Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

“Элдик парламенттин” дагы бир мүчөсү камалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Элдик парламент” коомдук уюмунун дагы бир мүчөсү Тойгонбек Калматовду камакка алды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеген Тойгонбек Калматов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деп айыпталып жатат.

Май айында ушундай эле айып менен аталган уюмдун төрт лидери камалган эле. Азырынча бул иш сотко өтө элек жана тергөөнүн создукканын сынга алгандар да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Тойгонбек Калматовду ушул жылдын май айында козголгон кылмыш иштин негизинде 30-июлда камакка алды. Анын уулу Нурбек Калматов ошондон бери атасы тергөөдө көрсөтмө берип жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Анын суракка чакырып жатышканын билем. Мен өзүмчө жашагандыктан андан башка аки-чүкүсүн билбейм. Эч нерсе табышкан жок дегенин уккам. Адвокат жалдадык. Азыр ошол адвокаты менен жолугам.

"Элдик парламенттин" камактагы лидери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев
"Элдик парламенттин" камактагы лидери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев

“Элдик парламенттин” лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев жана Марат Султанов ушул жылдын май айында камалган эле. Анын алдында аты аталган адамдардыкы делген, тымызын жаздырылып алынган видео, аудио тасмалар интернет аркылуу жайылып кеткен.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун сүйлөшүүлөрдүн тымызын жаздырылып алынганын сынга алды жана аны куугунтук деп баалайт:

- Кыргызстандын Конституциясынын 29-беренесинде эки адамдын ортосундагы телефондон же жөн сүйлөшүү купуя сыр болуп эсептелет. УКМК ошону ачыкка чыгарып, адамдардын укугун тебеледи. Оппозицияга жасалган куугунтук болуп эсептелет. Мен алардын камалышын бийликтин куугунтугу деп эсептейм. Эки жарым айдан ашык убактан бери жатышат, же сот болбойт, же тергөөсү бүтпөйт. Эми Тойгонбек Калматовду камап эмне кылышат? Бул репрессиянын бир түрү да. Акаев, Бакиевдин убагында эмне болду эле? Ошолор кетирген катаны азыркы бийлик кайталап жатат.

Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Атайын кызмат “Элдик парламенттин” камакка алынган лидерлерине “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деген айып таккан.

Парламенттин экс-спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, салмактуу далил болбогондуктан тергөө узарып, иш сотко жетпей жатышы мүмкүн:

- Менимче, алардын күнөөсү далилденбей жатса керек. Эгер ошондо оор айып тагылгандан кийин ошону далилдей турган аракеттер болушу керек. Бул жерде аракет болгон эмес. Сүйлөштү дегенден башка эч нерсе жок. Экинчиден, “ушинтип баарыңарды четинен камайбыз” дегендей бийликке каршы сүйлөгөндөрдү коркутуу үчүн жасалып жаткан иш-аракет болуп жатат. Азыр эми Конституцияны өзгөртөбүз деп жатпайбы, ошого да байланыштуу болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин төрагасы, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул иш сотко жеткенде азыр бүдөмүк болуп турган бир топ жагдайлар белгилүү болот дейт:

- Бул иш коомчулуктун көзөмөлүндө, жакында сотко өтөт. Эгерде тергөө аша чаап кетсе, далилсиз эле камап, саясий сестентүү айла-амалы болуп кала турган болсо, башкаларды коркутуу аракети болсо анда сот жараяны маалында ачыкка чыгып калат. Эми видеодон дагы башка далилдер, көрсөтмөлөр болушу керек. Биз оппозицияда жүргөндө деле далай жолу телефондорубузду тыңшап, жаздырып жайып жиберген учурлар болгон. Бирок мунун баары коомчулуктун көзөмөлүндө деп бизди бакиевчилер камоого бара алган эмес. Эгер азыр атайын кызматтын колунда телефон сүйлөшүүлөрүнөн башка эч нерсе жок болсо, анда уят эле болушат.

"Элдик парламенттин" жыйыны
"Элдик парламенттин" жыйыны

“Элдик парламент” ушул жылдын апрель айында түзүлгөн. Анда уюмга өлкөгө 25 жылдан кем эмес кызмат кылган адамдар киргени жана 105 адамдан турары айтылган. Оппозицияга да, бийликке да көз карандысыз саясий уюм болот деп белгиленген. Бишкектин борбордук аянтына 50-60 миң адам топтоп жыйын өткөрөрүн айткан. Лидери Бекболот Талгарбеков “Элдик парламенттин” артында “Орусиядагы жогорку бийликке жакын генералдар турат жана алар бизди колдойт", деп билдирип келген.

Ушул тушта “Элдик парламент” бириндеп-чачырап кеткени белгилүү болду. Ага мүчө болгондордун бири Асанбек Сарыбаев аны мындайча түшүндүрдү:

- Кылган иштери айткан сөздөрү менен айырмаланып калганда эле кетип калгам. “Элдик парламент” дегенден кийин Конституцияга, башка мыйзамдарга кандай оңдоп-түзөтүүлөр керек, ошого элдин атынан сунуштарды берип, айтып турат экенбиз дегем. Анан эле кайдагыны сүйлөп башташпадыбы. Эми ар дайым бийликтин кемчиликтери болот. Эгер баштагыдай эле максат менен чыкканда, азыр Конституцияны өзгөртөбүз деп жаткан маалда чыгып, “биз “Элдик парламентпиз, ушундай сунуштарыбыз бар” деп чыкса туура эле болмок. Булар болсо таптакыр башка жолго түшүп алышпадыбы.

“Элдик парламент” президент Алмазбек Атамбаевден отчет алуу жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев өңдүү анын санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдү эл аралык сотто жоопкерчилигин кароо деген үч талап менен чыккан. Мындай талапты колдобой турганын айтып Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев өңдүү таасирлүү мүчөлөрү да бул уюмдун катарынан чыккан эле.

XS
SM
MD
LG