Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

БРИТАНИЯЛЫК ТЫҢЧЫЛАР: “ОРУСИЯ А.ЛИТВИНЕНКОНУ ӨЛТҮРГӨН”


Британиядагы Би-Би-Си корпорациясы өлкөнүн коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, “2006-жылы Александр Литвиненкону өлтүрүүнү Кремль уюштурган” деп кабарлады. Кремлди сындап келген Александр Литвиненко 2006-жылы “полоний” деген уулуу заттан көз жумган. Бул кабар Орусия менен Британиянын мамлекет башчылары Жапонияда “Чоң сегиздиктин” саммитинин алкагында жолугушкан учурга туш келип олтурат.

Британиянын коопсуздук кызматынын агенти Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, Александр Литвиненконун өлтүрүлүшүнө орус мамлекетинин жетекчилигинин да катыштыгы бар экени дээрлик айкын эле болуп калды. А.Литвиненко өзү Орусиядагы коопсуздук кызматтын, же ФСБнын, мурдагы офицери болчу.

Британ жашыруун кызматтарындагы атын атагысы келбеген агент дүйшөмбү күнү Би-Би-Синин “Ньюснайт” программасында сүйлөп, буга мамлекет кийлигишкендигин күбөлөндүргөн өтө күчтүү далилдер бар экенин айткан. “А.Литвиненкону жөн эле көчөдөгү кылмышкер өлтүргөн эмес. Ууландыруучу полоний затынын колдонулгандыгы мында мамлекеттин катыштыгы бар экенин далилдейт. Сөз Орусия жөнүндө болуп жатат”, - деп билдирген Би-Би-Сиге жашыруун агент.

Британиялык тергөөчүлөр буга тиешеси бар болушу мүмкүн деп, Орусиянын азыркы депутаты, КГБнын мурдагы агенти Андрей Луговойду шектеп келишти, жана орус жетекчилигинен аны Британияга өткөрүп берүүнү да суранышкан. Бирок расмий Москва бул өңдүү аракеттер эки өлкөнү кайра эле “кансыз согуш” учурундагы акыбалга алып барат деп айыптап, Орусия өзүнүн жаранын башка мамлекетке өткөрүп бербейт дешкен эле.

Эдвард Лукас – Британиядагы “Экономист” басылмасынын тышкы маселелер боюнча редакторунун орун басары жана “Жаңы кансыз согуш: Кремль Орусия менен Батышка кандай коркунуч туудурат?” деп аталган китептин автору. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал “Балким, британ коопсуздук кызматы соңку мезгилдерде эларалык аренада Орусиянын улам арта баштаган баскынчылык позициясын токтотууга аракет кылып жаткандыр” деген божомолун билдирди.

- Балким, соңку мезгилдерде Орусиянын дүйнөдө жүргүзүп жаткан саясатына британиялык расмий адамдар ушинтип камтамачылыгын билдирүүнү туура көрүшкөндүр. Дипломаттар менен саясатчылар абалды жакшыртыш үчүн дайыма ушундай аракеттерге барышат. Менимче, Британиянын тыңчылык кызматтарындай эле, коопсуздук кызматтары да Орусияда болуп жаткан окуяларга кыжаалаттыгын билдиришүүдө. Алар, балким, буга чейин деле айтып келген нерселерди бул жолу катуураак жана ачыгыраак жол менен айтууга аракет кылып жатышкандыр, - дейт Британиядагы “Экономист” басылмасынын өкүлү Эдвард Лукас.

Би-Би-Сидеги кабар британ премьери Гордон Браун Жапонияда “Чоң сегиздиктин” саммити учурунда орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушкан кийин эле айтылды. Ал жолугушуу учурунда Браун мырза британ-орус алакаларында тынчсызданууларды жаратып жаткан маселелерге токтолгон. Мисалы, ал Орусияда эки жерде британ консулдугу жабылганы жана Литвиненконун өлүмү жөнүндө суроолорду көтөргөн экен.

Би-Би-Синин кабарында, мындан сырткары, былтыр июнда орусиялык олигарх, азыркы Лондондо жашап жаткан Борис Березовскийге кол салууну да орус бийликтери уюштургандыгы тууралуу маалымат бар экени айтылат.

Александр Литвиненко болсо Орусиядан 2000-жылы качып кеткен. Ошол учурда ал Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы ФСБны “1999-жылы Москвада бир топ үйлөрдү жардырган” деп айыптаган болчу. 2006-жылы ал Британиянын жарандыгын алат.

Ошол эле жылы ноябрда Литвиненко радиоактивдүү полоний-210 деген заттан ууланып, Лондондо көз жумат. Ооруканада өлүм алдында жаткан Литвиненко, өзүнүн ууланышын ошол кездеги орус президенти Владимир Путинден көрө турганын билдирген. Кремль болсо ал айыптоону заматта эле четке какканы бар.

Сүрөттө: А.Литвиненко ууланганга чейин жана операциядан кийин. www/lenta.ru интернет барагынан алынды
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG