Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Прокуратура тергөөчүлөрдүн ишин иликтейт


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл

Башкы прокуратура бардык күч кызматтарынын тергөөчүлөрү тарабынан убактылуу токтотулган кылмыш иштерин иликтейт. Бул үчүн Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлеринен турган атайын иликтөөчү топтор түзүлдү.

Башкы прокуратуранын бул чечимине улай эле, 20-февраль күнү Бишкек шаарынын прокурору милициянын тергөөчүлөрүн "ишке шалаакы мамиле кылышат" деп сындады. Укук коргоочулар менен адвокаттардын баамында, кылмыш ишинде шектүү катары тергелген кишини сот актаган учурлар арбын, бирок ал үчүн тергөөчүлөр жоопкерчилик алганы каттала элек.

Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилиги жок

Таластын тургуну Расул Адыракаев бир нече жыл мурда экстремизмге байланыштуу айыпталып, кармалган жана кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр аны Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси - экстремизм жана терроризм боюнча айыптап, ишин сотко жиберишкен. Бирок соттун биринчи баскычында эле Кара-Буура райондук соту Адыракаевди күнөөсүз деп таап, аны актаган чечим чыгарган.

Бул иште жактоочулук кылган адвокат Динара Медетованын "Азаттыкка" айтып бергени боюнча, Расул Адыракаев бир жылга жакын камакта жаткан:

Бир жылдай камакта жатып, акталды. Анын абакта жатып тарткан моралдык, материалдык зыянын ким толтурат?

- Бул жигит тергөө учурунда, андан кийин соттук териштирүү учурунда камакта отурду. Ошол убакта ден соолугунан ажырап, оорукчан болуп калды. Келинчеги ар кайсы калыбына келтирүүчү уюмдарга кайрылып, жолдошун дарылатып жүрдү. Бир жылдай камакта жатып, акталды. Анын абакта жатып тарткан моралдык, материалдык зыянын ким толтурат? Бул үчүн ким жооп берет? Тергөөчүлөр эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок.

Адвокаттын айтымында, тергөөчүлөр "кылмыш иши ачылды, тергелди" деп отчет үчүн иштеген учурлар көп кездешет, бул да алардын ишке ат үстүнөн мамиле кылышын шарттайт.

Мыйзамсыз иштери үчүн тергөөчүлөргө кылмыш иши козголот

19-февралда Башкы прокуратура ИИМдин, УКМКнын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан убактылуу токтотулган тергөө иштери кайрадан текшерилерин маалымдады.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иштер 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык жүргүзүлмөкчү. Чечимди ишке ашыруу тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда кол койгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Башкы прокуратуранын тапшырмасына караганда, мыйзамсыз козголгон, негизсиз создуктурулган жана убактылуу токтотулган кылмыш иштери боюнча тергөөчүлөрдүн жоопкерчилиги каралып, текшерүүнүн натыйжасында буга жол бергени үчүн кылмыш иши козголот.

Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтор УКМКнын жана Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын тергөөчүлөрүнүн ишин текшеришет.

Буга улай эле, 20-февралда Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев Бишкек ШИИБнын коллегиясында тергөөчүлөрдү "ишине шалаакы мамиле кылат" деп сындады. Ал өз сөзүндө "айрым тергөөчүлөр мурун тергелген ишти компьютерден таап чыгып, ошону эле аты-жөнүн же датасын өзгөртүп туруп, сотко жиберип жатышат" деп билдирди.

Абдибакыт Халмурзаев тергөөчүлөр шектүүнү кармап, бөгөт чарасын аныктап, айып тагып жатканда жаранга мыйзамсыз түрдө кылмыш ишин козгоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча беренени да унутпоого чакырды.

Жыйында Бишкек ШИИБнин жетекчилиги бардык тергөөчүлөргө прокуратура көрсөткөн кемчиликтерди жоюуну тапшырды. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдирди:

- 20-февралдагы жыйынга милиция, прокуратура кызматкерлеринен тышкары сот системасынын өкүлдөрү да катышты. Жыйынтыгында прокуратура тергөөчүлөргө, милиция кызматкерлеринин дарегине айтылган сындарды эске алып, мүчүлүштүктү жоюуну тапшырды. Тергөө системасынын ишин жакшыртуу боюнча райондук ички иштер башкармалыктарынын башчыларына жана тергөө бөлүмдөрүнүн жетекчилерине да милдеттенмелер тагылды.

Тергөөнү сындаган прокуратура өзү алсыз

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча прокуратура органдары эки милдетти аткарат: биринчиден, алар мыйзамдын сакталышын көзөмөл кылууга тийиш, экинчиден, ошол эле прокурор сотко келип, айыптоочу тараптын ролун аткарат. Укук коргоочулар муну мыйзамдын чийкилиги катары баалап жүрүшөт. Алардын пикири боюнча сотто мамлекеттик айыптоочунун ишин аткарып жаткан прокурор адам укуктарын сактай албайт.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" айткан пикири боюнча, прокуратурага мыйзамдардын сакталышына көзөмөл кылуу милдетин калтырып, прокурорлорду сотко да ушул вазийпасын аткарыш үчүн гана катышууга милдеттендириш керек:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Адам укуктары жакшы сакталган, өнүккөн өлкөлөрдө соттук териштирүүгө прокуратура өкүлү айыптоочу эмес, көзөмөлдөөчү катары катышат. Ал эми айыптоо тергөөнүн мойнунда, сотто тергөөчү менен адвокат бири-бирине оппонент болот. Тергөөчү кишиге тагылган айып тууралуу тергөөдө аныктаган корутундуларын ошол сотто айтып берет. Бизде тескерисинче, прокурор тергөөгө катышпайт. Ал колуна тергөөчү берген кагаздан гана тергөөнүн жүрүшү менен таанышып коет. Тараптар менен өзү жолугушпайт, алардын жүйөлөрүн укпайт. Ал кагазда таанышкан боюнча гана сотко барат. Ошондуктан, эгер сотто адвокат, күбөлөр же соттолуучу башка жагдайларды алып чыкса же мойнуна албай, тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн баш тартса, андай учурда прокурор алсыз. Себеби ал тергөөгө такыр катышкан эмес, иликтөө иштерин жүргүзгөн эмес. Колундагы тергөө материалдары кайдан, кантип чогулганы, табылганы тууралуу суроолорго жооп бере албайт. Айласыздан, ал мамлекеттик айыптоочу катары тергөөдө мыйзам бузуу болгону, коюлган айыпка далилдер жетишсиз экени кашкайып көрүнүп турса да, жазалоо өкүмүн сурагандан башка аргасы жок. Ошондуктан, укук коргоо: сот, милиция жана прокуратура органдарын чогуу реформалоо зарылчылыгы бар.

Ал эми адвокат Динара Медетова тергөөдөгү шалаакылык, иштин чала тергелип, сотко жиберилиши үчүн милициянын ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрдү бир жактуу күнөөлөө негизсиз деп эсептейт. Анын сөзү боюнча, бул жараянда прокуратуранын да жоопкерчилиги бар:

Эгер тергөөчү кылмыш ишин мыйзамсыз тергеп жаткан болсо, прокурор аны сотко ашырбай коюуга укуктуу. Ошондуктан прокурор тергөөчүнү сындашы үчүн негиз жок.

- Иштеп жаткан адвокат катары айтар элем: кылмыш иши козголгондон кийин, тергөөчү аны бекитүүнү прокурорго берет. Прокурор кылмыш ишинин козголушун бекитет. Тергелип бүткөн кылмыш иши да прокурорго таанышууга берилет. Ал беш сутка ичинде тергелген иш менен таанышып, анын мыйзамдуулугун, далилин карап чыгышы керек. Эгер тергөөчү кылмыш ишин мыйзамсыз тергеп жаткан болсо, прокурор аны сотко ашырбай коюуга укуктуу. Ошондуктан прокурор тергөөчүнү айыптап, сындашы үчүн негиз жок. Мен ишенимдүү айта алам, тергелген иштердин 60% мыйзамсыз. Менин иш тажрыйбамда эле тергелген иштин үстүнөн прокуратурага кайрылган учурларым аз эмес. Мындай учурлар дээрлик ар бир адвокатта бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер, парламенттин регламенти боюнча комитетитин мүчөсү Кенжебек Бокоев буларга тотколду:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү керек. Кээде иликтөө иштери тергөө мөөнөтүнөн өтсө да улана берет. Былтыр 245 адам, андан мурунку жылдары 300дөй адам сотто акталган. Бирок бир тергөөчү же ошону көзөмөлдөгөн прокурор камалган эмес. Кылмыш ишинин материалдарында фактылар жетишпесе иш козгой берген учурлар бар. Андан тышкары, "сени камайм" деген коркутуулардын негизинде акча өндүрүүнү каалашат. Анан кылмыш ишин ачышат. Мунун тамыры коррупцияга барып такалат. Ошондуктан, кылмышкер деп шектелген адам сотто акталса, ага кылмыш ишин козгогон тергөөчүнү жоопко тартыш керек, "мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо" деген берене бар. Бул тергөөчүлөрдүн гана эмес, Башкы прокуратуранын да кемчилиги.

13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков "укук коргоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүүчү чаралар" тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

Президенттин бул демилгесин колдоого алып, "укук коргоо системасын тазалоого багытталган күрөш натыйжалуу болот" деген пикирлер менен катар эле, "бир нече президенттин учурунан бери эле орчундуу маселе катары көтөрүлүп, айтылып келген сөз ишке ашпай, кагазда кала берет" деген жүйөлөр да айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG