Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:03

Апта: Атамбаевдин кадрлары, АКШнын санкциясы


Индира Жолдубаева жана Абдил Сегизбаев.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жума күнү Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишин баалап, "канааттандырарлык эмес" деп тапты.

Башкы көзөмөл органы коррупцияга каршы күрөштө, мыйзамдуулуктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдө жана адам укуктарын коргоодо одоно кемчиликтерге жол бергени баса белгиленди.

Баш прокурор Индира Жолдубаева өзү парламентке келген жок.

"Ата Мекен” фракциясынын жыйынына анын биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков келип, башкы көзөмөл органынын былтыркы ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Фракция жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мамлекетке чоң зыян келтирген чуулгандуу иштердин абалына кызыкты. "Жогорку Нарын каскадын курууга" деп алынган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?" - деп сурады эл өкүлү. Анткени "ошол каражаттардын көпчүлүгү жең ичинен кымырылып кетти" деген маалыматтар депутаттык комиссияга келип жаткан экен деп кошумчалады.

Казаков коомчулуктун назарындагы айрым чуулгандуу иштер аягына чыкпай жаткан жагдайдын себептерин түшүндүрдү. "Жогорку Нарын каскадын курууга" деп алынган 37 миллион доллардын сарпталышы боюнча парламенттин токтому чыккан. Ага ылайык, Эсеп палатасы ошол каражаттын каякка жумшалганын текшерип чыгышы керек болчу. Бирок азыркы күнгө чейин Башкы прокуратура бул ишти иликтеп, ага укуктук баа бериши үчүн анын чыгымдалышы боюнча корутунду жок. Ошондуктан ал иш иликтенбей турат. Ал эми "Идеал-Хаус" боюнча 48 коттеждин баасын Мамлекеттик мүлк фонду туура эмес эсептеп чыгып сатканы боюнча кылмыш ишин козгогонбуз" - деген башкы көзөмөл мекемесинин өкүлү кылмыш иши Ички иштер министрлигине тергөө үчүн өткөрүлүп берилгенин айтты.

Ошол эле учурда мурда токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштери текшерилип, алардын көпчүлүгү кайрадан жандандырылып жатканы тууралуу маалымат берди.

Жыйында депутат Каныбек Иманалиев экс-президент Атамбаевдин мамлекеттик резиденцияга салган үйүнүн төркүнүнө кызыкты.

"Кыргызстандын төрү - бул мамлекеттик резиденция, мамлекеттик аймак. Ошол жерге чет элдик демөөрчүлөрдөн 1 млн. доллар акча алып үй салганга кимдин акысы бар? Кайсы мыйзам, кайсы мамлекеттик акт? Кайсы документ, токтомдун негизинде уруксат бар?" - деп суроону кабыргасынан койду. Берилген суроого Казаков "андай токтом жок” деп жооп берди.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагына Атамбаевдин үй бүлөсү үчүн 89 миллион сомго үй курулганы жакында ачыкка чыкты. Анын 77 миллиондон ашыгын экс-президент өз чөнтөгүнөн чыгарганын айтып, “курулушка акчаны өзүм таптым, бул менин мамлекетке белегим” деп ырастаган.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча жаңы курулуштун жалпы аянты 302 чарчы метр, анын ичинде 141 чарчы метрине үй салынган.

Депутаттар Башкы прокуратура бийликке сын айткандарды басыш үчүн "курал" болуп берип жатканын сындашты. Эмил Токтошевдин белгилешинче, прокуратура органдары бийликке сын айткан "саясатчыларды камакка алып", журналисттерге, коомдук активисттерге каршы доо коюп, алардын айрымдарына каршы кылмыш иштерин козгоп жатышат.

Жыйын соңунда "Ата Мекен" фракциясы Башкы прокуратуранын ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасына баш прокурор Индира Жолдубаевага ишенбестик көрсөтүү жана анын ишмердигин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунуш киргизилмей болду. Фракция чечимине депутат Сайдулла Нышанов каршы добуш берди.

“Ата Мекен” башкы прокурорго ишенбестик көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Баш прокурордун таккан айыбы менен “Ата Мекен” партиясынын үч депутатына: Өмүрбек Текебаевге, Аида Саляновага жана Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иштери ачылып, сот жаза чегерген. Дагы бир нече партия мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ушул эле күнү "Республика - Ата Журт" фракциясы Башкы прокуратуранын жылдык отчетун кароого чогулуп, бирок аны талкуулап отурбай эле, башкы прокурорго ишенбестик көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Депутат Мирлан Бакиров баш прокурордун келбегенин "фракцияны тоготпогондук" деп баалады. "Фракцияларга келип, өз позициясын билдирип, коомчулукта талкууланган кылмыш иштер боюнча бизге, аны менен катар элге маалымат бериши керек эле. Тилекке каршы, анткен жок" - деп, анан кантип “макул” деп отчетту карайбыз деди жыйында.

Бирок бул фракциянын мурдагы жетекчиси Руслан Казакбаев ага каршы болду. "Индира Жолдубаеванын жыйынга эмне себептен келе албай калганын билип койбойлубу? Мүмкүн ал бир жумадан кийин жумушка чыгаар? Анын балким, медициналык тастыктамасы бардыр" - деген сунуш киргизди.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

"Республика - Ата Журт" фракциясынын 28 мүчөсүнүн экөө бул чечимге каршы болуп, үчөө добуш берген жок. Бул партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго баш прокурор эки кылмыш ишин ачкан. Ушул тапта саясатчы өзү өлкө сыртында, бирок кайда экени так белгисиз.

Эми мыйзам боюнча башкы прокурорго ишенбестик көрсөтүү маселеси палатанын жалпы жыйынына коюлат.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев "Азаттык" радиосуна курган маегинде баш прокурор “куралга” айланып калды деген сынга мындайча жооп берди.

- "​Белизгейттин" башында ким турганын элдин баары билет. Абдил Сегизбаев президентке маалымат берген. Анан экөө элдин баарына көргөзгөн. Андан кийин баш прокурор эмне кылыш керек эле? "Атамбаев туура эмес көргөздү, туура эмес кабыл алып койду, Сегизбаев элге эрте жарыялап ийди" деп ошол убакта айта алат беле?.

Мурдагы баш прокурордун ишениминде, президент баарына тегиз калыс позицияда болгондо гана анын тегерегинде иштеп жаткан жооптуу жогорку кызматкерлер өз милдетин так аткарып, мыйзам жолунан тайбайт.

Мыйзамда баш прокурор өзү кызматтан чегинүү тууралуу арыз жазбаса эки жол менен иштен алуу каралган. Биринчиси – президент 60тан ашуун депутаттын макулдугу менен кызматтан алат. Экинчиси – парламентте 40тан ашуун депутат демилге көтөрүп, аны 80ден арбын эл өкүлү колдошу зарыл.

Башкы көзөмөл органынын жетекчисин кызматтан четтетүү 2016-жылкы референдумдан кийин татаалдашкан. Индира Жолдубаеванын кызматтык мөөнөтү 2023-жылы аяктайт.

УКМК жетекчилиги кызматтан кетти

Ишембиде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев кызматтан бошотулду. Анын орун басары, Коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болот Сүйүмбаев да ээлеген ордунан кетти. Президенттин маалымат кызматы эки жетекчи тең өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.

Мындай кадрдык жүрүш мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси олку-солку болуп турган маалга туш келди. Сегизбаев менен Сүйүмбаев экс-президенттин эң ишенимдүү кадрлары саналчу.

Ушул эле күнү УКМКнын төрага орун басарлыгына Идрис Кадыркулов дайындалды. Ал буга чейин атайын кызматтын Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Ал эми Сегизбаевдин ордуна ким дайындалаары азырынча белгисиз.

Өлкөдөгү стратегиялык мекеменин жетекчисинин чукулунан кызматтан кетиши коомчулукта ар түркүн талкууларга жем таштады.

“Жаңы доор” партиясынын лидери Улукбек Кочкоров Сегизбаев “коррупция менен күрөштө алгылыктуу иш жасай албаганы үчүн кызматтан кетти” деген пикирде.​ "Бирок коррупцияга каршы күрөштө кемчилик кетирген ким болууда? Мурдагы президенттин тегерегиндеги жогорку кызматтагы адамдар. Абдил Сегизбаев болсо ал команданын мүчөсү болуп, аларга каршы иш алып бара алабы деген маселе чыккан. Ошондуктан андай ишке бара албасын билип кызматтан кетип отурат" - деген саясатчы мындай кадам "жаңы президентке оң таасирин" берет деген оюн айтты.

Башка бир эксперттер Сегизбаев жетектеп турган маалда атайын кызмат коопсуздук, терроризм-экстремизмдин алдын алуу сыяктуу функционалдык милдеттеринен оолактап, көбүнчө чуулгандуу “саясий иштер” менен гана алектенип калганын белгилешет. Атайын кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков "Сегизбаев атайын кызматтарда иштеген эмес, тажрыйбасы жок. Ачыгын айтыш керек, чалгын кызматтарын билбейт. Андыктан “Белизгейт” сыяктуу иштерде кыйналды" - деп, "акыркы учурда саясий иштерде гана белгилүү болду" деген баасын берди.

Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

Мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев болсо коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси менен анын орун басарынын саясий жоопкерчилигин кароо үчүн атайын комиссия түзүүнү туура көрөт.

- "Белизгейт" окуясы боюнча убагында убада берген. "Мен жоопкерчиликти тартам" деген. Ал аткарылбады, иштин дайыны жок. Бир топ кишилер саясий өңүттө камалып кетти. Алардын сүйлөгөнү, жаздырылган аудиолордун чын-төгүнүн, Конституцияга канчалык туура келээрин аныктоо керек. Экөө тең жөн эле кетпестен, алардын иши боюнча териштирүү жүрүшү керек. Атайын комиссия түзүлүп, моралдык гана эмес, саясий жоопкерчилиги да каралышы керек.

Учу көрүнбөгөн кылмыш иштери

2016-2017-жылдары бир катар оппозициялык активисттер “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген негизде жана коррупциялык иштер боюнча айыпталып, соттолду. “Элдик парламент” кыймылынын беш мүчөсү: мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаев 14 жылга, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов 10 жылга эркинен ажыратылган. Экс-депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагында отурушат.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнист Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен 2016-жылы камалган. Ушул тапта Асанов менен Кадыров 12 жылдык, Карыбеков 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөй башташты. Соттолуучулар өздөрү жана жарандык активисттер “саясий негизде кесилишкенин” белгилеп жүрүшөт.

Атамбаевдин бийлигин кескин сындап келген саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, сегиз жылдан кесилишти.

"Ата Мекен" фракциясынын дагы эки мүчөсү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматов ​“кызмат абалынан пайдаланган” деген айып менен соттолуп, Салянова беш жылга эркинен ажыратылган. Өкүмгө ылайык, ал жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Сот Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, беш миллион сом айып салган.

Былтыркы президенттик шайлоонун алдында “бийликти басып алууну пландады” деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев камалып, иши сотко өттү.

Шайлоодо Жээнбековго негизги атаандаш болгон "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго УКМК "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" жана “Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу", "Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу" деген беренелердин негизинде эки кылмыш ишин козгогон.

Бабанов өзүнө коюлган айыптарды “ойдон чыгарылган” деп, толук четке каккан.

Буга чейин абактагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров менен Эрнист Карыбеков Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, бир нече күн ачкачылык кармашкан.

Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо комитети" жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" деп аталган уюмдар бийликке УКМКнын төрагасы Сегизбаев менен баш прокурор Жолдубаеваны кызматтан алууну талап кылышкан.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы “Белизгейт” окуясы боюнча Сегизбаевди “жалган маалымат тараткан” деп айыптап, анын кызматтык жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүп келишкен.

Бул иштин бети ачылып, такталбаса Сегизбаев иштен кете турганын ошол кездеги мамлекет башчы Атамбаев да айткан болчу. Бирок 2016-жылы чыккан “Белизгейт” унутулуп, экс-президент Сегизбаевге "генерал-майор" деген аскердик наам ыйгарган.

Ал эми Болот Сүйүмбаев Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири деп саналат. Ал 2000-жылдардын башынан тарта экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага дагы өткөн жылы "генерал-майор" наамы берилген.

45 жаштагы Абдил Сегизбаев УКМК төрагасы болуп 2015-жылы дайындалган. 2003-2005-жылдары президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болгон.

АКШ: орус чоңдору менен байларынын "кара тизмеси"

6-апрелде АКШнын Каржы министрлиги Орусияга каршы санкциялардын жаңы тизмесин жарыялады. Бул ирет ага 24 орус жараны, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компания кирди. Арасында президент Владимир Путинге жакын мамиледе делген олигархтар, Орусиянын коопсуздук кызматтарынын башчылары бар.

Миллиардерлерден Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг, Кирилл Шамалов киргизилген.

Булардын ичинен Кирилл Шамалов "Россия" банкына ээлик кылгандардын бири, президенттин досу экени айтылган Николай Шамаловдун уулу. Ал эми Игорь Ротенберг Путиндин тар чөйрөсүнө кирген ири ишкерлердин бири Аркадий Ротенбергдин уулу.

Вашингтондун бул жолку санкциясына мамлекеттик “ВТБ банктын” башчысы Алексей Костин, “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер, “Сургутнефтегаз” компаниясынын башкы директору Владимир Богданов, “Газпромбанктын” башкармасынын төрагасы Андрей Акимов кабылды.

Орусияда Telegram жабылабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:40 0:00

Орусиялык жогорку аткаминерлер менен депутаттардан Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, “Росгвардиянын” башчысы, Путиндин мурдагы жансакчысы Виктор Золотов, Тышкы чалгын кызматынынын мурдагы башчысы, экс-премьер-министр Михаил Фрадков, ички иштер министри Владимир Колокольцев, президенттин жардамчылары Сергей Фурсенко, Евгений Школов, Мамлекеттик Думанын депутаттары Константин Косачев, Андрей Скоч, Владимир Резник, “Роскомнадзордун” башчысы Александр Жаров, Тула облусунун губернатору, генерал Алексей Дюмин кошулду.

​АКШнын Каржы министрлиги ошондой эле орусиялык беш миллиардерге тиешелүү же аларга байланышы бар 12 компанияга да санкция салган. Алардын сегизи миллиардер Олег Дерипаска түз же кыйыр көзөмөлдөгөн компаниялар, анын бири "En+Group” Кошмо Штаттарда жайгашкан.

Санкция Орусиянын мамлекеттик жана курал соодасы менен алектенген “Рособоронэкспорт” компаниясы менен коргонуу өнөр жайын тейлеген “РФК-Банкына” да киргизилди.

Мамлекеттик Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий маалымат каражаттарына берген комментарийинде Москва “өзүнө тете” жооп кайтараарын билдирди.​

Кошмо Штаттарда 30-январда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланган. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган бейрасмий баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнө кирген саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымы камтылган болчу.

Орусиянын президенти Владимир Путин Вашингтон жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалаган.

АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын соңку айлампасы буга чейин 15-мартта киргизилген. Каржы министрлиги анда "2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен жана эки жыл мурдагы киберчабуулдарга катышы бар" деген жүйө менен 19 адамды, беш уюмду, анын ичинде Орусиянын чалгын кызматтарын "кара тизмеге" кошкон.

Конгресс ошондой эле былтыр Орусиянын банк жана мунай-газ секторуна, адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар орус аткаминерлерине каршы жаңы санкцияларды жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG