Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Ибраев: Прокуратуранын аброюн саясатчылар түшүрдү


Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев прокуратурага ишенимдин жоголушуна саясатчыларды күнөөлөдү.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына көрсөтүлгөн Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кызматка сунушталган Жамшитов ишмердигинде эмнеге көңүл бурушу керектиги, прокуратура тармагындагы абал тууралуу маек берди.

“Азаттык”: Президент эмне үчүн башкы прокурорлукка Жамшитовду тандады деген суроо азыр көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жатканы байкалат. Сиз кандай ойлойсуз?

Ибраев: Президент андан башка кишинин талапкерлигин көрсөтсө деле ушундай суроо туулмак. Башкы прокурорлукка ушул системада иштеген адам келсе жакшы болмок деп жүрбөйбүзбү. Жамшитов сырттагыларга караганда, ушул тармакта жүргөн адис болуп жатпайбы. Ошол себептен президент деле системаны түшүнөт, жакшы иштейт деп ойлосо керек. Биз, прокуратура тармагында иштегендер деле ушундай ойдобуз.

“Азаттык”: Өткүрбек Жамшитов 25-апрелде парламентте сүйлөп жатып, ишин прокуратура тармагын тазалоодон баштарын айтты. Анын алдында дагы кандай маанилүү милдеттер турат?

Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов

Ибраев: Ал эң туура жооп берди. Себеби, кадр саясаты жакшы эмес. Бул көйгөй бардык тармактарда бар. Прокуратурага ар жактан адистер келип калбадыбы. Иштин көзүн билген, мыкты кызматкерлер ар түрдүү буйруктарды аткаруудан баш тартып, кетип калышкан. Алардын ордуна буйрук аткара тургандар келишти.

Депутаттар токтотулган кылмыш иштерди жандантуу маселесин да көтөрүп жатышат. Бирок бардык иштер туура эмес токтотулду деп түшүнбөш керек. Туура эмес козголгон кылмыш иштер чечим кабыл алынбай туруп токтотулган учурлар да бар. Дал ошол туура эмес кылмыш иштерди козгогон прокурорлорду тазалап, анан башка тармактарга өтүш керек.

“Азаттык”: Башка тармактар кайсылар?

Ибраев: Баягы эле айтылып жүргөн саясатчылардын иштери бар. Саясатчылар ушундай кырдаалга кабылып жатса, жөнөкөй жарандар арасында ар кандай жазага тартылгандар деле бир топ болсо керек. Ошонун баарын анализдеп чыгуу зарыл. Прокуратуранын негизги милдети – адам укугун коргоо.

“Азаттык”: “Прокуратурага элдин ишеними жоголду” деген пикирлерге сиз да кошуласызбы? Аны кантип калыбына келтирүү керек?

Саясатта туруктуулук болсо, саясатчылар буйрук берип, укук коргоо органдарынын колу менен бири-бирин түрмөгө тыкпаса, мындай деңгээлге түшпөйт элек.

Ибраев: Прокуратура тармагы жаман болгону үчүн элдин ишениминен кетти деген туура эмес.

Бул мекеме эмне үчүн мындай абалга туш келди? Анткени, кесипкөй эмес кишилерди ошол эле Жогорку Кеңеш, ошол эле чоң-чоң саясатчылар ар кайсыл жактан алып келип отуруп, аягында ушундай абал жаралды.

Буга прокуратура күнөөлүү эмес. Баарын башкалар жасап, анан прокуратураны сындай берген болбойт. Ошол эле сот системасын, Улуттук коопсуздук кызматын карагылачы. Саясатта туруктуулук болсо, саясатчылар буйрук берип, укук коргоо органдарынын колу менен бири-бирин түрмөгө тыкпаса, мындай деңгээлге түшпөйт элек.

“Азаттык”: Демек, Жамшитов эмнеге маани бериши кажет?

Ибраев: Мыйзамдуулукка эле көңүл буруп, мыйзам чегинде иштесе, баары оңолот. Бардык тармакта жылыш болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG