Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

"Төңкөрүшчүлөрдүн" соту жабык башталды


Айыпкерлердин жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты. 28-август, 2016-жыл
Айыпкерлердин жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты. 28-август, 2016-жыл

Быйыл жазында "мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданган" деп айыпталган “Элдик парламент” уюмунун жетекчилеринин үстүнөн сот иши башталды.

Иш Биринчи Май райондук сотунда жабык каралып, соттолуучулардын жакындарын нааразы кылды.

Бийликтин үшүн алчу билдирүүлөр менен чыгып, аны кулатууга аракеттенген деген айыптоо менен камалган саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Кулубаев, Александр Гусев, Марат Султанов жана Тойгонбай Калматовдун үстүнөн сот иши башталды. Соттун имараты милиция менен курчалып, ага соттолуучулардын туугандары, санаалаштары жана журналисттер киргизилген жок.

Сотко кире албай калгандар арасында Бекболот Талгарбековдун жубайы Сымбат Шакирова да бар:

Бекболот Талгарбеков
Бекболот Талгарбеков

- Үч айдан бери эң бир коркунучтуу кылмышкер катары аны менен жолугуштурбай коюшту. Анан адвокат аркылуу эле анча-мынча кабар алып турабыз. Жакындан бери ооруп, кыйналып жатканын айтышты. Жөтөлүп жаткан экен, өпкөсүнө суук тийгизип алган ошкойт. Анысын деле мага жашырып айттырбайт. Ал духу күчтүү киши. Улам кат жазып, “бир эле жолу жолугуштуруп койгула” деп сурансам да “жогортон көрсөтмө бар” деп болбой коюшту. Эми сотко келип, ушул жерден анын абалын көрүп калайын десем, бул жакка да киргизишкен жок. Бул эмне деген шумдук?

Жакында эле камакка алынган Тойгонбай Калматовдун бир тууган карындашы Жакут Калматова бийликтен агасынын айыбын соттон ачык далилдөөнү талап кылды:

- Менин агам ачык-айкын сындап койгону үчүн ага жалаа жаап, күнөө коюп жатышат. Кимдин күнөөсү канчалык экенин мезгил таразалайт. Кыргыз эли эр жүрөк уулдарга бай. Атамбаев ага каршы ачык сын айтып чыккандардын онун, жүзүн кармасын. Алардын артынан дагы чыга берет. Булар минтип коркутуу менен бизди токтото алышпайт. Эмнеге ачык сындан коркушат? Анткени булардын жашыра турган күнөөсү бар. Кайсы бир күнү жооп берип каларын билип, ушундай жол менен зомбулук көрсөтүп жатышат.

Кылмыш ишинде мамлекеттик кандай сыр бар?

Соттолуучулардын адвокаттары кылмыш ишинде улуттук коопсуздукка же мамлекеттик сырга байланыштуу маалыматтар жогун белгилешти. Бирок ага карабастан сот жараянын жабык өткөрүү чечими алардын катышуусуз кабыл алынганына адвокаттар каршы. Ошондуктан адвокаттардын бири Таалайгүл Токтакунова ишти ачык сотто териштирүү үчүн судьяга өтүнүч келтирилгенин айтты:

Соттолуучулардын жакындары. 28-август
Соттолуучулардын жакындары. 28-август

​- Кылмыш ишиндеги материалдардын ичинен бир дагы документ кандайча мамлекеттик жашыруун сырга кирери же улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган маалыматтар камтылганы көрсөтүлгөн эмес. “Мына ошол материалдын кайсы жери мамлекеттик же кызматтык сырга кирет" десек жооп бере алышпады. Бирок ошого карабастан сотту жабык өткөрүүгө белсенип жатышат. Бул мыйзамды түздөн түз бузууга барабар. Бирок биз бүгүн сотко өтүнүч келтирип, сот жыйынын ачык өткөрүүнү сурадык. Сот аны кийинки жыйында чечмей болду.

Ишти караган судья кылмыш ишиндеги материалдардын жашыруундуулугу боюнча мыйзамдык нускамалар менен таанышып чыга электигин айткан. Ошондуктан сот 7-сентябрга жылдырылды. УКМК кылмыш ишиндеги тергөөнүн материалдарына “жашыруун” деп гриф койгону белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочу сот жараяны эмнеге жабык өтүп жатканына жооп берүүдөн баш тартты.

Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов сотту жабык өткөрүүгө мыйзамдуу негиз бар деп эсептейт:

- Бул сот ишинин жүрүшүндө бардык эле адамдар ага катышып, эмоцияга алдырып, ар нерсени сүйлөй бербеши керек го. Анан калса бул сот ишинде мамлекеттин кызыкчылыгына жана улуттук коопсуздугуна байланыштуу материалдар болуп жаткан соң, сот иши жабык өтүп жатса керек. Болбосо аны жашырып эмне?

“Элдик парламент” “мокой” элекпи?

Анткен менен “Элдик парламент” уюмунун мүчөсү Расул Үмбөталиев камалган саясатчылар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген эмес деген пикирде. Болгону Атамбаев бийлигин сындап, анын кетишин талап кылган үчүн өч алуу жүрүп жатканын айткан Расул Үмбөталиев алардын бардыгын камап жок кылууга мүмкүн эмес экенин эскертти:

Расул Үмбөталиев
Расул Үмбөталиев

- 2010-жылы Атамбаев башында тургандар деле ошол кездеги бийликти кетсин деп чыгышпады беле. Анан аларга жоопкерчилик болдубу? Мыйзам бардыгына бирдей болушу керекпи? Биз деле бийликтин кемчилигин айтып, аны кетсин деп айтканбыз. Керек болсо биз көчөгө чыккан жокпуз. Ак үйдүн коргонунан ашкан жокпуз. Бийликти басып алалы деген чакырык ташталбады. Анан эле биздин саясий санаалаштарды камап салышты. Аны менен “Элдик парламент” жоюлган жок. Сот чечимдери акыйкат болбосо, жетекчилер камалса, катардагы мүчөлөрүбүз бар. Анын дагы эми экинчи толкунун камаса, үчүнчүсү чыгат. Анын бардыгын бийлик камап, түгөтө албайт. Ага УКМК камералары жетишпей калат.

Жогорудагылардан сырткары саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров быйыл 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы катары кийин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынган болчу. Булардын бардыгын камакка алууга алардын бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы негиз болгон. Булардын кылмыш иштери ар башка болгондуктан сот иштери дагы ар башка мөөнөткө дайындалган.

XS
SM
MD
LG