Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

Өкмөт менен тирешкен Зулушевдин дымагы


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

Кыргызстанда Индира Жолдубаеванын ордуна башкы прокурор болчулардын арасында Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, экс-судья Курманкул Зулушевдин аты көбүрөөк атала баштады.

Ал азыркы премьер-министр Сапар Исаковду жана анын өкмөтүн ачык, катуу сындаган саналуу депутаттардын бири. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди "соттордун атын булгаган", артында Сапар Исаковго "катуу таарынган" кайсы бир адамдар турат деп күнөөлөгөн.

Курманкул Зулушев коомчулукка 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы жайында ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун ишин карап, оор беренелер боюнча актаган өкүм чыгарган. Мындан көп өтпөй эле алар куугунтук, коркутуу башталганын айтып чыккан.

Кийинчерээк Соттор кеңеши ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге "судьялар Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев депутаттардын ишин карап жатканда мыйзам бузууга жол берген" деген бүтүм чыгарган жана аларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунушту ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн. Атамбаев эки судьяны тең иштен алган.

Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев экөө тең 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмесине кирген. Алар тизмеге партиянын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин квотасы менен кошулган.

Анткен менен Зулушев "жетиштүү добуш алган эмес" деп "Республика - Ата Журт" партиясы тизмеден чыгарган алты талапкердин бири болгон. БШК аларды тизмеден чыгаруу жөнүндө сунушту колдогон. Талапкерлер Жогорку сотко чейин арызданып, бул чечимди жокко чыгартышкан.

Парламентте Курманкул Зулушев башында көп сүйлөбөгөн депутаттардын бири болчу. Кийинки учурда ал айрыкча премьер-министр Сапар Исаковду, анын өкмөтүн катуу сындап, иштен кетишин ачык талап кылган эл өкүлүнө айланды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 29-мартта КСДПнын отурумунан кийинки басма сөз жыйынында Курманкул Зулушевдин азыркы өкмөттү, премьер-министр Сапар Исаковду айыптаганын кескин сынга алган. Анын артында премьер-министр Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошоткон, элде "Райым миллион" деген лакап ат менен таанылган Райымбек Матраимов өңдүү адамдар турат деген оюн билдирген.

- Кайдагы бир Курманкул Зулушевди судьялардын атын булгаганы үчүн соттон айдап чыгышкан. Ошол адам ушундай нерселерди айтып кыйкырып чыгып жатат. Мен анын артында ким турганын, ким шыкактап жатканын көрүп турам. Албетте, Сапар Жумакадырович аларды катуу таарынтты. Ал Матраимовду, "Райым миллионду" кызматтан алды. Премьер-министр - чынчыл адам. Ал көп жаңылат. Ишти акыр-аягына чейин, толук ойлонуп бүтө электе эле баштап жиберет. Мунун ачык үлгүсү - "Коопсуз шаар" долбоору. Бирок бул долбоор апрель айында чындап ишке аша баштаарын билем. Ал жаңылып-жазат. Бирок ага убакыт бериш керек.

Курманкул Зулушев Алмазбек Атамбаевдин өзү тууралуу айткандарына байланыштуу 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында атайын билдирүү жасады. Ал үч депутатты актаган өкүмү мыйзамдуу болгонун дагы бир жолу белгиледи жана Атамбаевди "экс-президент" деген наамга татыктуу болууга чакырды:

- Мен ошол соттолгон депутаттын иши боюнча коркпостон, акыйкат өкүм чыгарганыма бүгүн да сыймыктанам. Биз чыгарган ал өкүм эртеби-кечпи өз баасын алып, Соттор кеңешинин бизди мыйзамсыз иштен алуу тууралуу сунушу кайра калыс каралаарына толук ишенем. Мен Алмазбек Атамбаев ойлогондой эч качан, эч кимдин буйругун аткарган эмесмин. Мындан ары да аткарбайм. Алмазбек Шаршенович, алты жыл элди койго, малга теңеп, энелерди ОБОНчу атап, саясий көз карашы сиздин көз карашыңызга дал келбеген саясатчыларды душман көрүп, шылдыңдап кемсинтип келдиңиз. Жетишет! Эми экс-президент деген наамды сыйлап, ага татыктуу болуңуз. Мен бүгүн сиз айткандай, "соттордун наамына шек келтирген кайдагы бир Зулушев" эмесмин. Сиздин мени тизмеден чыгаруу аракетиңизге карабай, эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутатымын. 2015-жылы эч каражат коротпой, өз округумдан КСДПдан алда канча көп добуш алып, депутат болуп шайланып келдим.

Атамбаев: "Райым миллионду" кызматтан алууну сурангам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

Трибунада кайым айтышуу

Курманкул Зулушев өкмөттү Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча кескин сындаган. Ал "өкмөт саясий, каржылык жана кадрдык жактан банкрот болду" деп билдирген. Ал өкмөт иштен кетиши керек деп эсептейт:

- Биз бүгүнкү өкмөттүн туура эмес иштеп жатканын факты менен далилдеп, көзүнө көрсөтүп жатабыз. Мыйзамдуу жолдор менен азыркы өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Бул менин жеке оюм, фракциядагылар бир чечимге келе элекпиз. Менимче өкмөттү кызматтан кетирип, чарбаны түшүнгөн, экономиканы жакшы талдай билген, саясий эрки бар, ишке жөндөмдүү өкмөттү курашыбыз керек. Азыркы өкмөт портфель бөлүштүрүү менен алек. Тажрыйбасы жок жаш, билим деңгээли туура келбеген министрлерди коюп алып, "Кырк кадам" деген программалары ишке ашпай, инвестициялык аброюбузга доо кеткен бир канча фактылар бар. Элдин, мамлекеттин тагдыры оюнчук эмес. Эксперимент кылбашыбыз керек, биз жөндөмдүү өкмөт курашыбыз керек. Чабал өкмөт башчыны алмаштырышыбыз керек.

Бийлик кимге ооп жатса баары ошол жакка оогон - бул Азия өлкөлөрүнө тиешелүү менталитет. Муну атайлап уюштуруп деле кереги жок, өздөрү эле уюша калышат. Зулушевдин деле жагдайы ушул. Азыр ал жандуу позицияда болсо анда прокурорлукка мүмкүн анын талапкерлиги өтүп кетет.
Марс Сариев

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт 11-апрелде КСДП фракцясында отчет берип жатканда депутат Мурадил Мадеминов Курманкул Зулушевдин атын атабаганы менен анын өкмөттү сындап жатканын айыптаган:

- Палатада оппозициялык фракциянын депутаттары "өкмөт банкрот" деп чабуул коюп жатат. Биз болсо унчукпай отурабыз. Эмне үчүн унчукпай отурасыздар? Эмне үчүн ошол оппозициялык сөздөрдү айткан башка фракциянын депутаттарынын жетегинде кетип жатабыз? Эмне үчүн өзүбүздүн жакшы тарабыбызды чыгара албайбыз? Эмне үчүн өзүбүз кураган өкмөттү сактай албайбыз? Мына жаш өкмөт башчы келди. Бажы тармагы биринчи жолу профицит менен кетип жатат. Эмне үчүн биз аны коргоп кала албайбыз? Мына бүгүн ал (Курманкул Зулушев - ред.) чыгып алып он мүнөт сурап, Алмазбек Шаршеновичтен тартып өкмөт башчыга чейин чабуул коюп жатышат.

"Бийликке илинүү аракети"

Талдоочу Бакыт Бакетаев Курманкул Зулушевдин жагдайын, ага байланыштуу парламенттеги мурунку жана азыркы президенттин тарапташтары кайым айтышканын саясаттагы кадыресе көрүнүш катары баалады:

- Президенттер алмашпадыбы. Ар кандай күчтөр бар. Нааразы да, ыраазы да болгондор бар. Жаңы күчтөр, топтор, тайпалар бар. Булар эми өздөрүнүн жаңы позициясын белгилеши керек. Кээ бирөөлөр жаңы президенттин укугун пайдаланып, мурунку президенттен өч алганга аракет кылышат. "Жаңы реформа баштайбыз" дегендер да бар. Баары чогулуп, биздин казаныбыз эми бир жылдай "кайнайт". Ушундай "өктөм" депутаттар да чыгат. Мен Зулушевди билем. Юрист, сот болуп жүргөн. Аны менен жакшы, көп баарлашкан жокмун. Ал юриспруденцияны жакшы билгендердин арасына кирет. Анан кандайдыр саясий боёктор болот, бул боло турган нерсе.

Эксперт Марс Сариев Курманкул Зулушев саясатка келген жагдайды Азимбек Бекназаров менен салыштырды. Бийлик кимде болсо ага оогон күчтөрдү бийликтин табияты менен байланыштырды.

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Азыр бийликте Сооронбай Жээнбеков турат. Анан ал тарапка баары эле бир заматта жабыла ооп жатышпайбы. Мисалы, Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кылып депутаттардын баары эле койбоду беле? Үч жылда бир да кемчилигин айтышкан эмес. Бийлик кимге ооп жатса баары ошол жакка оогон - бул Азия өлкөлөрүнө тиешелүү менталитет. Муну атайлап уюштуруп деле кереги жок, өздөрү эле уюша калышат. Зулушевдин деле жагдайы ушул. Азыр ал жандуу позицияда болсо анда прокурорлукка мүмкүн анын талапкерлиги өтүп кетет. Менимче бул жерде атайын уюштурулган деле эч нерсе жок. Ал бийликке илинейин деп ушундай жигердүү позиция менен чыгып жатат. Азыр байкасаңар аябай көп саясатчылар берки жакка ооп, аракет кылып жатышат.

"Жакшы санаалаш, дасыккан юрист"

Курманкул Зулушев 48 жашта, Ош облусунун Өзгөн районунан болот. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген.

Андан кийин Зулушев прокуратурадан сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдөгү Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.

Жогорку Кеңештин ички ишин жакшы билгендер Курманкул Зулушев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков менен президенттин кан кудасы, фракциялашы Алиярбек Абжалиев менен өтө жакын, санаалаш-пикирлеш экенин айтып жүрүшөт. Мыйзамдарды жакшы билээрин, кагаз, документ менен иштеп дасыккан юрист экенин белгилешет.

Өткөн жумаларда "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашкан. Мындай саясий жүрүштү уюштургандардын катарында Курманкул Зулушевдин да аты аталган. Муну парламенттеги азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун колдогон күчтөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын "жеңгени" деп баа бергендер да чыккан.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунуштамасы менен башкы прокурорду дайындоого, аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет. Мында башкы прокурорду иштен бошотууга депутаттардын теңинен көбү макул болушу керек.

Эгер башкы прокурорду иштен бошотуу тууралуу Жогорку Кеңеште демилге көтөрүлсө, анда аны жалпы депутаттардын үчтөн бири колдошу керек жана бул демилге үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси добуш бериши зарыл.

"Азаттыктын" архиви: Парламент башкы прокурорду кызматтан кетирди

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG