Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Мандат жаңжалы Жогорку Сотко жетти


БШК 21-октябрга белгиленген мандат тапшыруу жөрөлгөсүн кийинки аптага калтырды.
БШК 21-октябрга белгиленген мандат тапшыруу жөрөлгөсүн кийинки аптага калтырды.

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган депутаттардын мандатын тапшырууну кийинки жумага калтырды. Буга тизмеден чыгарылган айрым талапкерлердин Жогорку Сотко арыздануусу себеп.

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрга белгиленген мандат тапшыруу жөрөлгөсүн кийинки аптага калтырды. Мындай чечимге тизмеден чыгарылган “Республика Ата-Журт” партиясынын төрт талапкеринин Жогорку Сотко жазган арызы себеп болду. Алар Боршайкомдун чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. БШК “Республика Ата-Журттун” 70 талапкерин өздөрү арыз жазды деген негизде тизмеден чыгарган.

Сот талапкерлер үнүн угабы?

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов сот талапкерлердин арызын канааттандырса, алар кайрадан депутаттык мандат алуу укугуна ээ болот деп ишендирүүдө.

- Бул маселени эртең Жогорку Сот карайт. Соттун чечимине жараша иш кылабыз. Жаңы мандаттар парламенттин алгачкы жыйынында берилет. Качан экенин Жогорку Кеңеш чечет. Жаңы регламентте ушундай жазылып калыптыр.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мандат талаш партиялардын ички иши, кааласаңар атышкыла, биздин тиешебиз жок деген таризде өз позициясын билдирген.

“Республика Ата-Журттун” тизмесинде 20-орунда катталган талапкер Аида Исмаилова мандаттан баш тартуу арызы жасалма экенин айтып милицияга кайрылган. 18-октябрда ИИМ бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү баштаган.

Исмаилова 4-октябрга чейин жазылган мандаттан баш тартуу билдирүүлөрү юридикалык күчкө ээ эместигин айтууда. Айтымы, арызы жасалма экенин даттанып, дагы бир талапкер ИИМге кайрылды.

- Бул арыздар жасалма. Анткени 4-октябрга жазылган жана айы, күнү жазылган эмес. Датасын 14-октябрь деп өздөрү коюп коюшуптур. Ушул себептен юридикалык күчкө ээ эмес. Биз качан гана өз колубуз менен 4-октябрдан кийин арыз жазганда гана тизмеден чыгарылышыбыз керек эле.

18-октябрда Биринчи май райондук соту сегиз талапкердин арызын карап, аларды талапкерликтен алган БШК чечимин күчүндө калтырган.

Мандат талашкан партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов “Азаттыкка” курган маегинде ар бир талапкер “жетиштүү добуш албасам тизмеден чыгам, болбосо балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын, кудай урсун” деп видеоант бергенин тастыктаган. Бабанов антынан тайгандар эмне болот деген суроого мындайча жооп берген.

- Бул ант абийирдин анты. Ар бир талапкер өз ыктыяры менен жазды. Мунун эч кандай мыйзамга тиешеси жок. Балким муну да аткарбагандар чыгаар. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз баары аткарат деп ишенебиз. Эмне үчүн ант алдык? Анткени биз парламентке күчтүү команда түзөлү деп бартабыз. Ким кыйшайса чыгып кетет.

Бизнес долбоорго айланган партиялар...

Анткен менен айрым талапкерлер жетиштүү добуш алса да тизмеден чыкканын, орус тилдүүлөрү кыргызча түшүнбөй эле ант бергенин айтып актанып келишет.

Саясат талдоочу Бакыт Сейитбаев мандат талаштын Жогорку Сотко чейин жетишин партия түшүнүгү, бизнес долбоорго айланганы менен чечмелейт.

- Бул маселелер партиялардын али калыптана электигин көрсөтүп турат. Партиялар өзүнчө эле корпоративге айланып калды. Байлардын башын эптеп бириктирип шайлоодон өтүп алалы, андан кийин көрө жатарбыз деген туура эмес. Пропорционалдык системада мындай болбошу керек. Азыр болсо партия лидерлери өзү каалагандай мандат бөлүштүрүп жатат. Бул жакшы жакка алып барбайт.

4-октябрдагы шайлоодо “Республика Ата-Журт” 28 мандатка ээ болгон. Мандат бөлүшө албай араздашкандар арасында 45 талапкери чийилген “Кыргызстан”, 16 болочок депутатын курмандыкка чалган “Өнүгүү-Прогресс” партиялары да бар. Ал эми КСДП, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары да бирин-экин талапкерин депутаттык креслодон ажыратты.

XS
SM
MD
LG