Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Атамбаевге резиденцияда жаңы үй курулган


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциянын аймагына мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын бышыктады.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Айша Чуштукова "Азаттыкка" билдиргендей, "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет башчы да "Ала-Арча" резиденциясынан өмүр бою турак жай менен камсыздалат:

- Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берди. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт.

Курулушка сарпталган акчанын калган бөлүгү кайсы булактан коротулганы айтыла элек. Буга чейин Интернет булактарында Алмазбек Атамбаев үчүн резиденцияга үй салынганы, ал 2017-жылы курулганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок ал маалымат расмий бышыктала элек болчу.

Иш башкармалык Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелээрин жана менчиктештирүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.

Маалыматта бул дача президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экени айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиевдин пикиринде, Башмыйзамда экс-президентке унаа, жансакчы, жардамчы өмүрүнүн аягына чейин бериле тургандыгы жазылганын эске салып, үй тууралуу айтылбаганын белгиледи:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Бул үй боюнча ким менен кимдин ортосунда түзүлгөн келишим бар, бул канчалык деңгээлде мыйзамга туура келет - документтер менен таанышып чыкканча айтуу кыйын. Бирок менимче Башмыйзамда үй тууралуу жазылган эмес. Айта кетүүчү нерсе - биз мамлекетибиздин бюджетин, чама-чаркын карап жашашыбыз керек. Биринчиден, резиденцияда 3-4 эле жетекчи жашашы керек. Бизде кандай? Учурда "Ала-Арчада" он чакты жетекчи, мэр, коопсуздукка тийиштүү министр да жашайт. Вице-премьерлер жашайт. Кичинекей Кыргызстанга мунун кереги жок.

Депутат Каныбек Иманалиев жетекчи кызматтагыларга берилүүчү артыкчылыктар мыйзам менен тескелиши зарыл экенин айтып, "Жогорку Кеңешке өзүнчө, президенттик аппаратка өзүнчө иш башкармалык болгону ысырапкорчулукка барабар" деп кошумчалады.​

Интернеттеги социалдык тармактарда болсо, "бул маалыматты Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы эмне үчүн жашырып келген" деген суроо коюшууда.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев экс-президентке арнап Мамлекеттик резиденцияда турак-жай салынышынан кандайдыр чоң маселе көрбөй турганын "Азаттыкка" билдирди:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Менин билишимче, Мамлекеттик резиденциянын ичинде экс-президентке деп жаңы үй куруп жатышкан. Ошол үй курулуп бүтсө керек. Анткени резиденциядагы үйлөрдүн баары 60-жылдары тургузулган эски, типтүү үйлөр. Жакшы жылыбайт. Балким ошондон улам жаңы кургандыр. Негизи эле ал жерде оңдоп-жаңылоочу көп нерсе бар, бирок ага мамлекеттин акчасы жок да. Ошондуктан ал өзү жашай турган болсо, өзү каражат бергендир. Бул жерден мен өтө чоң деле чатакты же бир чоң маселени көргөн жокмун.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылык кызматтан былтыр 24-ноябрда кеткен. Ал президент болуп турган кезинде, 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына жакын жерге үй салганы маалым болгон. Бирок бул 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекетке алынган жер экени айтылган. Аны Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттаткан. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1-декабрдагы маалымат жыйынында Кой-Таш айылындагы тогуз гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын өзү да ырастаган.

- Мен бай адаммын. Мародер эмесмин. Өз жериме адам катары үй салууга укуктуумун. Жер тилкесин сатып алып жатканда Албекке "ичиң оорубагандай болсун, канчага айтсаң сатып алам" деп айткам, - деген эле Атамбаев.

Атамбаев: Кой-Ташта үй салган жер тилкеси мыйзамдуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

​Президент үйдү Кой-Ташка атайын салып жатканын, анткени бул айылда билим алганын да кошумчалаган.

Ага чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерге үй курду деп айыптап чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG