Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 19:13

Коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовду сүрөдү


Башкы прокуратуранын имараты.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды.

Бул кызматка анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков көрсөттү. Буга чейинки башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин сунушу менен иштен кеткен. Жаңы башкы прокурорду шайлоо бул тармактагы коррупцияга байланыштуу доомат күчөп турган маалга туш келди.

Жогорку Кеңеште 24-апрелде башкаруучу коалициянын жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлукка көрсөткөн сунуштамасын президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев окуп берди. Анда Жамшитов "жетекчилик сапаттарга ээ, бир катар сыйлыктардын ээси" экени айтылат:

- Өткүрбек Жамшитов юстициянын 1-класстагы кеңешчиси. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы жана прокуратура органдарында үзүрлүү, кынтыксыз өтөгөн кызматы үчүн бир канча жолу мекеменин жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Ээлеген кызматтарында өзүн квалификациялуу, сапаттуу жетекчи катары көрсөтө алды. Прокуратура органдарына зарыл болгон кесиптик жана моралдык сапаттары бар. Өткүрбек Жамшитов жетекчилик сапаттарга ээ жана аны өз ишинде натыйжалуу колдоно алат деп эсептейм.

Талкууда прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу суроо көп берилди, сунуш-талап көп айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков аны ишти өз тармагындагы коррупцияга каршы күрөштөн баштоого чакырды:

- Элде "Башкы прокуратуранын башкармалыктарында паранын өлчөмү 100 миң доллардан 200 миң долларга чейин жетет" деген пикир жаралды. Арпачиев 100 миң, Чалбаев 200 миң доллар пара менен кармалдыбы? Ал Карганбек Самаковдун ишин бүтүрүш үчүн 510 миң доллар алган, анын 300 миңи кимдин эсебинде экенин эл айтып жатат. Кимге бериш үчүн алганын сиз жакшы билесиз. Сиз ишти ошол жактан баштаңыз, ошондо эл сиздин кадамыңызга ишенет. Тилекке каршы, прокуратура коррупциянын очогунда отурбайбы. Урматтуу кесиптештер, азыртан эле бата берип жатпайсыңарбы. Бул эртең эле келет, "эки-үч депутатты камайм, уруксат бергиле" деп. Анан ийгилигиңер чийкилик болуп отурасыңар. Жаңы келгенде жакшылап жарга такасаңар, кийин өзүңөргө эле жеңилирээк болот.

Депутаттар Өткүрбек Жамшитовго "прокуратура органдарына түшкөн арыз-даттануулардан майнап чыкпайт" деп айтышты, козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү сотко жетпей калган көрүнүштү эске салышты. "Прокурорлор өтө кымбат унаа минип жүргөнү коррупциядан ачык кабар берет" деп нааразы болгон депутаттар да болду.

Өткүрбек Жамшитов болсо аларга эми иш жаңыча жүрөт деп убада берди:

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Буюрса сиздер колдоп берсеңиздер, 10-15 күн ичинде координациялык кеңешме өткөрөбүз. Президент койгон талаптардын аткарылышын, ошондой эле мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды иликтеп, алдын алуу боюнча тийиштүү органдар, эксперттик топ менен ишти жандандырабыз. Кылмыш иштерин аягына чыгарабыз. Президентибиз арыз-даттануулар боюнча сын айтып, терең басым кылды. Бул багытта ишти жаңыртып, башка темп менен карап чыгабыз.

Натыйжада коалициялык көпчүлүк башкы прокурордун кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов аны колдогон себебин "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Биз талапкердин басып өткөн жолун карадык. Ал 21 жыл ичинде прокурордун жардамчысынан бир облустун прокуроруна чейин жетиптир. Бул системада 21 жыл иштептир. Ушул жагы эске алынды. Экинчи жактан "ал тазараак" деген ойго көбүрөөк кошулдук. Бизде "тазараак, жашыраак" деген үмүт болуп жатат. Азыр партия-партия, топ-топ болуп бөлүнүп калбадыбы, ал эч бир топто жок экени бизди ынандырды.

Юстициянын полковниги, 43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Прокуратура органдарына 1997-жылы келген жана 2011-жылга чейин Талас, Ош жана Баткенде шаардык, райондук, облустук прокуратурада прокурордун жардамчысы, тергөөчү, прокурордун орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. 2011-2015-жылдары Баткен облусунда Лейлек районунун прокурору болгон. 2015-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламент баш прокурор кызматына сунушталган адамга кыска убакыт ичинде эле макулдук бергенин сынга алды:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Парламент ушундай органдарга аябай нааразы болгондон кийин тез арада, жарым саатта, бир-эки суроону берип коюп эле бекиткени туура эмес. Ушунчалык нааразылык жараткан органдын башчысына талапкерлерди тимеле лупа менен карагандай кылып мурдагы тажрыйбаларын, чыгарган чечимдерин карап, караган кылмыш иштеринин баарына көз салып, анан чечим кабыл алса жакшы болот эле. Ал ким, кандай адам - баары каралышы керек эле. Анан "тазалайсыңбы, жакшы иштейсиңби" деген суроолорго "албетте тазалайм" деп жооп берет да. "Жаман иштейм" деп жооп бермек беле? Көнүмүш суроолорго көнүмүш эле жоопторду берип жатат. Эми "ал кантип иштейт экен" деп баарыбыз күтүп отурушубуз керек. Эгер иштей албаса анда дагы реформа жасай албай дагы бир канча жыл жоготобуз.

Баш прокурорлор саясий партиялардын таасири менен коюла баштады. Мына ушунун кесепетинен чоң-чоң суммадагы пара менен колго түшүп өздөрү уят болуп жатат.
Азимбек Бекназаров

Мурдагы башкы прокурор, саясатчы Азимбек Бекназаров прокуратура органдарындагы кадр маселесине токтолду:

- Соңку үч прокурор сырттан келген адамдар болду. Мен 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаевага "көзөмөлдөөчү орган НПОго айланып бара жатат" деп айткам. Кадр маселелери туура эмес чечилип калды. Андан кийин башкы прокурорлор саясий партиялардын таасири менен коюла баштады. Алардын кесипкөйлүк сапатына карабай эле, кайсы бир партиянын, бийликтеги, президенттин айланасындагы адамдардын жакындары келе баштады. Мына ушунун кесепетинен чоң-чоң суммадагы пара менен колго түшүп өздөрү уят болуп жатат. Президент деле аларга "өзүңөрдүн дайыныңарды таппай калдыңар" деп баа берип жатпайбы.

Ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратураны "коррупция менен натыйжалуу күрөшпөй калды, мыйзамсыз жана негизсиз текшерүү көп" деп сынга алган.

2016-жылы Башкы прокуратура тогуз миңге жакын текшерүү жүргүзгөнү менен анын сегиз пайызы боюнча гана кылмыш иши козголгон. Анын теңи эле сотко жеткен. Жалпы текшерүүлөрдүн 1,5 пайызында гана айыптоочу өкүм чыккан, сегиз факт боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG