Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Путин Түлеевдин кызматтан кетишин кабыл алды


Аман Түлеев.
Аман Түлеев.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кемеров облусунун губернатору Аман Түлеевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды.

Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Кремлдин басма сөз кызматы маалымат таратты. Путин кол койгон жарлыкка ылайык, облус жетекчисинин милдетин убактылуу вице-губернатор Сергей Цивилев аткарат.

Аман Түлеевдин кызматтан кетишине 64 кишинин өмүрүн алган “Зимняя вишня” соода борборундагы өрт себеп болду. Түлеев өзүнүн видеокайрылуусунда кырсык боюнча колунан келгенин кылганын, бирок бул кызматта калууга моралдык укугу жок экенин билдирди.

73 жаштагы Түлеев саясатка 80-жылдары келген. Ал 1997-жылдан бери Кемеров облусун жетектеп келет. Ортодо төрт жолку шайлоодо кайра шайланган. Анын губернаторлук мөөнөтү 2020-жылы аяктамак.

25-мартта "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын, анын ичинде 41 өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Тергөө комитети кырсыкка байланыштуу соода борборунун жетекчилерин жана тиешелүү кызматкерлерди камакка алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG