Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу Путиндин ысымы аталды


Уулангандан кийин ооруканада жаткан кезинде тартылган Александр Литвиненконун сүрөтүн карап турган аял. Москвадагы Марат Гельман галереясы. 23-май, 2007-жыл
Уулангандан кийин ооруканада жаткан кезинде тартылган Александр Литвиненконун сүрөтүн карап турган аял. Москвадагы Марат Гельман галереясы. 23-май, 2007-жыл

Лондондун Жогорку сотунда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненкону ууландырып өлтүргөн окуяны иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Судья Роберт Оуэн Александр Литвиненконун өлүмүнө катышы барлардын арасында президент Путин менен атайын кызматтын мурдагы башчысы Патрушевдин ысымдарын атады. Анын айтымында, тергөөдө кылмышка шектүүлөр Андрей Луговой менен Дмитрий Ковтун Литвиненкону радиоактивдүү полоний-210 менен ууландырганы далилденген.

Он жыл мурунку иштин "ороосу казылды"

Лондондун Жогорку сотунда судья Роберт Оуэн Орусиянын атайын кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненкону ууландырып өлтүрүү президент Путин менен Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Патрушевдин макулдугу менен ишке ашкан болушу мүмкүн деп белгиледи. Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун орусиялык атайын кызматтын тапшырмасы менен Литвиненкону ууландырганын тергөө далилдегени айтылды.

Маркумдун жесири Марина Литвиненко анын күйөөсү өлүм алдында жатып, аны ууландырууга Путинди айыптаганы англиялык сот тарабынан ырасталганын айтты:

Александр Литвиненконун жубайы Марина жана уулу Анатолий Лондондун Жогорку сотуна келген учур. 21-январь, 2015-жыл.
Александр Литвиненконун жубайы Марина жана уулу Анатолий Лондондун Жогорку сотуна келген учур. 21-январь, 2015-жыл.

- Албетте бул ишке Путинди айыптаган менин күйөөмдүн өлүм алдында айткандары Англиянын соту тарабынан тастыкталганы кубандырат. Бирок эми премьер-министр Дэвид Кэмерон үчүн чечкиндүү чечим кабыл алууга убакыт келди. Мен аны Сашаны өлтүргөн ФСБдан баштап, Лондондогу орус элчилигиндеги бардык орусиялык чалгынчыларды Британиядан айдап чыгарууга чакырам.

Бул иш боюнча коомдук иликтөөнү жетектеген судья Роберт Оуэн кылмышка шектүүлөр Луговой менен Ковтун 2006-жылы 1-ноябрда Лондондогу Millennium отелинин Pine барындагы чайнекке полоний-210 радиоактивдүү уулу затын салганын тастыктоочу далилдер табылганын билдирди. Судья Оуэн муну менен алар Александр Литвиненкону радиактивдүү затты колдонуу менен өлтүрүүнү пландаштырганы жана бул үчүн аны менен бир нече жолу жолугушканы тууралуу мисалдарды келтирди. Ошондой эле бул эки адам атайын кызматтын ошондогу жетекчиси Николай Патрушев тарабынан Лондонго жөнөтүлгөн болушу мүмкүн экени белгиленди.

Александр Литвиненко, 17-ноябрь, 1998-жыл
Александр Литвиненко, 17-ноябрь, 1998-жыл

Андрей Луговой "Интерфакс" агенттигине Британиядагы Литвиненконун өлүмүн иликтөө жыйынтыгын укуктук негизи жок, саясатташкан иш катары баалап, комментарий берген. Ошондой эле агенттик укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, бул иш саясатташкан иш болгондуктан Луговой менен Ковтун Орусияда эч качан жоопкерчиликке тартылбастыгын жазды.

Радиациялык ууландыруу

Лондондо оор абалда ооруканага түшкөн Александр Литвиненко эмнеден ууланганын дарыгерлер бир канча күнгө чейин билишкен эмес. Бул ишти иликтөөгө Англиядагы контрчалгындоо кызматтарынан тартып, радиацияны изилдөөчү илимий институттар дагы тартылган. 2006-жылы 23-ноябрда Олдермастондо Литвиненконун анализинен полоний-210 радиоактивдүү заты табылган. Ал андан 22 күн мурун мейманканада мурдагы кесиптеш-курбалдаштары менен жолугушуу учурунда ууланган чайды ичип алганы ырасталган.

Өлүм алдында жаткан Александр Литвиненко мына ошол күнү Луговой жана Ковтун менен жолугушканын айтып, полицияга көрсөтмө берген. Бул окуя Британиянын борборуна жасалган радиациялык чабуулга тете иш катары кабыл алынган. Өкмөттүн радиациядан коргоо бөлүмү окумуштуулардан жана контрчалгындоо кызматынан турган кризисттик топ түзүп, өлкөгө радиоактивдүү зат кандай жол менен киргени жана Литвиненкону ууландыруу жагдайлары иликтене баштаган. Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненко Англиядан саясий баш паанек алып, андан кийин жарандык алган болчу.

Лондондун Жогорку соту Литвиненконун өлүмү боюнча жыйынтыгын чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

XS
SM
MD
LG