Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты


Камактагыларды колдоочулардын пикети
Камактагыларды колдоочулардын пикети

Мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп айыпталып кармалган оппозиция өкүлдөрүнүн бир тобу 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылса, Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга соттолушту.

Сот Дастан Сарыгуловду бул ишке катыштыгы жок деп таап, маалыматты жашырган деген кине менен аны шарттуу түрдө төрт жылга соттогон өкүм чыгарды. Соттолуучулардын жактоочулары сот өкүмүнүн өзү карама-каршылыктуу чыкканын белгилешти.

Оор айыптоолор боюнча сот өкүмү

17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыпталган оппозициялык саясатчылардын биринчи тобунун соту болуп, өкүм чыгарылды.

Улуттук оппозициялык кыймылды түзгөн "Эгемен" жана "Чындык" саясий партияларынын башчылары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга кесилди. Сот кылмыш ишиндеги аудио сүйлөшүүлөрдү негизги далилдердин бири катары карап, аларды "мамлекеттик бийликти басып алууга даярданганы боюнча күнөөлүү" деп тапты. Эрнест Карыбековго чыккынчылык айыбы коюлуп, 18 жылга эркинен ажыратылды. Карыбеков менен Сарыгулов "бул оор кылмыш тууралуу билип, бирок аны жашырган" деген айыптоо боюнча ага дагы төрт жыл кошулду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаевдин чыгарган өкүмүнөн үзүндү:

- Дайындалган жаза мөөнөттөрүн жарым-жартылай кошуп-алып, сот жалпысынан Эрнест Карыбековдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен аны 20 жылга эркинен ажыратууну аягына чейин аныктады. Жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси жана 295-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 12 жылдан эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөшөт.

Буга чейин аталган сот жыйыны жабык өтүп, ага соттолуучулардын жакындары жана коомдук байкоочулар киргизилген эмес. Бул жолу сот жыйынтыкталып жатканына байланыштуу соттолуучулардын жакындарына өкүмдү угууга уруксат берилди. Өкүм окулуп бүткөн соң сот тараптарга кайрылып, өкүмдүн түшүнүктүүлүгү боюнча сурады.

Соттолуучулардын бири Бектур Асанов бул өкүмгө нааразы экенин айтып, аны кийинки соттук инстанцияга даттана турганын билдирди:

- Биз тазабыз. Сотто бир дагы факты ырасталган жок. Аны бир дагы күбө тастыктаган жок. Ошондуктан тынчсызданууга негиз жок. Жеңиш баары бир биз тарапта болот. Бул жерде күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнүн бири дагы эске алынбады. Сот тергөөчүнүн жана мамлекеттик айыптоонун келтирген жүйөлөрүн гана өкүмгө киргизип, окуп койду. Биз бул өкүм боюнча арызданабыз.

Сот өкүмүндөгү өзгөчөлүк

Сот бийликти басып алууга даярданган топтун "насаатчысы" катары башында тергөө айып койгон коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун ага түздөн түз аралашканы далилденген жок деп тапты. Бирок ошол эле кезде сот аны оор кылмыш тууралуу билип туруп, бирок жашырган деген айыптоо боюнча төрт жылга шарттуу түрдө кести.

Соттолуучулардын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров сот өкүмүндөгү бирине-бири каршы келген жагдайларга төмөндөгүчө токтолду:

- Сот мамлекеттик айыптоочунун жана тергөөчүлөрдүн койгон айыптоолору далилденди деп эсептеди. Ошол эле кезде Сарыгулов менен Карыбековдун Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров уюштурган бийликти күч менен басып алуу аракетине байланышы жок деп тапты. Ошондуктан бул айыптоону Сарыгулов менен Карыбековдон алып салды. Ошол эле кезде "бул экөө муну билген, бирок жашырып койгон" деген айыптоону калтырып, өкүмдүн өзүндө карама-каршылык жаралып калды. Эгерде алар билип туруп жашырган болсо, демек ал экөө дагы булар менен бирге ошол эле берене боюнча соттолушу керек эле да.

Ошол эле кезде соттолуучулардын жакындары тыңшалган аудио сүйлөшүүдөн башка алардын төңкөрүшкө даярданганын ырастай турган далилдер жок деп айтышты. Төңкөрүш даярдоону каржылоо, курал-жарак сатып алуу жана куралдуу топту уюштуруу сыяктуу мамлекеттик бийликти басып алуу аракетин ичине камтыган жагдайлар кылмыш ишинде ырасталбаганын белгилешти.

УКМК: тыңчылыктын далилдери бар

Былтыр 27-мартта Коомдук биринчи канал оппозициянын айрым өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү делген видео сюжетти көрсөткөн. Анда оппозиция өкүлү Эрнест Карыбеков Өзбекстандын атайын кызматы менен байланышта болгону айтылган.

Анда камакка алынган “Элдик курултай” кыймылынын лидери Эрнест Карыбековдун коңшу мамлекеттин тыңчылары менен кызматташканы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин оперативдүү тасмалары жарыяланды. Мындан тышкары Карыбековдуку делген электрондук почта аркылуу жүргүзүлгөн кат алышуулардын көчүрмөсү чыгарылган.

Былтыр саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун бийликти басып алууга байланыштуу делген телефондук сүйлөшүүлөрү телеканалдардан жарыяланган. Андан соң эксперт Эрнест Карыбеков менен коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун машинеде отуруп сүйлөшкөн видео тасмасы чыгып кеткен эле. УКМК аларды катары менен кармап, "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген негизде айып тагып, бир жыл мурун камакка алган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG