Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

Кемерово: өрт курмандыктары жерге берилди


Кырсыктан расмий маалымат боюнча 64 адам көз жумган, анын 40тан ашыгы балдар.
Кырсыктан расмий маалымат боюнча 64 адам көз жумган, анын 40тан ашыгы балдар.

​Кемероводо бүгүн 25-марттагы өрт кырсыгынан каза тапкандардын ичинен он төрт адамдын сөөгү жерге берилди. Кырсыктан расмий маалымат боюнча 64 адам көз жумган, анын 41и балдар. 28-март Орусияда Кемероводогу «Зимняя вишня» соода борборундагы өрт кырсыгынан көз жумгандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Надежда Агаркованын жана анын эки небереси - сегиз жаштагы Костя менен 10 жаштагы Машанын сөөгү бүгүн жерге берилди. Агарковдор – курман болгондордун арасында сөөгү оңоюраак таанылгандардан. Алар тилсиз жоонун исине тумчугуп көз жумушкан.

"Курман болгондордун арасында аты-жөнүн тактоо кыйын болгон дагы бир топ киши бар" - дейт Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков:

- Идентификация жүрүп жатат. 37 сөөктү дагы кошумча экспертизадан өткөрүш керек. Андыктан бул иш улантылат. Жалпысынан, тилекке каршы, кырсыктан 64 киши курман болду. Башка сандардын баары калп жана болбогон сөз.

27-март күнү Кемероводо курман болгондордун туугандары, алардын күйүтүн бөлүшкөн катардагы шаардыктар чогулуп, жергиликтүү бийликке жана алардын өрттүн кесепети тууралуу айткандарына нааразы болушкан.

Кемероводогу митинг: элге чындыкты айткыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Алардын бири соода борборундагы кырсыктан үй-бүлөсүнөн беш кишини жоготкон Игорь Востриков:

- Өрт өчүрүүчүлөрү жетпейт экен, тик учактары жок экен эң бай өлкөнүн. Эмнеге? Жооп бергилечи!

Кемерово: кызын жоготкон атанын күйүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Чогулган элдин алдына чыккан Кемеров облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев чогулгандарды, алардын ичинде үй-бүлөсүнөн жалгыз калган Востриковду да “элдин ызасынан пайдаланып, өзүңөрдү таанытып жатасыңар” деп айыптап чыккан.

Игорь Востриков вице-губернаторго кырсыкта карындашы, аялы жана үч баласын жоготконун эсептеп берди эле кийинчерээк вице-губернатор элден тизелеп кечирим сурады.

Облустун губернатору Аман Тулеев өзү нааразылардын алдына чыккан жок. Облуска келген президент Путин менен жолугушуу учурунда ал да аянтка чыккандарды кырсыктан пайда табуу аракетин көздөгөн оппозиция деп сүрөттөгөн:

- Элдин ызасын колдонуп, оппозиция чогула калды. Эки жүздөй киши чогулуптур. Булар жабыр тарткандардын тууганы эмес. Уят эмеспи, ушундай кырсык болсо, алар өз көйгөлөрүн чечип жатышат.

Губернатор Аман Тулеев уяткарган митинг катышуучуларынын бири ошол эле Сергей Агарковдун үй-бүлөсү.

- 200 кишини аман-эсен чыгардык дейт. Кимди чыгарышты? Өздөрү эле чыгышты. Биздикилердин баары 2-4-кабатта тумчугуп жатышты, - деген Сергей Агарков бүгүн ал апасы менен эки баласын акыркы сапарга узатты.

Ал ортодо Кемерово облусундагы орусиялык дарыгер-травматолог Андрей Волна “Кузбас сыйлыгынын лауреаты” наамынан баш тартып, губернатор Аман Тулеевден элден кечирим суроону жана кызматынан кетүүнү талап кылды.

Кемероводо сот өрт чыккан соода борборунун башкаруучусу Надежда Судденокту эки айга камакка алды. Судденок сотто күнөөсү жок экенин айтып, 25-мартта күзөттөгү кызматкерлер кино залдардан бардык көрүүчүлөр чыгарылганын билдиришкенин, залдардын эшиги дайыма ачык турганын айтты.

Надежда Судденок.
Надежда Судденок.

Мурдараак күзөтчү Сергей Антюшин да эч кандай күнөөсү жок экенин айткан. Тергөө өрт башталганда ал сигнализацияны иштеткен эмес деп тапкан. Антюшин болсо сигнализация мурда эле иштебей калганын айтты.

Каргашалуу окуядан кийин беш киши камакка алынды. Тергөөнүн версиясына ылайык, имаратта коопсуздук үчүн чара көрүлгөн эмес жана күзөт кызматкерлери элди эшикке чыгарууну уюштура алышкан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG