. Кайрадан аларга шарт түзүүгө аракет кылып жатышат.

- 2018-жылга карата биздин эки айыл өкмөт дотациядан чыкты. Калган айылдарыбыз дагы эле мамлекеттин дотациясында турушат. Бюджети өзүнүн чыгымын жаппай жатат. Бардык эле жергиликтүү башкаруу органдары, аймактагы мекеме-уюмдардын жетекчилиги инвестиция тартууга, жумушчу орун түзүүгө умтулат. "Инвестиция алып келем" дегендерге жолтоо болгондор жок. Кайрадан аларга шарт түзүүгө аракет кылып жатышат. 2017-жылы 11 ишкана ачтык жана 178 туруктуу жумуш орду түзүлдү.

Үлүштүк гранттардын оош-кыйышы

Кыргыз өкмөтү аймактарды өнүктүрүү максатында бюджеттен дем берүүчү, тактап айтканда, үлүштүк гранттарды да берип келет. Мисалы 2017-жылга буга 500 миллион сом каралган. Жыйынтыгында баасы 370 миллион сомдон ашык 200дөн ашык долбоор каржыланган.

Бакыт Рыспаев өлкө жетекчилиги грант берүүдөгү коррупциялык айла-амалдардан арылышы керек деп эсептейт.

Коррупция, каражаттын текши бөлүштүрүлбөгөнү ушул Каржы министрлигинде жатат.

- Аймактарга каражатты калыс бөлүштүрүү максатында биринчи кезекте Каржы министрлигинин бюджет аралык башкармалыгын толугу менен кайра карап чыгыш керек. Себеби, дотацияда отурган айыл өкмөттөргө теңдештирүүчү гранттар берилет. Ошол гранттардын бардыгы калыс эмес бөлүштүрүлөрү айтылып эле келе жатат. Бул жерде бир формула бар. Аны Каржы министрлигинде иштегендердин көбү түшүнбөйт. Ошону түп-тамыры менен кайра карап чыгып, "кайсы айыл өкмөткө канча акча тиешелүү" деп акчаны калыс бөлүштүрүү зарыл. Азыр депутаттар "жергиликтүү бюджетке 11 эле пайыз бөлүнүп берилет, аны 20 кылыш керек" деп маселе көтөрүп жатышпайбы, бул туура. Мисалы, Каржы министрлигиндеги же тиешелүү адамдарга өкмөт өкүлдөрү же депутаттар чалып, өз айылдарына, региондоруна каражат бөлүштүрүп кеткени айтылып жүрөт. Андан тышкары, түрткү берүүчү гранттарды алуу сынактык негизде, аны утуп алуу кыйын. Анан министрликтен айыл, аймак башчыларына чыгып, "сага теңдештирүүчү грант боюнча сынактан утканга жардам беребиз, сен бизге кайра он пайызын бересиң" деген шарт коюшат. Каражаты жок, дотацияда отурган айыл өкмөт ошого барганга аргасыз. Анткени ал айыл аймагына бир нерсе жасашы керек. Эгер президент аймактарды өнүктүрүүнү тартипке келтирем деп чындап ниет кылса, анда бул тармакты түп-тамырынан бери карап чыгышы керек. Себеби коррупция, каражаттын текши бөлүштүрүлбөгөнү ушул Каржы министрлигинде жатат.

Каржы министрлигинин Дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мусаев "откат" тууралуу дооматтарды четке какты. Ал 2015-жылдан бери гранттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындык орноп калды деп билдирди:

- Мындай маалыматтар такталган эмес. Эгер болсо, иш козголуп, чара көрүлмөк. Негизи 2015-жылга чейин ушундай дооматтар айтылган да. Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы план, иш-чараларынын алкагында бул система толук өзгөртүлгөн. Ошондуктан артыкчылык райондорго берилип, автоматташтырылган система иштелип чыкты. Ал система быйыл ишке берилди. Мисалы, ал эки адамдын байланышына жол бербейт. Бизге баары порталга, электрондук форматта келет. Биз 2015-жылдан бери жаңы система менен иштеп жатабыз. Ыйгарым укуктарынын баарын региондорго бердик. Ошолор тандап жатпайбы, биз болсо жөн эле бекитип коебуз. Бул жерде эки комиссия бар. Биринчисин "тандоо комиссиясы" деп коет жана акимчиликтен, акимдин буйругу менен түзүлөт. Комиссиянын курамынын теңинен көбү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралышы керек. Комиссиянын жетекчиси адатта акимдин орун басары же аким өзү болуп жүрөт. Мэрияда болсо мэрдин орун басарлары дайындалат. Комиссия регионго эмне керек экенин карайт. Бизде баа берүү системасы менен долбоордун баасын чыгарат. Негизи ар бир районго, республикалык маанидеги шаарларга жыл сайын квота бөлүнөт. Маселен, бир районго 12-13 миллион сом берилсе, ага төрт-беш-долбоор жазылат. Андан сырткары, запаста үч долбоор болушу керек. Долбоорду августтан 31-декабрга чейин берүү керек. Бизде атайын портал бар, ошол аркылуу каттоодон өткөрүп, арыз берет. Жергиликтүү комиссия карап чыгып, чечимин Каржы министрлигине жөнөтөт. Бул жакта "бекитүү комиссиясы" деп коет, анын да теңинен көбү жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралат. Документтер толукпу же толук эмеспи, биздин бөлүм карап чыгып, аны бекитүү комиссиясына жөнөтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүш үчүн узак мөөнөттүү программаларды кабыл алууну тапшырды. Ал өкмөттүн жер-жерлердеги өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү жана демилгелүү болууга чакырды. Бирок депутаттар "өз көмөчүнө күл тарткан" көрүнүштөрдөн арылыш керек экенин ачык сөз кылыша элек.

Кыргызстанда жети облус, 40 район, 453 айыл өкмөтү бар. Анын 84,3 пайызы (338 айыл өкмөт) дотацияда отурат. 2017-жылы дотацияда отурган аймактарга былтыр 2 миллиардга жакын сом берилген. Быйыл да ушунча суммадагы акча каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG