Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Мурдагы депутаттарды актоого буйрук болгонбу?


Сот залында, 25-январь, 2013-жыл
Сот залында, 25-январь, 2013-жыл

Камчыбек Ташиев баш болгон “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаттарын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясынын жоопкерчилиги соттук кеңеште карала баштады.

Кеңештин бул боюнча биринчи жыйынында экс-депутаттардын ишин экинчи инстанцияда караган судьялар бири-биринин айыбын ачышты. Актоо чечимин чыгарган эки судья ишти карап жаткан учурда шаардык соттун төрагасы тарабынан мажбурлоо аракети болгонун билдиришти.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын ошол кездеги үч депутатын актаган Бишкек шаардык соттун эки судьясынын жоопкерчилиги соттордун кеңешинде карала баштады.

Кеңештин биринчи жыйынында мурдагы депутаттар менен жан сакчыларына карата актоо чечимин чыгарган судьялар Курманкул Зулушев жана Медер Сатиев сүйлөдү. Актоо чечими 17-июнда чыккан. Судьялар ошол күнү соттук териштирүүнү 24-июнга жылдырып, кеңешүүдөн кийин кайра ошол күнү улантып өкүм чыгаргандыктан “чечимин мыйзамсыз өзгөрттү” деп Жогорку Сот алардын жоопкерчилигин кароону өкүм кылган.

Судья Курманкул Зулушев сотту жылдырууну жетекчилик буюрганын айтты.

- Шаардык соттун төрагасы тыныгуу учурунда да соттук териштирүүнү 24-июнга жылдырасыңар деди. Анткени президент ошол күнү келет деп ага буйрук түшүп жатканын айтты. Бул киши мажбурлаган үчүн биз сотту ошол күнгө жылдырдык. Бирок биз кирип кеткенден кийин залда ызы-чуу башталды. Биз чатакка жол бербейли деп буйрукка карабай ишти улантып, ошол күнү чечим чыгардык.

Медер Сатиев
Медер Сатиев
Ушундай эле актоо чечимин чыгарган шаардык соттун коллегиясынын мүчөсү Медер Сатиев буларга токтолду:

- Бизди мажбурлоо аракети дайыма болуп турду. Бишкек шаардык сотунун төрагасы Айдарбек Осмонов мына өзү отурат. “Бул күнгө койгула, ал күнгө койгула, Феруза Зулумбековна менен сүйлөштүм, ал ушинтип жатат” деди бизге. Биз сотту жылдырып, кайра ошол күнү улантып койгонубуз менен чоң бир чечимди өзгөртүп жибердик деп ойлобойм.

Ушул коллегиянын үчүнчү мүчөсү, экс-депутаттарды актоого каршылыгын билдирген судья Сания Бранчаева да 17-июнда соттук териштирүү жылдырылгандан кийин залга жана коридорго толгон элден улам сыртка чыга алышпаганын, акырында сотту улантууга туура келгенин билдирди. Бранчаева соттук кеңештин алдында өзүнөн мурда сүйлөгөн кесиптештеринин билдирүүлөрүн жалган деп, аларга басым болбогонун айтты.

- Менин кесиптештерим айткан буйрук берүү, басым болгон эмес. Үчөөбүз түштөнүүгө барган учурда соттук иш 24үнө жылдырылып жатканын уктум. Аны мага Зулушев айтты. Бирок төрага же башка бирөөлөр тараптан телефон чалуулар, “жылдыр” деген көрсөтмөлөр болгон эмес. Аны мен азыр биринчи угуп жатам.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев
Кыскасы, соттук коллегияда бир ишти алып барган судьялар бири-биринин сөздөрүн улам жокко чыгарып жатышты. Эсиңиздерде болсо, судья Сания Бранчаева ишти карап жатканда эки судьянын чечимдерине макул болбой, эки жолу өзгөчө пикир келтирип ишке тиркегени айтылган. Өзгөчө пикирдин бири - экс-депутаттарды актоого каршылык болчу. Судья Курманкул Зулушев соттук кеңештин жыйынында Бранчаева учурунда өзгөчө пикир келтирбегенин ачыкка чыгарды.

- Биз Бранчаева өзүн сактап калсын деп ушинтип макулдашканбыз. Буга чейин массалык маалымат каражаттарына, баарына ал өзгөчө пикир келтиргенин айтып келгенбиз. Анткени аял катары аны коргоп калууга сөз бергенбиз. Азыр “басым болгон эмес” дегени коркоктук болуп жатат. Ошондуктан өзгөчө пикир келтирбегенин айтууга мажбурмун.

“Судьялардын жоопкерчилиги каралсын” деген өкүм чыгарган Жогорку Соттун коллегиясынын төрагасы Жакып Абдырахманов да бул жыйынга катышты. Ал судьялар сотту жылдыруу тууралуу чечим кабыл алып, өз чечимин кайра каалаган учурда өзгөртө албасын, бул туура эмес экенин билдирди.

Ал эми шаардык соттун төрагасы Айдарбек Осмонов “Азаттыкка” эки судьянын айткандары карандай жалган экенин, эч кимге басым жасалбаганын айтты.

Бардык тарапты уккан соң соттордун кеңеши жыйынтыкты кийинки жыйындарда чыгармай болду. 14 кишиден турган соттордун кеңешинин судьялар тууралуу чечимин президент карайт. Соттордун кеңеши сот системасында өзүн өзү башкаруу органы болуп эсептелет. Талкууга жатпайт деп эсептелген соттук чечимдин кайсы бир орган тарабынан талкууланышы да башка маселе катары коомдо ар кандай пикирлерди жаратууда.

Биринчи Май райондук соту жазда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Ташиевдин үч жан сакчысын кескен. Бишкек шаардык соту июнда аларды кайра актаган. Прокуратуранын көзөмөл сунушунун негизинде Жогорку Сот айыпталуучуларды кайра жоопко тартып, алар депутаттык мандатынан ажыратылган. Судьялардын жоопкерчилигин кароо өкүмү кошо чыккан. Экс-депутаттар өткөн жылкы митингден кийин “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармалган.

XS
SM
MD
LG