Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Кемерово: митингде бийликтин кетишин талап кылышты


Кемерово. 27-март, 2018-жыл.
Кемерово. 27-март, 2018-жыл.

Кемеровонун соода борборунда жекшембиде болгон өрттүн курмандыктарынын саны расмий маалымат боюнча 64кө жетти. Алардын арасында 41 баланын өмүрү кыйылды. Бүгүн жүздөгөн шаардыктар облустук администрациянын алдына митингге чыгышты.

Алар бийликтен кырсыкта канча киши өлгөнү тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты. Көп кишилер өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн деп күмөн санашат. Нааразылыкка чыккандар куткаруучулардын ишин сындап, апаатты кылдат иликтөөнү талап кылышты.

Чогулгандар «Чындык!», «Губернатор кызматтан кетсин!» жана «Путин!» деп кыйкырып жатышты. Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев митинг өтүп жаткан жерге келген жок. Элге анын орун басары Сергей Цивилев чыкты. Шаардыктар "өрттө курман болгондордун тизмесин толук жарыялагыла" деген талап коюшту.

Кемерово шаарынын мэри Илья Середюк канча киши курман болгону тууралуу бийлик берген сандын чын экенине ишениш үчүн моргду жана өрт каптаган имаратты көрүп чыгууну сунуш кылды. Журналисттер менен активисттер кирген беш кишилик топ түзүлдү.

Шейшембиде эртең менен Кемерового Орусиянын президенти Владимир Путин учуп барды. Ал соода борборундагы мемориалга гүл койду. Бирок митингге чогулгандарга жолуккан жок.

XS
SM
MD
LG