Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

"Айкөл Ала-Тоонун" айгайы, ажырымдын көйгөйү


Мээрбек Мискенбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго талабы. 17-март, 2018-жыл
Мээрбек Мискенбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго талабы. 17-март, 2018-жыл

"Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаевдин 17-мартта президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы коомдук-саясий чөйрөнүн кызуу талкуусуна түштү.

Мискенбаевдин оозу менен айтылган доомат

Башкаруучу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) курултайынын алдында 17-марттагы Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди.

Иш-чарада "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин төрагасы, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал президентти үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө, иниси, КСДП фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшырууга чакырды:

- Президент Сооронбай Жээнбековду үй-бүлөлүк-кландык, авторитардык башкарууну калыбына келтирүүнү эңсегендерге моюн сунбоого чакырабыз. "Тууган-урук", "ака-үка" дегенди токтотуш керек, урматтуу туугандар. Мыйзам баарыбызга бирдей. Алмаз Атамбаевдин күчтүү, бирдиктүү жана эркин Кыргызстанды курууга багытталган саясий курсун улантууну Жээнбековдон талап кылабыз.

Мээрбек Мискенбаев иш-чарада "депутат Асылбек Жээнбеков агасы президент болуп калса, мандатын тапшырууга убада берген" деп билдирди. Мискенбаевдин бул билдирүүсүнө КСДПнын катчылыгы да, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков өзү да жооп кайтара элек. ​

Талап жана Асылбек Жээнбековдун абалы

Мунун баары партиялаш, санаалаш азыркы жана мурдагы президенттин ортосундагы ажырымдын ачыкка чыгышы катары сыпатталууда.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Мискенбаевдин айтканын курулай айгай салуу жана чагымчылдык катары баалады:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу тууралуу алдын ала эле айгай сала бергендин өзү туура эмес. Бул чагымчылдык. Эгерде ошондой маселе жаралып, президенттин жакындары бийликке аралашып, эл арасында аңыз кептер чыга баштаса, ошентип айтса бир жөн эле. Асылбек Жээнбеков - катардагы депутат. Ал комитетти же фракцияны да башкарбайт. Анан ал агасы менен кошо бийлик жүргүзүп, мамлекетти башкарып жатканы тууралуу сөз жок. Анан дагы Асылбек Шарипович өзү "агам президент болсо, мандатымды тапшырам" деп кимдир бирөөгө убада бергенин укпаптырмын.

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары, мурдагы парламент спикери Чыныбай Турсунбеков ошол учурда ал да талапкер катары даярданып жүргөндүктөн Асылбек Жээнбековдун агасы президент боло турган болсо, депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө убада бергенин укпаганын айтты. Ошондуктан ал бул суроого так жооп бере албастыгын билдирди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Мен да "ошондой сөз болду" деп уктум. Аны мен азыр тактап жатам. Мен дал ошол маселелер козголгон маалда өзүм президенттикке талапкер болом деп, даярданып жүрбөдүм беле. Андыктан ал тууралуу кабарым жок экен. Анан да партиялаштарымдын айткандары боюнча комментарий бербей эле турайын....

Мандаттан ажыратуунун максаты

Саясатчылар арасында болсо "апрелчи" экс-депутаттын билдирүүсүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каалоосу менен түшүндүргөндөр бар.

Алар мындай аракетти Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу аркылуу азыркы президент Сооронбай Жээнбековго таасирин күчөтүү дымагы катары баалашууда.

Саясатчы Равшанбек Жээнбеков Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты саясий тирештин негизги себебине айланышы мүмкүн деп эсептейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- "Сооронбай Жээнбеков өз алдынча президент боло алабы, бийликти өзүнүн колуна топтой алабы?" деген маселеде анын иниси Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты негизги көрсөткүч болот. Эгерде Асылбек мырза мандатын өткөрүп берсе - анда президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги колдоосу жок болот. Ал колдоону жок кылыш үчүн азыр Атамбаев жана анын командасына анын мандатын алуу абдан маанилүү маселе. Асылбек Жээнбеков - президент өз алдынча саясат жүргүзүп, иш алып барышы үчүн парламенттен күч топтоп бере ала турган саясатчы. Ошондуктан Атамбаевде аны мандаттан ажыратуу максаты турат.

Саясат талдоочулардын жоромолуна караганда, экс-президентке жана анын жакындарына Сооронбай Жээнбековдун соңку саясий кадамдары жакпай жатышы мүмкүн. Анткени президент Коопсуздук кеңешинде Атамбаев дайындап кеткен күч түзүмдөрүнүн башчыларын сындап, коррупция менен күрөшчү жетекчилердин өздөрү ага белчесинен малынып калганын айткан эле. Абалды жөнгө салууга мөөнөт берген мамлекет башчы буга чейин токтотулган коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерин кайрадан көтөрүүнү тапшырган. Равшанбек Жээнбеков ажырымдын себебин ушул жагдай менен байланыштырды:

Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен күрөшөм", "укук коргоо органдары аябай коррупциялашкан" деген сөзү Атамбаевге октой тийди окшойт.

- Президент Сооронбай Жээнбеков "коррупция менен күрөшөм", "укук коргоо органдары аябай коррупциялашкан" деген сөзү Атамбаевге октой тийди окшойт. Анткени Атамбаев буга чейин "ийгиликтүү реформалар жасалып, коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөш жүрүп жатат" деп байма-бай айтып келген болчу. Президент Жээнбековдун билдирүүсү анын буга чейин айткандарын жокко чыгаргандай болду. Ошондуктан Атамбаевге жана анын айланасына бул нерсе жакпай, карама-каршылыкты күчөттү.

Акыркы маалыматтарга караганда, КСДПнын курултайы 31-мартта өтүп, анда партиянын ички маселелери талкууланып, лидери аныкталганы турат. Партиянын башчылыгына Алмазбек Атамбаев кайра кайтып келери айтылган.

Апрель баатыры, ыңкылапты коргоо кыймылынын төрагасы Таалайбек Айдаров Мээрбек Мискенбаевдин айткандарын сындады.
Апрель баатыры Мискенбаевди сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:15 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG