Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

А. Атамбаев: Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек


Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков. 9-апрель, 2015-жыл.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков. 9-апрель, 2015-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек деген оюн билдирди. Ал мындай пикирин Бишкекте КСДП курултайынан кийин өткөн баса сөз жыйынында айтты.

- Мен Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле "Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек" деп айткам. Азыр да ошол пикирдемин. Асылбек Шариповичтин депутат болушу эртеби-кечпи президентке зыяны тиет. Муну айтуу менин парзым. Буга чейин Мискенбаев айтып койгон экен, - деди Атамбаев

Бүгүн КСДПнын курултайы өтүп, анда Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Курултайга 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар курултайга кирбей калганын айтса, айрымдары партия жетекчилигине нааразылык иретинде андан чыгып кеткенин билдиришти.

Учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Орион” мейманканасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG