Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Башкы прокурор ким болот?


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда иштен алуу жөнүндө сунушту көпчүлүк добуш менен колдоду.

Президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда иштен алуу жөнүндө сунушун жыйынга катышкан 107 депутаттын 105и колдоду. Аалы Карашев менен Асел Кодуранова гана буга каршы добуш берди.

Коррупцияга каршы тандалма күрөш

Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев Жээнбековдун сунушу боюнча баяндама жасап жатып, Индира Жолдубаева коррупцияга каршы тандалма жана чабал күрөш жүргүзгөнүн баса белгиледи.

- Акыркы жылдары кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузууларына укук коргоо органдарынын тандап чара көрүшү, ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууда жарандардын укуктары менен эркиндиктери бузулуп, ал тенденция азайбай эле күчөп жатканы коомубуздун туруктуулугуна жана экономикабыздын өзөгүнө доо кетирет. Коргоо кеңешиндеги жана мыйзамдагы тапшырмаларга карабастан 2018-жылы башкы прокурордун төрагалыгы менен координациялык кеңешме бир да жолу өткөн жок.

Парламент баш прокурорду кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

​Абылгазиев 8-февралда президент Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимин айтып жатат. Анда өлкө башчысы башкы көзөмөл органын кескин сынга алып, коррупцияга каршы күрөштөгү каталарды оңдоого убакыт берген.

Башкы прокурорду кызматтан алуу аздык кыларын айтып, аны жоопко тартуу боюнча сунуштар да айтылды. Парламенттеги эркин депутат Жанар Акаев мындай деди:

- Кыргыз аткаминери үчүн эң чоң жаза - кызматтан кетирүү. Биз ушинтип түшүнүп калдык. Эмне үчүн ал буга чейинки иштерине, мыйзамсыз козголгон кылмыш иштерине жооп бербейт? Алар адамдардын, саясатчылардын тагдыры менен ойноп жатканда ушул жерде чиренип отурушкан. Бизге каяша айтып итиреңдешкен. Биз эмне үчүн жаза катары кызматтан гана кетиришибиз керек? Канча адамдын тагдыры менен ойносо, саясий буюртмарды кандай аткарып келген болсо - ошонун баарына ушул жерден жооп берсин.

Жолдубаева жыйынга келбегендиктен аны парламент трибунасында “суракка алуу” аракети сөз жүзүндө калды. Депутаттар өздөрү айтмакчы, Жолдубаеванын “тагдыры чечилди”. Бирок кийинки башкы прокурор кандай болушу керек деген суроо ачык бойдон турат.

Салтка айланган "баш кесерлик"...

Мурда башкы прокурор болуп иштеген “Бир Бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев соңку сегиз жылда үч башкы прокурор соттолгонун эске салып, көзөмөл органынын вазийпасы тууралуу маселени кабыргасынын койду.

- Мына, акыркы сегиз жылда бир да башкы прокурор таза кеткен жок. Акыркы сегиз жылда үч башкы прокурор соттолду. Дагы бирине чала-була кылмыш иши козголду. Тарыхта мындай боло берсе, бул кызматты жоюп коюуга туура келеби же келбейби? Анда буга эрки абдан күчтүү гана жетекчилер иштеши керек да. Биз кылмыш саясатын, кадр саясатын туура алып баралы. Кийинки бара турган прокурор өз функциясын так аткарышы керек. Эч ким ага басым жасабашы керек.

Абдылдаев: Прокуратурага өз милдеттерин кайтаргыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

​“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Башкы прокуратура ириде президенттин гана тапшырмасын аткарган “баш кесерлик” функциясынан арылышы керек экенин айтууда.

- Биринчи кезекте прокуратура "баш кесерлик" функциясынан качышы керек. Ал көзөмөл функциясын унутпашы зарыл. Экинчиден, прокуратураны төмөнкү деңгээлге түшүрүп салдык, эч кандай укугу жок. Ал аз келгенсип "салыктык текшерүү жүргүзөбүз" деп жатабыз. Бул туура эмес. Башкы прокуратура текшерүүчүнү текшериши керек.

Болжолдуу талапкерлер

Ал арада башкы прокурордун ордуна талапкер катары бир нече адамдын аты аталып жатат. Алардын арасында башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору, башкы прокурордун мурдагы орун басары Темирбек Бекмамат уулу жана парламент депутаттары Канатбек Керезбеков менен Курманкул Зулушев да бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Европада жүргөндүктөн башкы прокурорлукка ким келери кийинки жумада белгилүү болоору айтылды.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кандай болбосун бул кызматка Жээнбековдун жеке ишенимине кирген адам келет деген пикирде.

- Эгер президент башкы прокурорго ишенбесе кантип чогуу иштешет? Президент Жээнбеков Атамбаев баштаган коррупцияга каршы күрөштү катуу шартта улантып жатат. Бул күрөштө президент өзү ишенген кадрды коюп, команда түзүшү керек.

Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген. Анын тушунда Өмүрбек Текебаев баш болгон бир канча депутатка, саясатчыларга, оппозиция өкүлдөрүнө жана журналисттерге кылмыш иши козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылды. Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштеринин негизинде бир катар журналисттерге миллиондогон сом доолор коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG