Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кемерово: өрттө 41 баланын өмүрү кыйылды


Өрттө жакындарын жоготкондор, 26.03.2018
Өрттө жакындарын жоготкондор, 26.03.2018

Кемероводогу өрттө курман болгондордун жакындары 41 баланын өмүрү кыйылганын билдиришти. Бардыгы болуп жекшемби күнкү кырсыкта 64 киши кайтыш болгону расмий айтылды. Тек-жайы аныкталган 25 кишинин 13ү жеткинчектер. Өрттө бир нече киши жарадар болгон.

Бүгүн эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну бийликтен талап кылышты. Митингге Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев катышты.

Калаанын мэри демилгелүү топко өлүкканага (морг) жана күйүп кеткен соода борборуна барып, бардыгын өз көзү менен көрүүнү сунуш кылды. Топтун мүчөлөрүнүн бири ар бир кабинетти, жер төлөлөрдү, гаражды, имараттын чатырынын алдын карап чыгышканын айтып берди. Дагы бир активист сөөктөрдү жергиликтүү комбинатта жаап-жашырып жатышат деген соцтармактарда тараган кабарды төгүндөдү.

Ушул эле күнү аза күткөн шаарга президент Владимир Путин барып кетти. Демилгелүү топ менен жолугушууда президент расмий маалыматтардан күмөн санабоого чакырып, күнөөлүүлөр кызматына карабай сөзсүз жазаланарына ишендирди.

Тергөө комитети борбордун кароолчусу өрт жөнүндө кабар алганда сигнализацияны өчүрүп салганын, ал кармалганын билдирди. Андан тышкары бул кылмыш иш боюнча соода борборуна ээлик кылган компаниянын директору, өрт тутанган делген залды ижарага алган ишкер жана сигнализациянын иштешин камсыздаган уюмдун эки кызматкери камалды.

Кемерово облусунда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG