Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Кемерово: өрттөнгөн соода борборунун башкаруучусу камалды


Кемероводогу өрттөнгөн соода борборунун башкаруучусу Надежда Судденок сотто. 27-март, 2018-жыл.
Кемероводогу өрттөнгөн соода борборунун башкаруучусу Надежда Судденок сотто. 27-март, 2018-жыл.

Кемероводо сот өрт чыккан соода борборунун башкаруучусу Надежда Судденокту эки айга камакка алды. Жекшембиде болгон кырсыкта 64 киши каза тапты. Алардын 40тан ашыгы балдар экени маалым болду. Судденок сотто күнөөсү жок экенин айтып, 25-мартта күзөттөгү кызматкерлер кино залдардан бардык көрүүчүлөр чыгарылганын билдиришкенин, залдардын эшиги дайыма ачык турганын айтты.

Мурдараак күзөтчү Сергей Антюшин да эч кандай күнөөсү жок экенин айткан. Тергөө өрт башталганда ал сигнализацияны иштеткен эмес деп тапкан. Антюшин болсо сигнализация мурда эле иштебей калганын айтты.

Каргашалуу окуядан кийин беш киши камакка алынды. Тергөөнүн версиясына ылайык, имаратта коопсуздук үчүн чара көрүлгөн эмес жана күзөт кызматкерлери элди эшикке чыгарууну уюштура алышкан эмес.

Бүгүн өрттөн курман болгон 10дон ашуун кишинин сөөгү жерге берилди. Аза күтүү шаардагы төрт чиркөөдө жана төрт көрүстөндө өтүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков 37 сөөктү дагы кошумча экспертизадан өткөрүү зарылдыгын билдирди. Ал ошондой эле азыр дайынсыз жоголгон киши катары айтылып жаткандар жоктугун ырастады.

Куткаруучулар кырсык болгон жерде издөө иштерин жыйынтыктады. Мурдараак Тергөө комитетинин өкүлү 67 кишинин туугандары аларды "дайынсыз" деп полицияга кайрылганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG