Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:16

Апта: Эски - жаңы бийликтин оюну, ууланган тыңчы


Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жума ичинде Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиевдин президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн салыштырган макаласы кызуу талкууга түштү.

Макалада Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу 8-февралда жасаган баяндамасы сынга алынып, "мурдагы президент Атамбаевдин тушунда бул багытта жасалган иштерди жокко чыгаруу аракети бар" деген кине коюлган.

6-мартта жергиликтүү агенттиктердин бирине жарыяланган көлөмдүү макала боюнча президенттин аппараты азырынча комментарий бере элек.

Бир жарым ай Коопсуздук кеңешин жетектеп, өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Курманалиевдин макаласында "эгерде коррупцияга каршы күрөштү Жээнбеков баштаса, анда Атамбаевдин тушунда эмне жасалган?" деген суроону кабыргасынан койгон.

Автор Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттин укук коргоо органдарын айыптаганын орунсуз деп баалайт. "Президенттин айланасындагылар Атамбаевдин мезгилинде коррупцияга каршы жасалган иштерди жокко чыгарып, Сооронбай Жээнбековду жолдон адаштырып жатканын" белгилеген.

Эмил Каптагаев
Эмил Каптагаев

Коомдук ишмер Эмил Каптагаев жооптуу кызматты аркалаган мурдагы аткаминердин мындай кескин билдирүүсү коомчулукта күдүк ойлорду жаратканына токтолду.

- Биринчиден, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы эмне максатты көздөп, муну менен эмнени айткысы келип жатат? Экинчиден, Коопсуздук кеңешинин жыйынын, анда президенттин сүйлөгөнүн телеканалдар көрсөттү. Мамлекет башчы кагаздан башын көтөрбөй, сөөмөй менен ар бир сапты чукубай эле жарым сааттан ашык эркин сүйлөдү. Мына ошол сөзү эч ичинде жанданууну жаратты, жакшы жакка, өзгөрүүгө бир үмүт пайда кылды, – деди Каптагаев.

Ал ошондой эле коомчулук бул макала боюнча президенттик администрациянын же президенттин өзүнүн жообун күтүп жатат деген оюн билдирди.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев макаланы экс-президенттин командасынын президент Жээнбековго “одоно эскертүүсү” деп мүнөздөдү.

- Президент өткөндө укук коргоо органдарынын жетекчилери жакшы иштебей жатканын, коррупцияга малынып калганын айтып, “акыйкат сындаган” болчу. Бул материал ошого жооп катары даярдалып, эскертүү берилиптир. Анда ачык эле "эгерде ушундай жол менен кете турган болсоң, Кыргызстанда туруктуулук жоголот" деген коркутуу менен белги берилгени көрүнүп турат, – деген экс-акыйкатчы эми Жээнбековдун кадамы кандай болот деп суроо коёт.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев Жээнбековдун “коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү демилгеси мүмкүн бирөөлөрдү тынч уктатпай жатат” – деп боолгойт.

- Азыр эми "Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда эмнеге коррупция менен күрөштүн жыйынтыгы тууралуу унчуккан эмес?" деген маселени айтып жатышат. Ал кезде Сооронбай Жээнбековдо өз алдынча күрөш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү ага караган эмес, – деп чечмелейт Кожоналиев.

Эмил Каптагаевдин көз карашында, экс-президенттин командасы “бийликке таасирин, мурдагы күч-кубатын сактап калуу аракетин" көрөт. Муну саясий күрөштүн табияты менен байланыштырган коомдук ишмер “бул билдирүүдөн соң Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматта “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей “эт менен челдин ортосунда” болуп, көп катуу иштебесин деген жагдай байкалып жатат. Өзүнчө бир күчтүү демилге менен чыкпасын деген кызыкдар күчтөр бар окшойт”,- деди Каптагаев “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы президент Жээнбековдун 8-февралдагы баяндамасынын артында “саясий оюндар” жатканын эскертет. Алмазбек Курманалиев өзгөчө пикири тууралуу “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолуккан учуру. 6-март
Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолуккан учуру. 6-март

Мамлекет башчы Жээнбеков 6-мартта журналисттер менен жолукканда экс-президент Атамбаев менен кезигип турарын, экөөнүн ортосунда эч кандай тиреш жоктугун айтты:

- Экөөбүздүн ортобузда эч кандай тирешүү болушу мүмкүн эмес. Ага жеткирбегенге биздин тажрыйбабыз бар. Ар кандай сөздөр, ар кандай маселелер болот. Кээде келишпес маселелер чыгат. Бирок биз баарын туура жолдо жүрүп, чечип келгенбиз. Биз жолугуп турабыз. Ал кишинин алты жылдык президенттик тажрыйбасы бар. Эки жолу премьер-министр болгон. Ар кыл маселелер боюнча сүйлөшөбүз. Мамлекет үчүн, эл үчүн керектүү болсо мен баары менен сүйлөшөм.

Фарид Ниязов Ак үйдөн кетти

Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөш жүргөн эң жакын санаалашы, мурдагы жана азыркы президенттерди байланыштыруучу фигура саналган Фарид Ниязов 7-мартта кызматтан кетти. Ниязов шайлоодо Жээнбековдун штабын жетектеп, кийин президентке кеңешчи, андан 10 күндөн кийин президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалган.

Бул кызматта үч айдай гана туруп, "эми КСДПнын иши менен алектенем" деген жүйөсү түкшүмөл суроолорду пайда кылды.

Президент Жээнбеков 6-марттагы жолугушууда берилген суроого “Кетем" деген кишини кармай албайм. Айланамда бул кызматка татыктуу кишилер бар”, – деп жооп берген.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

Саясий эксперт Сейтек Качкынбай Ниязовдун кызматтан кетишин президенттин жаңы командасынын “силердин заманыңар бүттү, эми башкалар да иштесин” деген сигналы деп түшүнсөк болот деп чечмелейт.

- Фарид Ниязов мурдагы бийликтегидей таасир берүүчү күчүн жоготуп, аны менен азыркылардын көбү эсептешпей калгандай, - деген пикирин саясий эксперт “Азаттыктын” талкуусунда айтты.

Саясатчы Эдил Байсаловдун пикиринде, Фарид Ниязов Сооронбай Жээнбековдун “ишенимдүү адамы” боло алган жок. “Ал мурдагы президент Атамбаевдин кишиси. Фарид Ниязовго Жээнбеков ишенбейт, тапшырма бербейт”, – деди Байсалов.

Өткөн айда Ниязов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын атынан "Единая Россия" партиясы менен кызматташууга кол койгону белгилүү болгон. Орусиянын маалымат каражаттары Ниязов КСДП "Единая Россия" менен бүт багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин, "Единая Россия" президенттин тиреги экенин айтканын жазышкан. Мындан улам айрым эксперттер президенттик аппараттын башчысы “партиянын кызыкчылыгын өлкөнүкүнөн жогору койду” деп сындашкан.

Ушул тапта бул кызматка келет деген талапкерлердин ысымдары атала баштады.

Соттордун “кара тизмеси”

5-мартта Бишкек менен Нарында сот жана укук коргоо органдарындагы тамырлашкан коррупцияны ооздуктоого үндөгөн тынчтык митинги өттү.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин сүрөттөрүн көтөргөн активисттер президентке кайрылып, аларды кызматтан алууну талап кылышты.

Сот реформасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Митингде кабыл алынган кайрылууну тапшыруу максатында Жогорку Соттун алдынан Ак үйгө чейин жүрүш жасашты. Бирок бийликтен алар менен жолугуп, кайрылуусун кабыл алууга эч ким чыккан жок.

Укук коргоочу Рита Карасартова жарандык көзөмөл жүргүзө турган коомдук кыймыл түзүлөрүн жана буга окшогон митингдер тынымсыз уюштуруларын жарыялады. “7-апрелде көзү өтүп кеткен балдарга куран окутуп, анан бийликтен алты жылдын ичинде эмне иштер жасалганы боюнча отчет талап кылабыз” деген жарандык активист “коррупцияга каршы күрөш азыр башталууга тийиш” деген талабын билдирди.

Ал ортодо жарандык автивисттер коомчулукта терс пикир жараткан соттордун "кара тизмесин" түзүүгө киришти. Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча ар кайсы деңгээлдеги соттордун 20дан ашуун судьясы киргизилди.

Парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева "кара тизмеге" түшкөн соттордун ысымдарын окуду. “Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева, Үмөталиева, Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкулов”, – деп тизмени тааныштырган Сасыкбаева сот системасын тезинен тазалоону баштоого үндөдү.

Сотторго каршы митинг. Бишкек. 5-март, 2018-жыл
Сотторго каршы митинг. Бишкек. 5-март, 2018-жыл

“Кара тизмеге” киргизилген, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Соттордун тандоо кеңешинин сынынан ийгиликтүү өткөнүн айтып, өзүн Жогорку соттун судьясы болууга татыктуу деп эсептейт.

- Берген суроолорунун баарына жооп бердим. Ошого жараша балл коюшту. Жеке ишибизди карап чыгышты, сертификаттарым, грамоталарым бар. Лектор катары сабак өтөм. Ошонун баары эске алынды да, - деген судья сот чыгарган чечимге «баары тең макул болбойт», ошондой эле «көрө албагандар сүйлөй берет» деп жооп берди.

Митингге чыккандар Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга тандалган Кыдык Жунушпаевди, Ирина Воронцованы, Дамира Орозованы, Нургүл Бакированы, Кымбат Архарованы, Айдарбек Алымкуловду бекитпөөнү президенттен суранышты.

Жогорку соттогу бош турган алты судьянын ордуна 46 талапкер арыз берген. Алардын ичинен жогорудагы алты талапкер тандоодо эң көп упай топтоп, алардын тизмеси президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Британия: мурдагы орус тыңчысын ким ууландырды?

Британияда мурдагы орус агенти, 66 жаштагы Сергей Скрипал кызы экөө белгисиз зат менен ууландырылып, оор абалда жатканына бир аптага чукулдады. 4-марта алар Солсбери шаарындагы соода борборунун алдындагы отургучта эс-учун жоготкон абалда табылып, кийин ооруканага жеткирилген.

Орус армиясынын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги менен кошо ууланган анын 33 жаштагы жалгыз кызы Юлия Скрипал экени эки күндөн кийин белгилүү болду.

Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия Скрипал
Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия Скрипал

Аларга жардам берген полиция кызматкери да эстен танып, эми сүйлөөгө жарап калганы кабарланды. Жергиликтүү полиция бул окуядан кийин шаардык ооруканага медициналык жардам үчүн 20дай тургун кайрылганын билдирди.

Британ полициясынын терроризмге каршы бөлүмүнүн кызматкерлери Солсбери шаарындагы Zizzi деген пиццериядан адамдын нерв системасын сенек кыла турган заттын изин табышкан. 4-мартта бул жерден Скрипал кызы экөө түштөнгөн экен.

Ишембиде британ ички иштер министри Эмбер Радд Солсбериге барды. Бир күн мурда министр адамдын өмүрүнө коркунучтуу зат менен ууландырган окуяны "үрөй учурган, акылга сыйбаган жорук" деп атаган.

“Бул - мыкаачылык жана көз көрүнө адам өлтүрүү аракети. Элдин мунун артында ким турганын билишибиз керек дегени туура” - деген Радд кол салууну ким жасаганы аныкталган соң британ бийлиги ага “чечкиндүү жана талапка ылайык” жооп берерин да кошумчалады. Министр ошондой эле британдарды дүрбөлөң түшпөөгө, полицияга кылмышты дыкат иликтөө убакыт берүүгө чакырды.

Британиянын Терроризмге каршы агенттигинин башчысы мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын белгисиз жагдайда ууландырылышын – адам өлтүрүү аракети деп баалаган. Ушул тапта агенттиктин адистери уулу заттын эмне экенин такташууда.

Би-Би-Си маалымат кызматы полициядагы өз булактарына таянуу менен окумуштуулар бул затты аныкташканын, бирок тергөө бүткүчө жашыруун экенин жазды.

Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Скрипалдын ууланышында “орустардын изи” чыкса, Лондон Москвага каршы экономикалык санкцияларды күчөтөрүн эскертти.

- Мен эч кимге сөөмөй кезегим келбейт, бирок айрым мамлекеттердин жетекчилерине британ жеринде адамдын өмүрүнө кол салуу жазасыз калбайт деп айтам, – деди британ парламентинде туруп сүйлөгөндө.

Жонсон Британия Орусияда быйыл жайда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына да катышар-катышпасын карап көрөрүн билдирди.

7-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Скрипалдын ууланганын Батыш Орусияны “каралоо үчүн колдонуп жатат” деп белгилеген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва британ бийлиги суранса жардам берүүгө даярдыгын айтып, азырынча Лондондон андай өтүнүч түшө электигин кошумчалаган.

Орусиянын тышкы иштер мекемеси британ саясатчыларын жана чет өлкөлүк медианы бул окуяны "Москвага каршы маанайды күчөтүү жана орус-британ алакасын бузуу үчүн колдонуп жатат" деп айыптады.

Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Луговойдун пикиринде, Орусияда Скрипал эч кимди кызыктырбай калган. “Ал Орусиядан качып кеткен эмес, Британиядан баш паанек сураган эмес. Ал жазасын өтөгөн соң президент ага кечирим берген. Андан да маанилүүсү - Орусия бийлигинин жана өз ыктыяры менен орус жарандарына айырбашталган”, – деди ФСБнын мурдагы кызматкери, азыркы депутат.

Орусиянын аскерий чалгын кызматынын мурдагы полковнигинин ууланганы жөнүндө кабарды Кремл көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары шаршембиде гана берди.

Биринчи каналдын кечки чыгарылышында теле алып баруучу Кирилл Клейманов “чыккынчы - дүйнөдөгү эң коркунучтуу кесиптердин бири” деп коркутуп, табалагандай эскертти. “Статистикага ылайык, баңгизат ташыгандан дагы алда канча кооптуу. Андай жолго түшкөндөрдүн арасынан буурул чач куракка жетип, бейпил өмүр сүргөндөрү өтө сейрек”, – деди алып баруучу.

Ал ошондой эле Британияда орусиялыктар сырдуу өлүмгө дуушар болорун, анын ичинде Орусиянын режимине каршы маанайдагылар жарык менен кош айтышарына токтолуп, “балким климаттан болуп жүрбөсүн?” деп какшыктады. Андыктан “мекенин саткандар” же “ара-чолодо өз мекенин жек көргөндөр Англияга барбагыла” деп кеңеш берди.

Москванын маалыматына караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташуусун уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.

2006-жылы Москванын аймактык соту аны "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыптап, 13 жыл түрмөгө кескен. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. 2011-жылдан бери Британияда жашап жүргөн.

2012-жылы Скрипалдын жубайы Людмила рак илдетинен көз жумган. 2015-жылы Санкт-Петербургда сапарда жүргөн жеринен 41 жаштагы уулу Александр бөйрөгү ооруп каза тапкан. Скрипал уулунун сөөгүн Англияга алдырып барып, энесинин жанына койгон. Соңку жылдары жалгыз кызы Юлия Москвада жашаганы менен атасына байма-бай каттап турган.

Скрипалга кол салууну 2006-жылы Лондондо ууландырылган Александр Литвиненконун окуясы менен салыштырышууда. Анда британ тергөөчүлөрү ФСБнын мурдагы офицеринин өлүмүнүн артында Орусиянын бийлиги турганын аныктаган. Кремл мындай дооматтарды четке кагып келет.

Мурдагы орус офицери кызы экөө кириптер болгон окуядан кийин Британия өз аймагында катталган, “орустардын атайын кызматынын изи” бар делген 14 ишти кайра карап чыгышы мүмкүн экени кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG