Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Өкмөттүн 250 миллион сомдук "камкордугу"


Башкы прокуратуранын имараты
Башкы прокуратуранын имараты

Премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратурага бекитилген бюджетинен тышкары кошумча 250 миллион сом бөлүп берүү тууралуу өкмөттүн буйругуна кол койгону ачыкка чыкты.

Бюджет тартыш болуп турганда өкмөттүн Башкы прокуратурага мындай кам көрүшү Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Өкмөттүн аппараты болсо бул чечим мамлекет тарткан зыянды ордуна койгон акчанын 30 пайыздык өлчөмүн аны кармагандарга кайтарып берүүгө милдеттендирген мыйзам ченеминин негизинде кабыл алынганын билдирди.

Прокурорлорго көрүлгөн "камкордук"

Өкмөт башчы Сапар Исаков Башкы прокуратураны кошумча каржылоо тууралуу өкмөттүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы буйругуна кол койгон документтин көчүрмөсү Интернет булактарына тарады. Анда премьер-министр Финансы министрлигине бюджет тууралуу мыйзамды жетекчиликке алуу менен Башкы прокуратурага анын мурда бекитилген бюджеттик каражатынан тышкары, кошумча түрдө 250 миллион сом бөлүп берүүнү буюрган.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов өкмөт маселе чечүүдө бюджет тартыштыгын айтып, бирок прокуратурага келгенде берешен болуп чыкканына таң калды:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Прокуратура органдарынын бюджети ансыз деле жетиштүү. Кийинки жылдары алардын бюджети эки эсе көбөйтүлгөн. Сапар Исаков премьер-министр катары бюджеттик каражаттар тартыш болуп жатканда, Башкы прокуратурага бир эле буйругу менен 250 миллион сомду бөлүп бергени мыйзамга туураланганы менен моралдык жактан туура эмес. Мен мындай өкмөт башчы элдин камын ойлооруна ишенбейм. Өзү жетим балдарды же жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын кучактап сүрөттөргө түшүп, ошолорго 250 миң сом жетишпей жатканда прокуратурага ири өлчөмдө акча бөлүп бергени - бул чыккынчылык!

"Мыйзам бузулган эмес"

Өкмөт адатта мугалимдер жана дарыгерлер сыяктуу бюджеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө акча жетпей жатканын айтып келет. Бирок анын Башкы прокуратуранын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө кошумча акчаны каяктан тапканы Интернеттеги социалдык тармактарда курч талкууга түштү.

Анткен менен өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун айтымында, 250 миллион сом Башкы прокуратурага мыйзамдын талабына ылйаык бөлүнгөн. Чыңгыз Эсенгулов прокуратура органдары мамлекет тарткан зыян өндүрүлгөн учурда анын отуз пайызын өзүнө алууга укуктуу экенин айтты:

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

- Өкмөттүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415 буйругуна ылайык, 250 млн. сом өлчөмүндөгү сумма Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган. Буга катар эле, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген. Ал каражат прокуратура кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүүгө, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак жайларын курууга жана оңдоого, форма тигүүгө, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Башкы прокуратура "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коому менен "Brasfortlimited" компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде мыйзам бузуу болгонун аныктаган.

Анын натыйжасында 5 млрд. 416 млн. сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган. Бишкектин район аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен ордуна коюлган акчанын отуз пайызын же тагыраагы 1 млрд. 624 млн. сомду прокуратурага төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарган.

Жогорку Кеңештеги жоболоң

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев муну прокуратуранын түз аткарган милдетин колко кылганы катары кабыл алды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Эгерде Башкы прокуратура "Мегаком" боюнча ишти ийгиликтүү алып барып же башка бир кыңыр иштерди өз алдынча ачып чыгып, андагы көмүскө миллиондогон, миллиарддаган схемаларды таап чыгып, мамлекетке келтирилген олчойгон зыяндардын ордун толтурган болсо, анда туура түшүнөт элек. Ошондо алардын ишин эрдик катары баалап, ошол чоң акчадан отуз пайыз бөлүп берсек туура болмок. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатпайбы? Бул жерде "Мегакомдун" иши бир аз башкачараак да. Бул жерде саясий чечим болуп жатпайбы.

Мыйзам боюнча, бюджетке киргизилген ар бир кошумча-алымчалар же башка бир өзгөртүүлөр парламентке мыйзам долбоору катары киргизилип, ал маселе адатта добушка коюу менен чечилет.

Премьер-министр Сапар Исаковдун 250 миллион сомду Башкы прокуратураны кошумча каржылоого бөлүп берүү боюнча Финансы министрлигине жөнөткөн буйругунда аны парламенттин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашуу жагы көрсөтүлгөн. Бирок комитеттин айрым мүчөлөрү ал сунуш комитеттин кароосуна түшпөгөнүн айтышууда.

Анткен менен Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев өкмөттүн буйругу комитетте эле каралып, ага макулдук берилгенин белгиледи:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

- Бул маселе биз менен макулдашылган. Ал каражат Башкы прокуратуранын атайын эсебиндеги акчадан эле кайра өздөрүнө кайтарылып жатат. Анткени алар таап чыгып, аныктаган иштердин натыйжасында зыяндын орду толтурулуп жатпайбы. Бул жерде эч кандай маселе жок. Бул боюнча токтом чыгып, анан биз Жогорку Кеңеште аны карап, чечим чыгарып беребиз да.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кошумча каржылоо боюнча бул маселе палатанын жалпы жыйынына коюлбаганын айтып, андыктан ал иш териштирүүнү талап кылаарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG