Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Башкы прокурор кызматтан кетти


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Жогорку Кеңеш депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду.

11-апрелдеги жалпы жыйында эл өкүлдөрүнүн 105и Жолдубаеваны иштен кетиши керек деп чечти. Эки адам "каршы" болду. Добуш берүү ачык өттү.

Жыйынга Жолдубаева өзү катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени өзү жок эле карай берүүнү сураганын спикер Дастанбек Жумабеков билдирди.

Эл өкүлдөрүнө президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай калганы, адам укуктарын одоно бузганы белгиленди:

- Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөрүлгөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган, - деди Абылгазиев.

Коомчулукта Жолдубева мурдагы бийликтин саясий буйругун аткарып жатат деген сын пикирлер күчөгөн.

6-апрелде парламенттеги "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.

Фракциялардын жыйынына башкы прокурор катышкан эмес, анын орун басары Бөкөнбай Казаков депутаттарга Жолдубаева ооруп жатканын билдирген.

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Жолдубаеванын кызматтан кетишин талап кылып келгендердин бири. Анын пикиринде, Жолдубаева мурдагы мамлекет башчы Атамбаевдин тушунда анын оппоненттерине каршы кылмыш иштерин козгоп, саясий буйруктарды аткарып келген.

​- Мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Эртең же бүгүн кызматтан алынарына ишенгем. Индира Жолдубаева үч жылдан ашыгыраак иштеди. Чоң коррупциялык иштерди алып чыккан жок. Саясий иштер менен гана алектенди. Эң өкүнүчтүүсү - өзү эле саясий иштер менен алектенбей, кол алдындагы прокурорлорду да жаман жолго түрттү.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков башкы прокурордун иши качан болбосун сын пикирлер менен коштолот деп эсептейт. Ал Индира Жолдубаеванын үч жылдан ашуун созулган ишмердигине оң баа берди. Анын пикиринде, башкы прокурор саясатчыларга байланыштуу бир топ чуулгандуу иштерди аягына чыгарды:

- Бизде саясатчыны соттосо эле "саясий буйрук" деп чыгабыз.​ Кеткен кишинин артынан сүйлөгөн жаман адат таап алдык. Мен андай көз карашты колдобойм. Эртең дагы чуулгандуу иш болот. Бизде саясатчыны соттоп койсо эле "саясий буйрук" деп чыгабыз. "Эч нерсе кылган жок" деп айта албайм. Бир топ иштерди аткарды.

​Ал эми депутат Жанар Акаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы жана кызматтан кетип жаткан баш прокурор "саясий буйрук" менен иштегени үчүн жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт.

- Кыргыз чиновниги үчүн эң оор жаза бул - кызматтан кетүү. Биз ушинтип түшүнүп калдык. Буга чейин жасаган иштерин, мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогонун, адамдардын, саясатчылардын тагдыры менен ойноп жатканын ушул жерде талкуулаган кезибизде бизге каяша айтып, чиренип отурушкан. Эмне үчүн эң чоң жаза катары аларды кызматтан кетирип коюшубуз керек? Мындай болбошу керек. Буга чейин жасаган иштерине, канча адамдын тагдыры менен ойногонуна, саясий буйрутманы аткарганына азыр жооп беришсин!

Парламент баш прокурорду кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

​Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратуранын, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жана Ички иштер министрлигинин ишин сынга алган. Ушундан кийин саясий айдыңда "президент эми саясий эркин көрсөтүп, тиешелүү жетекчилерди кызматтан алышы керек" деген пикирлер айтыла баштаган.

Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген. Анын тушунда бир топ оппозиция өкүлдөрүнө, депутаттарга, саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылды.

Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Иш жолун ошол жылы "Сорос-Кыргызстан" фондунда юрист-кеңешчи болуудан баштаган. “Манас” эл аралык аба майданында, "Компаньон” микрокредиттик компаниясында юрист, “ДЭКА” жабык акционердик коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматка 2009-жылы кирип, Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген.

Индира Жолдубаева - Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин балдызы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG