Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

“Республика - Ата Журтта” бийлик "алмашты"


“Республика - Ата Журт” фракциясы.
“Республика - Ата Журт” фракциясы.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашты.

Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловдун шайланганы ротация деп түшүндүрүлгөнү менен фракцияда буга нааразы болгондор да бар.

Эксперттик чөйрөдө "кайсы бир саясий күчтөрдүн ортосунда 28 мандат менен экинчи орунда турган "Республика - Ата Журт" фракциясын талашуу башталды" деген пикирлер арбын.

"Республика - Ата Журт" фракциясы төраганы алмаштыруу боюнча 3-апрелде кечке жуук кезексиз жыйынга чогулду. Анда 21 депутат Жыргалбек Турускуловдун талапкерлигин колдоп, добуш бергени белгилүү болду.

Мирлан Жээнчороев - жаңы лидерди колдобогон алты депутаттын бири. Анын айтымында, фракция лидери эч негизсиз алмашты:

- Жаңы лидердин дайындалганы күтүүсүз болду. Маселе ачык-айкын эмес, көмүскөдө, кол топтолуп чечилип калды. Чечим фракциянын жыйынында гана айтылды. Бул жерде саясий да негиздеме болгон эмес. Руслан Казакбаев арыз жазган жок, үстүнөн эле кол топтолуп кызматтан алынган. Эгерде документтерди карап көрсөңөр, ал жерде ротация эмес, "кызматтан алынсын" деп эле жазылып турат. Мен добуш берген жокмун. Өзүңөр билгендей кесибим юрист. Жумушка алууда да, жумуштан алынганда да анын негизи белгиленип, такталып, ачык-айкын айтылышы керек.

"Республика - Ата Журт" фракциясы.
"Республика - Ата Журт" фракциясы.

"Республика - Ата Журт" фрациясынын депутаты Таабалды Тиллаев фракция лидеринин алмашканын көпчүлүктүн сунушу катары түшүндүрдү. Ал фракциянын ичинде коомчулукка жарыяланбай турган маселелер бар экенин, буга чейинки лидери депутаттардын талаптарын канааттандырбай калганын белгиледи:

- Бул күтүүсүз эмес. Депутаттардын сунушу менен фракциянын кезексиз жыйыны өткөн. Кезексиз жыйынды фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов чакырды. Бул жерде коомчулук билбеген маселелер, депутаттардын, биздин партиялаштардын талаптары бар. Ошону буга чейинки лидер жеткиликтүү деңгээлде чече албаганы үчүн ошондой чечим кабыл алдык. Фракция жыйынына 21 депутат катышты. Ал жерде жалгыз эле талапкер Жыргалбек Турускулов болду. Курманкул Зулушевдин талапкерлиги коюлган жок. Турускуловду 21 депутат бир добуштан колдоп берди. ​

"Республика - Ата Журттун" депутаттары.
"Республика - Ата Журттун" депутаттары.

"Республика - Ата Журт" фракциясын башында Өмүрбек Бабанов жетектеген. Ал былтыр күзүндө президенттик шайлоого катышып, утулуп калгандан кийин, үгүт маалында айткан сөзү боюнча кылмыш иш козголгон. Буга байланыштуу Бабанов лидерликти өткөрүп берген жана чет өлкөгө чыгып кеткен. Анын ордуна Руслан Казакбаев менен Талант Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Жашыруун добуш берүүдө Мамытов 12, Казакбаев 15 депутаттын добушун алып төрага болуп шайланган. Өмүрбек Бабанов быйыл январь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Руслан Казакбаев фракция лидерлигинен кеткенине байланыштуу азырынча өзү үн ката элек.

РАЖдын лидери алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

КСДП алсырайбы?

Ал арада "Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк ыдырашы ыктымал" деген сөздөр кызыды. Божомолдорго караганда "Бир Бол" фракциясы коалициядан чыгаарын жарыялашы мүмкүн.

Бул макала жазылып жаткан чакта аталган фракциянын төрагасы Алтынбек Сулаймановдон жана анын фракциялаштарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев коалициянын ыдырашын саясаттагы кадимки көрүнүш деп атады, бирок анын арты менен парламент өзүн өзү таратууга алып келе турганн жагдайлар азырынча жок экенин белгиледи:

- Коалиция ыдырап деле кетиши ыктымал. Коалиция ичиндеги же болбосо оппозициялык азчылыкта сүйлөшүүлөр болуп, ар кандай саясий абал түзүлүп, курчуп калса же болбосо өкмөткө нааразылык болсо, иши начарласа, туура эмес, жагымсыз иштер жасалса, коалициянын ыдырашы болуп эле келген нерсе. Мен андай жагдай түзүлгөнүн азырынча көрө элекмин. Ал эми парламент тарашы үчүн депутаттар өздөрүн өздөрү таратышы керек да. Азыр эми 2,5 жыл иштеп, дагы 2,5 жыл калды. Ызы-чуу кылуу, кайрадан шайлоо жарыялоо, бюджетте акча тартыш болуп турганда каражат бөлүү кайра эле кырдаалдын курчушуна алып келет. Парламент таркагыдай деле жагдай жок. Коалициянын тарашына негиз бар-жогун айта албайм, аны убакыт, жагдай көрсөтөт.

Антсе да 28 мандат менен экинчи орунда турган "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери күтүүсүз алмашканы талкууга жем таштады. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бул парламенттин ичиндеги саясий күчтөрдүн кармашынан кабар берет:

- Фракцияда Өмүрбек Бабановду колдогон адамдар жаңы лидеринин шайланышына каршы чыгып жатат. Менимче, парламент ичинде 28 депутат үчүн күрөш болуп жатат. Эгер Бабановду колдогон адамдын ордуна Бабановду колдобогон адам келсе, анда алар КСДПга жакындашат. Мурда Асылбек Жээнбековду парламенттен кетиргенге аракет кылышкан. Эгер ал парламенттен кетсе азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги позициясы таптакыр төмөндөйт. Ушул себептен парламент ичинде күрөш болуп жатат.

Өткөн аптада УКМК "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго дагы бир кылмыш ишин ачканы маалым болгон. Атайын кызмат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген берене менен былтыр козголгон кылмыш ишинен Бабановго тиешелүү материалдарды өзүнчө бөлүп алып тергеп жатканын кабарлаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бабановдун экинчи кылмыш ишинин тергелип жатканын саясаттагы каршылаш күчтөрдүн тымызын күрөшү менен байланыштырган:

- Мына, парламентте тарап-тарап болуп бөлүнүп, саясий тирешүүнүн айынан эки жаат болуп жаткан чакта "Республика - Ата Журт" фракциясынын 28 добушу керек болду. Бул тирешип жаткан күчтөрдүн бири-бирине берген жообу болду окшойт. "Мына, сен "Бабановду фракциясы менен өзүмө алам" деп жатасың, мен буга керек болсо кылмыш ишин козготом" деп жатышы мүмкүн. Бул да ошол саясаттын курмандыгы. Анткени алдыда парламентте премьер-министрди кызматтан кетирүү боюнча, "кийинки премьер ким болот" деген маселе турат. "Балким Атамбаев өзү премьерликке келет" деген сөздөр бар. Ошондуктан "Республика" 28 добушу менен парламентте негизги фракциялардын бири болуп калды. Булардын фракциясы азыр талашка түшүп жатат. Ушундай учурда Бабановго "жөн отур, соодалашпа" деген ишарат болушу мүмкүн.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын жаңы лидери болуп шайланган 43 жаштагы Жыргалбек Турускулов парламенттеги жигердүү депутаттардын катарына кирбейт. Ал Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин 1997-жылы аяктаган. 2000-жылы ушул эле окуу жайда "Юриспруденция" факультетин да бүтүргөн.

2010-жылдарга чейин "Эмгекчил", "Строй-Арсенал" деген ишканаларды жетектеген. 2010-2013-жылдары "Чыгыш электро" акционердик коомун башкарган. 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG