Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Партия ичине жик салган мандат күйүтү


"Республика Ата-Журттун" шайлоо алдындагы жарнагы. 13-сентябрь, 2015-жыл
"Республика Ата-Журттун" шайлоо алдындагы жарнагы. 13-сентябрь, 2015-жыл

Соңку эки күндө Жогорку Сот “Республика Ата-Журт” партиясынан алты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясы менен Биринчи май райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарды.

"Республика-Ата-Журт" партиясы Жогорку Сот чечими айрым талапкерлеринин мандат алышына кепил боло албайт деп жатат. БШК болсо талапкерлердин айланасындагы соттошуулардан улам 4-октябрдагы шайлоодо жеңген партияларга мандат тапшыруу иш-чарасын келерки аптага жылдырды.

Жогорку Сот “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган талапкерлер Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев, Рада Туманбаева жана Аскат Молдобаевдин арызын 23-октябрда карады. Сотко мөөнөтүнөн кеч кайрылганына байланыштуу Молдобаевдин арызы канаттандырылган жок. Калган үч талапкер боюнча аларды тизмеден чыгарып, депутаттык мандат алуу укугунан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Биринчи май райондук сотунун чечими жокко чыгарылды.

Буга чейин аталган партиянын сегиз талапкери Боршойкомдун чечимин жокко чыгарууну талап кылып Жогорку Сотко кайрылган. Алардын ичинен Аида Исмаилова, Алиярбек Абжалиев жана Закир Шараповдун арыздары 22-октябрда каралып, сот талапкерлердин пайдасына чечип берген. Жогорку Соттун чечимине ылайык, эми Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кайра карап чыгышы керек.

Ушул эле күнү Жогорку Сот “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын тизмеден чыгарылган талапкери Нургазы Айдаровдун арызын да канааттандырды. Соттук териштирүүлөрдөн улам БШК жаңы шайланган партияларга мандат тапшырууну кийинки жумага калтырды. Бул тууралуу БШК мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди:

- Соттун чечимин азырынча ала элекпиз. Чечимди алгандан кийин анан карап чыгабыз. Эми биз талапкерлердин арызын эмес, соттун чечимин карайбыз да. Сот бүтмөйүнчө эч кандай кадам жасай албайбыз.

Жыргалбек Саматов
Жыргалбек Саматов

Соттошуп жаткан талапкердин бири Жыргалбек Саматов өзү тизмесинде турган партиянын аракеттерин минтип мүнөздөдү:

- Жок жерден жалаа жаап, ант берген 180 адамдын ичинен добуш алгандардын видеосун көрсөтүп, ошону менен манипуляция кылып, өзүнүн тууган-уруктарын алып келип алам дебедиби. Эми мыйзам боюнча Жогорку Соттун чечими аткарылышы керек. Маселе аябай көп болуп атат. 500-1000 добуш албагандар да өтүп, бул жерде акыйкатсыз болуп жаткан. Биздин чоңубуз бардык нерсени бизнеске айлантып, соода кылганга үйрөнүп калган экен. Биз билбей ошол торго түшүп калдык.

Анткен менен “Республика Ата-Журт” партиясы тизмеден чыккан талапкерлердин соттогу утушу мандатка кепилдик бербейт деген ишенимде турат. Аталган партиянын басма сөз катчысы Мирсулжан Намазалынын “Азаттыкка” билдиришинче, партиянын ички эрежеси боюнча алар жетиштүү добуш албаганы үчүн тизмеден чыгарылган.

- Бул чечим талапкерлер мандат алат дегенге кепилдик бербейт. Ошол эле учурда биз албетте аларды киргизбөөнү талап кылабыз. Мыйзамдуу түрдө кимиси кетет, кимиси калат деп БШК дагы карап чыгат да. Ошол учурда арыздарынын негизинде мыйзамдуу түрдө партия аларды четтетүүнү талап кылат. Андан аркысын дагы көрөбүз да эмне болорун...

4-октябрдагы шайлоодо “Республика Ата-Журт” 28 мандатка ээ болгон. Шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин партия жетиштүү добуш алган жок деген жүйө менен 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган. Алардын ичинде алдыңкы орунда тургандар да бар.

Араздаштырган мандат
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:54 0:00

Саясий серепчи Кубан Абдымен бул көрүнүштүн мыйзамдык жана моралдык өңүтү бар экенин белгилөөдө. Кандай болгон шартта да бул кадам тизме түзүүгө өтө маани берүү зарылдыгын көрсөтүүдө деген оюн билдирди.

- Бул кадам албетте партиялык тизме менен шайлоону өткөрүүдө чоң мүчүлүштүк бар экенин көрсөтүп жатат. Демек мындан кийинки шайлоолордо эч ким чатак чыгарбай тургандай, бардыгы ынана тургандай шарт түзүү керек. Эми бул алты талапкер каршы болгонуна карабастан, өжөрлүккө салып парламентке кирип алган учурда да партиянын ынтамагын бузду десек болот. Ал гана эмес парламенттин ичинде чоң жаңжалды жарата тургандай шартты түзүп жатат.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия жеңип чыккан. Сот иштерине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрга белгиленген мандат тапшыруу иш-чарасы кийинки аптага калды. Алдын ала маалыматтарда жекшемби күнү тизме маселеси БШКда териштирилип, дүйшөмбүдө 6-чакырылыштын депутаттары ант берери айтылууда.

"Республика Ата-Журттун" мандат талашкан талапкерлери. 16-октябрь, 2015-жыл
Мандат талашкан талапкерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

XS
SM
MD
LG