Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Апта: Атамбаевдин тактикасы, Кемероводогу апаат


КСДПнын курултайы, 31-март, 2018-жыл
КСДПнын курултайы, 31-март, 2018-жыл

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Ишемби күнү Бишкекте Социал-демократтар партиясынын курултайы өттү. Ага катышкан 200гө жакын делегат экс-президент Алмазбек Атамбаевди башкаруучу партиянын төрагалыгына шайлады.

Милиция курултай өткөн жерди кайтарууга алып, журналисттер киргизилген жок. Социал-демократтардын парламенттеги, жергиликтүү кеңештердеги депутаттары, өкмөттө иштеген мүчөлөрү жана жер-жерлерден келген делегаттары катышкан жыйын бир саатка созулду.

Курултай өтүп жаткан маалда 15тей делегат нааразылык билдирип, сыртка чыгып кетти. Алардын бири Ош облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Кушбак Тезекбаевдин «Азаттыкка» айтканына караганда, Атамбаевге суроо берүүгө аракеттенгенде ал жерде отургандардын "чабуулуна" кабылган.

Алмазбек Атамбаев, КСДПнын курултайы, 31-март
Алмазбек Атамбаев, КСДПнын курултайы, 31-март

- "Сооронбай Шарипович үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатат" дегенди эл алдына факты менен айтып бериңиз деген суроо бергем. Экинчи жолу "сиз Эл баатырысыз, президенттик кызматты аркалап бүткөндөн кийин саясатка эмнеге аралашып жатасыз?" - дегем. Ал суроомду окуп, жооп бербей койду. Анан ордуман туруп, нааразылыгымды айтсам, дароо эле ызы-чуу чыкты. Бир ууч адамды «ууландырып» коюшуптур, - деди Кушбак Тезекбаев.

Андан соң бир нече киши курултайдын чечимин күтпөй эле чыгып кеткенин, делегаттар үчүн уюштурулган сый тамакка дагы барышпаганын кошумчалады.

Ал өзү менен чогуу Оштон атайын чакыртылган жети-сегиз киши «тизмеде жоксуңар» деген жүйө менен жыйынга кирбей калганын ырастады.

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков эч кандай пикир келишпестик болбогонун белгиледи. «Азыр мурда оппозицияда жүрүп, элди бөлүп-жаргандар Атамбаевди жамандап, Жээнбековду мактап жатышпайбы. Ошолордун сөзүнө ишенип кетпеши керек деген эле сөз болду» - деп Артыков суроого туюк жооп узатты.

Парламенттеги КСДП фракциясынын катчылыгы курултайга айрым депутаттар «каршылык иретинде барган жок» деген маалыматты төгүндөдү. Абдывахап Нурбаев башка облуста жүргөнү үчүн, Аида Касымалиева чет өлкөдөгү сапарына байланыштуу съездге катыша албаганын билдирген катчылык дагы бир депутат Төрөбай Зулпукаровдун келген-келбегенин так айта алган жок.

Башкаруучу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, премьер-министр Сапар Исаков түштөн кийин келип, делегаттар менен жолугушту.

Курултайдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди. Экс-президент «мурдагы караңгы заманга кайтпайлы деп саясатка кайтып келген» максатын түшүндүрдү.

Ал президент Сооронбай Жээнбеков менен курултай алдында жолугуп, досу, агасы иретинде ага акыл айтып, кеңеш бергенин, «мен айтпасам, ким айтат» - деп бышыктады. Мурдагы мамлекет башчы Жээнбековдун тегерегинде «катуу оюндар жүрүп жатканын» белгиледи.

Атамбаев: Мен айтпасам, ким айтат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00

Атамбаев президент Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы баяндамасында айтылган маалыматка «ачуусу келгенин» дагы жашырган жок. «Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, "Таза коомдун" негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал "аппаратыма өтө ишенип алыпмын" деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет», - деди экс-президент.

Атамбаев Коопсуздук кеңешинин азыркы ишине нааразы экенин, бул түзүм стратегиялык чечимдерди даярдаган "мээлүүлөрдүн борбору" болушу керектигин президент Жээнбековго айтканын кошумчалады.

Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Ал ошондой эле бажыдагы коррупциялык схемага токтолуп, ошол кездеги Бажы кызматынын төрага орун басары, коомчулукта "Райым миллион" деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимовду премьер Исаковго айтып, “кызматтан ал” деп суранганын ачыкка чыгарды.

Экс-президент өкмөт башчы Исаковго «Таза адам. Ал жаңылат. Бир нерсени терең ойлонбой туруп тез баштай салат» деп өкмөт башчыны сындаган жок. Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкты «тендердин баарын 2016-2017-жылдары Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн» деп түшүндүрдү.

«Сот реформасын Атамбаев ишке ашырган жок деген сөздөргө таң калам» деген экс-президент «2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган жети кодекс кабыл алынган. Бирок алар Жээнбековдун (ал кезде премьер-министр) өтүнүчү менен келерки жылга калтырылган, элдин башын айлантпай, ачык айталы» деди.

Экс-президент буга чейин “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев көтөргөн Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты тууралуу “бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизерин» эскертти.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов курултайга чакырылбаганын ырастады.

КСДП: Достуктан атаандаштыкка карай

Эксперттер эгемен Кыргызстанда алгачкылардын болуп түзүлгөн партиянын жабык өткөн курултайын кызуу талкуулап, анын ичиндеги ажырым ачыкка чыкканын белгилешти.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин баамында, «эки команданын ичинде тирешүү бар экени» белгилүү болду. «Мен саясатка кайтып келдим» деген Атамбаев Жээнбековдун кетирген катачылыгын айтып өттү» - дейт саясий аналитик.

Политолог Игорь Шестаковдун пикиринде, экс-президенттин коомдо таасири күчтүү. “Атамбаев өлкөнүн саясий өнүгүүсүн соңку алты жылда эле эмес, андан узак убакыттан бери аныктап келаткан таасирдүү мамлекеттик ишмер катары саясатка кайтып келгенин сырткы дүйнөгө дагы көрсөттү" деп маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү орус тилинде өткөнүнө көңүл бурду.

Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Москвадагы Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Азаттыкка” берген комментарийинде Атамбаев “ал өзүн кандайдыр бир бейформал “улуттук лидер” катары көрсөткүсү келет” деп баалады.

“Ал премьер-министр Сапар Исаковду “ката кетирип жатат” деп далыга таптап, Жээнбековго “менден башка эч ким сага сын айта албайт, эч кимдин колунан келбейт” деп жатат. Бул анын өлкөнүн шайланган бийлигинен – президент менен премьерден жогору турам дегенин көрсөтөт”, – деди Дубнов.

“Бир жагынан балким антип айтууга Атамбаевдин өз жүйөсү бар. Жээнбековдун дагы, Исаковдун дагы азыркы кызматтарга келиши үчүн Атамбаевдин жеке өзүнүн эмгеги бардыр”, – деди москвалык эксперт.

Ошол эле маалда Дубнов бүгүн биз көргөн “Атамбаевдин жүрүм-туруму демократиялык өлкөнүн аброюна жооп бербесе деле керек” деп, “ал Кыргызстандагы партиялардын биринин лидери. Ага эч ким өлкө жетекчилигин “далыга таптап” турганга укук берген эмес. Ошол эле маалда демократиялык өлкөнүн жараны катары бийликке сын айтууга укугу бар. Бирок анын “президентти мен гана сындай алам” дегени суроо туудурат” деп социал-демократтардын жабык курултай курганы өлкөдөгү “демократиялык жараяндын ачык-айкын” принцибине каршы келерин айтты.

АКШда иштеген саясат таануу илиминин доктору Аскат Дукенбаев Атамбаевдин “өнүктүрүү стратегиясында парламенттик системага өтүү тууралуу жери алынып калган” деген сөзүнөн шек санап турганын айтты.

“Кыргызстандын Конституциясында парламенттин орду так, даана жазылган. Учурдагы президент каалайбы же каалабайбы ал Баш мыйзамдын негизинде гана иштей алат. Анда бизде президенттик-парламенттик система деп көрсөтүлгөн” деп баса белгиледи илимпоз. “Албетте, бизде толук кандуу парламентаризм түзүлө элек. Андай система мурда болгон эмес. Ал калыптануу жолунда, биз андан тайбашыбыз керек”, – деди Дукенбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда.

17-жолу өтүп жаткан Социал-демократтар партиясынын курултайына камылга бир нече ай мурда башталып, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир этчү саясий олуттуу чечимдер кабыл алынары айтылган.

Кемерово: апаат жана бийлик

Кемерово шаарындагы “Зимняя вишня” деп аталган соода борборунда 25-мартта чыккан өрттөн 64 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын 41и балдар деп айтылды. 80дей киши жабыр тартып, 12и ооруканага түштү. Тергөө комитети дайынсыз делген 67 кишинин үчөө табылганын билдирди.

Демилгечи топ дайынсыз жоголгондордун тизмесин түздү. Ал тизмеде курман болгон 64 кишиден тышкары 29 кишинин аты-жөнү бар. Топтун мүчөлөрү “алардын басымдуу бөлүгү трагедия болгондон бери үйүнө барбаганын” билдиришти.

Кырсыктан жакынын жоготкон аял. Кемерово, 28-март
Кырсыктан жакынын жоготкон аял. Кемерово, 28-март

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, жалын балдар ойногон жерде тутанган. Бир жарым миң чарчы метрдей жер өрттөнгөн. Имараттын ичин бөлгөн тирөөч дубалдар эрип, төртүнчү кабатта жайгашкан кинотеатрдын эки залы үчүнчү кабатка түшүп, соода үйүнүн чатыры толук күйүп кеткен.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, өрт чыкканын билдирген сигнализация иштеген эмес жана кооптуу кырдаалда ачылчу эшиктер жабык турган. Имаратта дүрбөлөңгө түшкөн элди эвакуациялоо уюштурулган эмес, андыктан ызы-чууда ким кайда басарын билбей калган.

Жалындан качып, терезеден секирип же имараттын чатырына чыгып кеткендер болгон. Тергөө комитети соода борборун кайтарган коопсуздук фирмасынын кызматкери өрт чыкканы тууралуу белгини көрсө да аны элге жарыялабай койгон деп маалымдады.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттөн өткөндө башталган өрттү түн киргенде гана өчүрүшкөн. Ага чейин жалын бир нече жолу алоолоп жайылган.

Ошол күнү соода борборунда жазгы каникулдагы атайын оюн-зоок өтүп, ага шаар сыртынан дагы жеткинчектер келишкен. Андыктан өмүрү кыйылгандардын көбү балдар.

Соода борборунун 3-кабатында жайгашкан зоопарктагы 200гө чамалуу 25тен ашык түрдөгү жаныбарлар дагы өлдү. Алардын көбү түтүнгө тумчугуп калган деп айтылды.

Кырсыктан кийин социалдык медиада бийликтегилер курман болгондордун санын жашырып жатышат деген маалымат тарады. Айрым блогерлер атайын кызматтардагы өз булактарына таянып, курмандыктардын саны 150дөн 300гө чейин жеткенин жазышты.

Орус президенти Путин Кемероводогу өрттөн өлгөндөрдү эскерүүдө. 27-март
Орус президенти Путин Кемероводогу өрттөн өлгөндөрдү эскерүүдө. 27-март

Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков "жалпысынан, тилекке каршы, кырсыктан 64 киши курман болду. Башка сандардын баары калп жана болбогон сөз" деп калган маалыматты жокко чыгарды.

27-мартта Кемерово шаарында облустук администрациянын алдында алдын ала пландалбаган митинг сегиз саатка созулду. Ага катышкан миңдеген шаардыктар канча киши өлгөнүн так айтууну жана жетекчилердин кызматтан кетишин талап кылышты.

Соода борборундагы кырсыктан үй-бүлөсүнөн беш кишини жоготкон Игорь Востриков “эң бай өлкөдө өрт өчүрүүчүлөр жетишпейт экен, тик учмалар жок экен. Эмнеге? Жооп бергилечи!" деп бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

Шаардыктардын алдына чыккан Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев чогулгандарды “элдин азасынан пайдаланып, өзүңөрдү таанытып жатасыңар” деп сындады. Ага жооп берген Востриков кырсыкта карындашы, аялы жана үч баласынан айрылып, жалгыз башы калганын айтып мукактанды.

Андан соң элдин жаалынан корккон вице-губернатор чогулгандардан тизелеп кечирим суроого мажбур болду.

Владимир Путин Кемерового 27-мартта учуп келип, соода борборуна барып, гүл койду. Демилгечи топ менен жолугушууда расмий маалыматтан күмөн санабоого чакырып, күнөөлүүлөр кызматына карабай сөзсүз жазаланарына ишендирди.

“Бул согуш жүрүп жаткан аймак эмес да. Же метан кокусунан жарылган көмүр кени эмес. Адамдар эс алганы келген, балдар. Биз демографияны сөз кылабыз да, ушунча адамды жоготуп жатабыз. Эмне үчүн?», - деди. Путин ага чейин жетекчилер менен кездешүүдө трагедияга “кылмыштуу шалаакылык” жеткиргенин айтып, «парасыз бир да тастыктама ала албайсың, пара менен эмнеге болсо да кол кое беришет» деп сындаган.

Аман Тулеев
Аман Тулеев

Табигый байлыгы көп облусту 20 жылдан ашуун башкарган губернатор Аман Тулеев шаардыктардын алдына чыккан жок. Путин катышкан жыйында президенттен кечирим сурап, аянтка чогулгандарды “чатак чыгарган бейбаштар” деп айткан. “Эки жүздөй киши чогулуптур. Алар жабыр тарткандардын тууганы эмес» деген 74 жаштагы губернатор анын машинесин коштогон кортеж «куткаруучулардын ишине тоскоолдук кылбасын” деп ондогон адам өмүрү кыйылган жерге барган эмес.

Апааттан үч күн өткөндөн кийин гана Тулеев иш бөлмөсүндө отуруп, Кузбасстын тургундарына видео кайрылуу жасады. Аймактык телеканал болсо аны “губернатордун көңүл айтуусу” деп көрсөттү. Видеодо ал “мунун баары терең ойлонулган, мунун баары адамдардын башын адаштырып, элдин бир бөлүгүн экинчисине каршы ууландыруу үчүн жасалып жатат” деп сүйлөгөн.

Бирок 1-апрелде Аман Тулеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны орус президенти кабыл алганы белгилүү болду.

Тулеев өзүнүн видеокайрылуусунда тилсиз жоо боюнча колунан келгенин кылганын, бирок бул кызматта мындан ары калууга моралдык укугу жок экенин билдирген.

73 жаштагы Тулеев саясатка 80-жылдары келген. Ал 1997-жылдан бери Кемерово облусун жетектеп келет. Ортодо төрт жолку шайлоодо кайра шайланган. Анын губернаторлук мөөнөтү 2020-жылы аяктамак.

Өрттөн кийинки жаза

500 миңден ашуун киши жашаган Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» соода борбору 2009-жылы ачылып, толук 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Ал шаардын чок ортосунда, темир жол вокзалына чукул жерде жайгашкан. Төрт кабат имараттын жалпы аянты 19 миң чарчы метр, ичинде дүкөндөр, “Сбербанктын” бөлүмү, кафе, балдардын борбору, үч залы бар кинотеатр, бассейн, фитнес-борбор, зоопарк жайгашкан. Имарат «Кемерово кондитер комбинатына» карайт.

Надежда Судденок
Надежда Судденок

Шаршембиде өрт чыккан соода борборунун башкаруучусу Надежда Судденок эки айга камалды. Ал сотто күнөөсү жок экенин айтып, 25-мартта күзөттөгү кызматкерлер кино залдардан бардык көрүүчүлөр чыгарылганын билдиришкенин, залдардын эшиги дайыма ачык турганын айтты.

Мурдараак күзөтчү Сергей Антюшин да эч кандай күнөөсү жок экенин айткан. Тергөө өрт башталганда ал “сигнализацияны жандырган эмес” деп тапкан. Антюшин болсо сигнализация мурда эле иштебей калганын, ал тууралуу жетекчиликке билдиргенин айтты.

Ишембиде сот соода борборуна ээлик кылган компаниянын башкы директору Юлия Богданова эки айга камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Кемерово кондитер комбинаты» компаниясынын директоруна оңдолгон имаратта коопсуздук системасы начар экени тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгени аныкталган. Тергөөчүлөр Богданова “зарыл чараларды көргөн эмес” деп эсептешет.

Өрттүн себеби

Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин ондогон адам өмүрүн алган өрткө “электр кабелдери өтө кызып кеткени” жана кимдир бирөөнүн “от менен ойногону” себеп болгонун билдирди. Ошондой эле өрт чыкканда кино залдардын биринин эшиги кулптанып турганы, ал эми сигнализацияны кароолчу өчүрүп койгону айтылды.

Аза күтүү. Кемерово
Аза күтүү. Кемерово

​Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 600дөн ашуун өрт өчүрүүчүлөр тартылганын, жабыр тарткандардын жакындарына 60тан ашуун психологдор жардам беришкенин билдирди. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, өрт өчүрүүчүлөр кеч келип, куткаруу иштери солгун жүргөндүктөн адамдар көп өлдү.

Орусиянын камсыздандыруу бирикмеси өрттөн кийинки чыгымды 4 миллиард рубль деп баалады. Соода борборундагы ижарачылардын кээ бири гана өз товарын камсыздандырган. Жергиликтүү бийлик, соода борборунун администрациясы биригип каза капкандардын туугандарына беш миллион рублден бермей болду.

26-мартта Кемеро облусунда үч күндүк, 28-мартта Орусия боюнча аза күтүү жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG