Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Кемероводо өрттө каза тапкандар жерге бериле баштады


Кемероводо өрттө каза тапкандар жерге берилүүдө. 28-март, 2018-жыл.
Кемероводо өрттө каза тапкандар жерге берилүүдө. 28-март, 2018-жыл.

Кемероводо соода борборундагы өрттөн каза тапкан 14 кишинин сөөгү жерге берилди. Аза күтүү шаардагы төрт чиркөөдө жана төрт көрүстөндө өтүп жатат.

Куткаруучулар кырсык болгон жерде издөө иштерин жыйынтыкташты. Өрт каптаган имаратта 64 кишинин дене мүчөлөрү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Владлен Аксёнов билдирди. Ал ошондой эле азыр дайынсыз жоголгон киши катары айтылып жаткандар жоктугун ырастады.

Мурдараак Тергөө комитетинин өкүлү 67 кишинин туугандары аларды дайынсыз деп полицияга кайрылганын маалымдаган.

Кемерово шаарынын жетекчилиги тек-жайы аныкталгандардын тизмесин жарыялады. Дайынсыз болуп эсептелгендердин тизмесинде 38 киши болсо, анын 26сы балдар. Жабыр тарткандар – 69 адам.

Социалдык сайттарда тараган жүздөгөн курмандыктар жөнүндө маалымат ырасталган жок. Ошондой эле өрттүн эмне себептен чыкканы да аныктала элек.

27-мартта Орусиянын ондогон шаарларында кырсыктын курмандыктары эскерилди. Шейшембиде Кемероводо мурдатан пландалбаган митинг өттү.

Чогулгандар жергиликтүү бийлик башчыларынын кызматтан кетишин талап кылышты. Шаардыктар "өрттө курман болгондордун тизмесин толук жарыялагыла" деген талап коюшту.

Кемеровонун губернатору Аман Түлеев митинг болуп жаткан жерге барган жок. Бул күнү шаарга келген президент Валдимир Путин да элге жолуккан жок.

Бүгүн Москвада өткөн акцияда чогулгандар «Путин кызматтан кетсин!», «Түлеев кызматтан кетсин», «Путинсиз Орусия!», «Биз Кемерово менен биргебиз!», «Чындык!» жана «Балдарды өлтүргөндөргө Кремлде орун жок!» деп кыйкырып жатышты.

Бүгүн Орусияда аза күтүү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG