Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Корчубек Акназаров: Президенттин иши сөзүнө дал келиши керек


Корчубек Акназаров.
Корчубек Акназаров.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры, ондогон жылдар бою жетекчилик кызматта иштеген, быйыл 96 жашка келген Корчубек Акназаров аксакал Кыргызстандагы коомдук-саясий абал, коррупцияга каршы күрөш, аймактык реформа, айыл чарбасын өнүктүрүү өңдүү маселелер тууралуу пикирин билдирип, “Азаттыкка” маек курду.

- Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенине алты айга жакындап калды. Коомчулукта өлкөнү алдыга жылдырууда, элди бириктирүүдө Сооронбай Жээнбековдо тарыхый мүмкүнчүлүк турганы айтылууда. Сиздин ишенимиңизде, азыркы президент ал шарт-жагдайды пайдалана алабы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

- Сооронбай Шарипович менен тааныштыгым жок, анда-санда жолуккан жерде саламдашам, көрүп калам. Бирок ал тууралуу чеки сөздү укканым жок, мен түштүктө да, түндүктө да иштеген адаммын, түштүктө жоро-жолдошторум бар, алардан да Сооронбай Шариповичтин адамгерчилиги жагынан жакшы сөздөрдү угам. "Калыс, куулук-шумдугу жок, түз жүргөн, алдым-жуттуму жок, коррупция деген балакеттен алыс" деген жакшы сөздөрдү угам, айтор ал менин ишенимиме арзыйт. Анын иш тажрыйбасы - айылдык кызматтан, райондук, облустук, республикалык масштабга чейин келген. Бул иш тажрыйба деген да чоң нерсе, анын иш тажрыйбасы кенен киши экен деп угуп жатам. Иш тажрыйбасы жок адам атүгүл мыкты түз ура албайт, негизи иш тажрыйбасы молдугу анын жакшы жагын көрсөтүп турат. Эл айтат “түндүк-түштүк..” деп, Сооронбай Шарипович калыс иштеши керек.

- Президент Жээнбековдун мындан аркы кадамдары кандай болууга тийиш? Эмнеге өзгөчө көңүл бурушу керек?

- Калыс, айткан сөзү менен иштеген иши бирдей болушу керек. Сооронбай Жээнбеков иштегенине 4-5 ай болуп калды, "муну бүтүрөм, аны бүтүрөм" деген ниеттери бардыр, кыска мөөнөттө, узак мөөнөттө аткарчу иштери бардыр. Ошол кыска мөөнөттөгү аткарылчу иштерди чечкиндүүлүк менен аткарышы керек. Эл билиши керек, эл көрүшү керек, эл ишениши керек. Ал эми узун мөөнөттөгү иштерин да акырындап жылдыра бериши зарыл. Чечкиндүүлүк менен иштеши керек. Мына, жакында Кочкорго, Нарынга, Жумгалга, Баткенге барып келди, мен бул баргандарын жактырдым. Элге аралашып, элдин пикирин, сөзүн угуп, абалды жеринен көрүп келди, мына ушундай иштерди улантышы керек. Мына азыр алдына коррупция менен чекиндүү күрөш жүргүзүү керек деген максат койду. Бул коррупция деген нерсе коомдун сары чырмоогу. Өсүмдүктү, эгинди сары чырмоок оросо, анын түшүмү болбойт эмеспи, демек сары чырмоокту жок кылыш керек. Коррупциядан арылмайынча мамлекет өспөйт, коом өспөйт, эл өспөйт, байлык өспөйт. Буга Сооронбай Жээнбековдун көзү жетип турат, “күрөшөм” деп айтты. Ошол катуу күрөшүн чечкиндүүлүк менен иш жүзүнө ашырышы керек. Сөз жүзүндө калбай, иш жүзүндө аткарылышы керек. Сооронбай Шарипович коррупция менен күрөшүүгө ким тоскоолдук кылып, ким бут тосуп жатканын, ким коррупцияга чөмүлүп, аралашып калганын эң жакшы билип турат. Мына ошол билип тургандарга тез чара көрүп күрөштү иш жүзүнө ашырышы керек. Бутуна оролошуп тоскоол болуп жаткандардын бутун биротоло сууруп салышы керек. Ошолор менен күрөшө турган адамдарын коюшу зарыл, чечкиндүүлүк керек да.

Акназаров: Президенттин иши сөзүнө дал келиши керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:28 0:00

- Атамбаев өзү кезинде Сооронбай Жээнбековду премьер кылып, президентттик шайлоодо колдоп, элди ага добуш берүүгө үндөп, анан ант берүү салтанатында ак тилегин айтып, кабинетине өзү отургузуп, эми кайра өзү нааразы болуп жатканына кандай карайсыз?

- Муну мен туура эмес деп ойлойм. Мен гана эмес эл, коом Сооронбай Шариповичтин дарегине Атамбаевдин ошол айткандарын жактырган жок. Мен деле аны туура көргөнүм жок. Өзү Сооронбай Жээнбековду колдоп шайлоого катуу киришти, өзү аракет кылды, анан эми кайра минтип сүйлөп олтурганы мага анча жаккан жок. Мен Атамбаевдин ал сөздөрүнөн мындай нерсени байкап калдым: "мен айткандарды, мен көрсөткөндөрдү, мен жаса деген иштерди гана аткарасың" дегендей кылыптыр. Эми андай кош бийлик болбойт да. Мен ушундай түшүнөм, эл деле ушундай түшүндү.

Эң негизгиси - ынтымак, биримдик, бир күчкө топтолуш керек. Кыргызстанды экономикалык жактан, маданият жактан гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз деген максатты коюу керек. А жанагы коррупция деген нерсени түп тамырынан жоготуу зарыл. Антмейинче Кыргыстан оңолбойт, ага менин гана эмес, бүт кыргыз элинин көзү жетип турат.

- Сиз эми көптү көргөн, мамлекеттик кызматта тажрыйбалуу адамсыз, аксакалсыз дегендей. Кыргызстандын элине, өлкөнүн саясатчыларына айтчу кандай насаатыңыз бар?

- Азыркы президент кадрлар менен иштөөнү жакшыртса болот эле. Кадрлар менен иштешүү - өзүнчө эле бир исскуство. Кадрды тандоо, иш жөндөмдүүлүгүн машыктырып күчөтүү, аларды көзөмөлдөө жагын катуу колго алса. Кадрлардын бат-бат эле алмаша берген өнөкөтү мага жакпайт. Кадрларды туруктуу иштетүүгө аракет кылса дейт элем. Бул - бир. Экинчиден, алакандай Кыргызстанга 40 райондун, 7 облустун кандай кереги бар дейм да? Мына, Монгол өлкөсүнүн жери кандай кенен, а болгону 17 эле аймагы бар. Мен эми муну бүгүн-эртең эле аткара салыш керек деген ниет менен айтып жатканым жок, келечекте аткарылса деп айтып жатам. Болгону 10-15 аймак түзүп, ага мыкты кадрларды коюп, алардын укугун да күчтүү кылып, анан талапты койсо жакшы болоор беле деп ойлойм. Экономика жагынан ала турган болсок, Кыргызстанда 8-9 миллион гектар жайыт бар, ошол жайыттын ар бир гектарынан 2 центнерден эле тоют биримдигин алса канча миллиарддаган киреше түшкөнү турат. Мына ушуну туура пайдаланса. Азыр кыргыздар оңой, жеңил жагына аракет кылып жатышпайбы. Мына, койго караганда уй, жылкыны багуу оңой, учурда уй менен жылкынын санын көбөйтүп, койдун санын азайтып жиберишти. А менин оюмча койдун саны андан да көбүрөөк, эки-үч эсе азайып кетти. А бирок карап көрө турган болсок, койдун жайыты менен кара малдын жайыты башка-башка. Кара мал, уй-жылкы тоо этектеп жайылат, бийикке чыгып жайыла албайт. Койду болсо бийик жактагы жайыттарга жайласа болот, мына ошол бийиктеги жайыттар калып кетип жатат. Койдун кирешеси да чоң да, анын жүнү, эти бар дегендей. Убагында койдун саны 7-8 миллион, атүгүл 12 миллионго жеткен болчу, азыр азайып кетти. Раматылык Табылды Эгембердиев деген ишкер илгери мага бир жолугуп: “Корчуке, бул жагымды карасам деле акча, тигил жагымды карасам да акча, ошол акчаны терип алганга убактым жетпейт атат”, - деп айткан эле.

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

​Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөөрүн эскертти.

- "Бут астында тебеленип жаткан байлыкты өзүбүз пайдалана албай жатабыз" дегени турасыз го?

- Кыргызстандын бардык жагы эле байлык. Мына, маселен, бал аарынын челегин өзүбүздөн жасап, жаштарды ошол өнөргө окутуп, үйрөтүп, анан 100 миңдеген тонна бал ала турган болсо, канчалаган байлык жатат бул жерде. Ушуну бир ойлонуп көрүшсө. Мына, ушул сыяктуу эле өнөр жайда да, айыл чарбасында да жумуш ордун көбөйтүүгө аракет кылыш керек. Өнөр жай боюнча жеңил өнөр жайга көңүл буруп, малды көбөйтүп, ошолорду аткарса эле Кыргызстан экономикалык жактан өнүгүп, байлыгы көбөйүп, гүлдөгөн өлкө болгону турат. Андан тышкары дагы кошумча мындай оюм бар: мына, Каракөлдө электр энергиясын иштетүү боюнча кандай бир терең, чоң мүмкүнчүлүк турат, учу-кыйырына көз жетпеген байлык жатат. Ошону иштете турган кандайдыр уюл, чордон, күчтү топтошубуз керек да! Каракөлдө мына Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2ни курууга катышкан чоң бир ишканалардын чордону бар болчу, ошону таркатып жиберишпедиби. Ошону кайра калыбына келтирсе, Кыргызстан өзү ушундай бир топ түзүп, каражатты ошого берип, анан жанагы чакан ГЭСтерди өзүбүз кура баштасак, кандай сонун болоор эле. Башында чакан ГЭСтерди кура баштасак, бара-бара чоң ГЭСтерди курууга да дарман-кудурет жетип баштамак. Ушундай демилгелерге азыраак болсо да экономикалык жардам берип, Орусияга, Казакстанга тентип кетип калган мигранттарыбызды кайра чакырып, айлыктарын көбөйтүп, тамак-ашын жакшыртып, шартын түзүп, ушундай бир топ түзүү керек эле да. Эң негизгиси - ынтымак, биримдик, бир күчкө топтолуш керек. "Кыргызстанды экономикалык жактан, маданият жактан гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз" деген максатты коюу керек. А жанагы коррупция деген нерсени түп-тамырынан жоготуу зарыл. Антмейинче Кыргызстан оңолбойт, ага менин гана эмес, бүт кыргыз элинин көзү жетип турат.

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:00 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG