Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кемереводогу өрт, кыргызстандыктардын реакциясы


Кемерово
Кемерово

Кыргызстандыктар Кемерово шаарындагы өрттөн курман болгондорду эскерип жатышат.

27-март күнү тургундар Орусиянын Бишкектеги элчилигинин жанына гүл жана жумшак оюнчуктарды коюп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда 25-март күнкү өрт расмий эсепте 64 адамдын өмүрүн кыйды. Алардын көбү балдар. Күбөлөр көз жумгандар андан көп экенин айтышууда.

Кырсыктын себеби аныктала элек. Мерт болгондор менен жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланган.

Апаат болгон жерге барган президент Владимир Путин кырсык шалаакылыктан улам болгонун билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-мартта, орус президенти Владимир Путинге Кемерово шаарынын соода борборундагы өрттөн улам көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам көп адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп айтылган телеграммада.

Негизинен балдар каза болгон бул кырсык кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырган жок. Социалдык тармактарга пикир калтыргандардын көбү биздеги соода жайларынын абалы кандай деген суроону коюп жатышты.​

Кемероводогу кырсыкка коррупцияны күнөөлөп, андай көрүнүш Кыргызстанда да барын айткандар болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG