Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстанда башкаруучу партияга атаандаш болчу демократиялык күч түзүү демилгеси көтөрүлдү. Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөнү "коркутту".

2-мартта Бишкекте коомдук ишмерлер, саясий жана жарандык активисттер чогулуп, өлкөдө коррупцияны жоюну, сот системасын реформалоону, башкаруучу партияга атаандаш боло турган демократиялык күч түзүүнү талкуулашты.

Укуктук “Адилет” клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова кыргыз коомунда консолидация жоктугунан “азыркы бийлик реалдуу саясий, атаандаш күч бардыгын сезбей калды” деген пикирде.

“Саясат - бул атаандаштыктын чөйрөсү, такай күрөш. Азыр саясат коомдук мейкиндиктен четтеп, күбүр-шыбырдын деңгээлине түштү. Баары тең “тыңшап жатат” деп коркушат. Баары бири-бирин “сатып”, өз-ара ишеним азайды” - деген экс-депутат “саясатчылар деградацияланганын”, парламент болсо карапайым элдин кызыкчылыгын коргобой калганын сындады.

Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүүгө муктаж деген оюн ортого салган Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов ушул тапта президент Жээнбеков үчүн “тарыхый мүмкүнчүлүк” турганын белгиледи. “Президент саясий эркин көрсөтүп, мамлекеттик системаны модернизациялашы керек. Коомчулук колдойт. Эгер ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарса, анда мурунку кейпибизди кийебиз” - деди Иманкулов.

Отунбаева: Саясий күчтөр биригүүнү талкуулайлы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Талкууда негизги көңүл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчынын сот реформасы жана коррупцияга каршы күрөш тууралуу билдирүүсүндө камтылган маселелерди кантип ишке ашырса болот, ага жарандык коом кандайча жардам бере алат деген суроого бурулду.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев өлкөдөгү коррупцияга жана сот адилеттигине байланыштуу көйгөйлөрдү белгилеп, президентке кайрылды. “Мамлекеттик эң жогорку денгээлдеги коррупцияны токтотуу керек. Бажы, энергетика тармактарында миллиондогон долларлардын уурдалып, кен байлыктардын жоопкерчиликсиз түрдө сатылып жатышын токтотуу керек” деген Аманбаев сот системасын өзгөчө бөлүп көрсөттү.

“Сот бул көйгөйлөрдүн көйгөйү” деп, ушул тапта жыйырма саясатчынын түрмөдө отурганын эске салып, сот реформасын ишке ашыруу үчүн Улуттук жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды. Экс-акыйкатчынын белгилешинче, адилет сот системасын түзүү үчүн соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо, соттордун жоопкерчилигин күчөтүү жана соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров азыркы бийликтин сот реформасынан, жемкорлукка каршы күрөшүнөн натыйжа чыгарына ишенбейт. Саясий режимди кескин сындап жүргөн оппозициялык ишмер отургандарды “куру кыялга алданбоого” чакырды.

Мурунку президенттердин тушунда дагы "жемкорлукка каршы күрөш такай жүргөнүн” айтып, “андыктан анын [Жээнбековдун] сөздөрүнөн жыйынтык чыгат дегенине ишеним аябай төмөн. Өз алдынчалыгын көрсөтө албайт. Ал үчүн кишиде башка сапаттар да болушу керек” - деген пикирин айтты.

Талкууда экс-президент Роза Отунбаева башкаруучу Социал-демократтар партиясына атаандаш боло турган саясий күч түзүүнүн зарылдыгын көтөрдү. “Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. 2020-жылга карата күчтүү саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышыруу” зарыл" - деди экс-президент. Отунбаева бул үчүн өлкөдөгү прогрессивдүү күчтөрдү сүйлөшүп, позицияларын тактап, бир ойго келүүгө үндөдү.

Саясатчылар жана активисттер сот, укук коргоо органдарындагы паракорчулукту талкуулашты. 2-март, 2018-жыл
Саясатчылар жана активисттер сот, укук коргоо органдарындагы паракорчулукту талкуулашты. 2-март, 2018-жыл

Талкууну уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Динара Ошурахунова жакынкы күндөрү жарандык коомдун атынан атайын топ түзүлүп, ал президент Жээнбековго жолугуу демилгеси менен чыгаарын айтты. “Бул оппозициялык кыймыл эмес. Бирок коомчулуктун улуттук деңгээлде президент менен сүйлөшө алган тобу болот. Эми президенттин кадамын күтөбүз" - деген укук коргоочу эгер мамлекет башчы иштешүү ниетин билдирбесе, "топ бара-бара оппозицияга айланып кетиши мүмкүн” экенин четке какпайт.

Талкууга катышкан саясат таануу илимдеринин доктору Медет Түлөгөнов мурдагы президенттин тушунан бери бийликте турган КСДПга атаандаш саясий күч түзүү керек деген пикирге кошулат.

“Саясий атаандаштык солгундады. Муну өткөн шайлоо дагы көргөздү. Эки негизги атаандаш чыкканы менен, шайлоо маалында анын эрежеси бузулду. Башкы атаандашка басым күч болду. Мурдагы президенттин сынынан башталган басым, кылмыш ишин ачууга чейин жетти. Ошондой эле парламентте да атаандаштык жок, сын-пикир айта алчу саналуу гана депутаттар бар” - дейт илимпоз.

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

Аны менен катар эле атаандаштыктын азайышына соңку кезде саясатчылардын, маалымат каражаттарынын куугунтукка кабылып жатканы дагы себеп болуп жатканын баса белгилейт. Ошондой эле саясий элитанын жаңылануу жараяны солгун жүрүп жатканын, муну активдүү жаш саясатчылардын аздыгы менен байланыштырат.

Түлөгөновдун белгилешинче, ушул тапта Кыргызстан көп партиялуу, плюралисттик системадан алыстап, бир саясий күчтүн үстөмдүгү орногон түзүлүшкө бет алды деген көз караштын дагы негизи бар.

“Бир жыл мурун Текебаевдин камалганы - биздин саясий системанын өзгөрө баштаганынын маанилүү бир ирмеми болду” - деген саясат таануучу ошол учурдан тарта КСДП бийликти толугу менен колуна алганын белгилейт. “Биздин өлкөдө бир саясий топ басымдуулук кылып, бийликти өз колуна топтоду жана ал ушул тапта дагы уланууда” - деди саясат таануу илимдеринин доктору Медет Түлөгөнов “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде.

Бишкекте өткөн талкууга президенттик администрациянын жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү чакырылса дагы эч ким катышкан жок.

Жарандык коомдун активисттерин, саясатчыларды, коомдук ишмерлерди бириктирүү максатын көздөгөн талкууга экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев ж.б катышты.

Путин: Эми уккула!

1-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Федерация Кеңешинде жылдык кайрылуусун жасады. Адатта жыл соңунда өтчү иш-чара бул ирет эртелей шайлоону утурлап уюштурулду.

Путин эки саатка созулган сөзүндө Орусиядагы экономикалык, социалдык жана башка маселелерге токтолду. Ал өлкө технологиялык жактан артта калса, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараларына, экономика өспөсө, өлкө эгемендигин жоготот деген тобокелдик бардыгына токтолду.

Владимир Путин
Владимир Путин

Алты жыл мурунку шайлоодо Путин 2018-жылга чейин өлкөдө 25 млн. жаңы жогорку квалификациялуу жумуш орундарын түзүүнү убада кылган. Бул ирет Орусиянын экономикасынын өсүү ыргагы дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн жогору болот деп элди ишендирип жатат. Бул жагынан Орусия жылына 1%, Кытай менен Индия 7% жакындайт, дүйнөдө орточо көрсөткүч 3-3.5%. Адистердин белгилешинче, Орусия аскерий тармакка басым жасап, ошол эле маалда социалдык сектордо төмөндөө байкалат. Орусиянын аскерий чыгымдары ички дүң өндүрүмүнүн 4.7% жана федералдык бюджеттин 25% түзөт.

Путиндин кайрылуусунун таасирдүү бөлүгү Орусиянын коргонуу потенциалына арналып, журналисттер менен эксперттердин көңүлүн бурду.

“Бизди эч ким уккан жок. Эми уккула” – деген Путин Орусия заманбап стратегиялык куралын, анын ичинде континенттер аралык өзөктүк оор дүрмөт алып жүрүүчү ракеталарын жаңыртканын жарыялады.

Аскерий эксперттердин айтымында, анын күч-кубаты эбегейсиз. Ал эми ылдамдыгы ракетадан тез жана абадан коргонуунун бүгүнкү системаларына баш бербейт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, аны кууп жете албайсың. Дүйнөнүн алдыңкы армиялары бүгүнкү күндүн мындай идеалдуу куралына ээ болууга ушундан улам умтулушат. Урматтуу достор, Орусияда мындай курал бар", - деп Путиндин мактана жар салганын отургандар дүркүрөтө кол чаап кубатташты. Анын сөзүнүн бул бөлүгү атайын даярдалган видео презентация менен коштолду.

Президент андан аркы сөзүн “Сармат” деп аталган өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү жаңы баллистикалык ракетасын, ядролук курал менен суу алдында жүрүүгө жөндөмдүү дронун 2017-жылдын аягында сыноодон өткөргөнүн жарыялады.

Путин сүрөттөгөндөй, жапыз учуучу, көп байкалбаган жана өзөктүк дүрмөт алып жүрө турган, учуу узактыгы дээрлик чектелбеген “уникалдуу ракета” мээлеген бутасына Жер шарынын Түндүк да, Түштүк да уюлунан сокку урууга жөндөмдүү, ага АКШнын ракетадан коргонуу системаларынын бири да тоскоолдук кыла албайт.

“Мындай нерсе азырынча дүйнөдө эч кимде жок, балким кайсыл бир убакытта пайда болот. Ал маалда биздин балдар башка дагы бир нерсени ойлоп табат” - деди орус президенти сыймыктануу менен.

Андан ары Кремлдин башчысы АКШ баллистикалык ракеталарга (ABM) каршы келишимден 2002-жылы чыгып, “Москванын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон соң, Кремль өзөктүк арсеналын жаңыртууга аргасыз болду" деп ырастады.

Путиндин сөзүн коштогон компьютердик графиканы 10 жыл мурун Орусиянын Биринчи каналы “Воевода” деген аскерий комплексти көрсөткөн фильмде колдонулганын таап чыгышты. Орусиялык аскерий эксперт Александр Гольц Коргоо министрлигинде “калпты чындай көрсөткөн чеберлер” отурат деп күмөн санап, алар “Владимир Владимировичти адаштырып” жаткандай деди "Азаттык” радиосунун орус кызматы уюштурган талкууда.

Америкалык окумуштуулар федерациясынын өзөктүк маалымат боюнча долбоорунун директору Ханс Кристенсендин айтымында, орусиялыктардын жаңы курал-жарак жасап чыкканы адистерге белгисиз. Путиндин сөзүндө Орусия эбегейсиз, күчтүү жана кимге болбосун сокку урууга жөндөмдүү экенин көрсөтүү үчүн ички жана сырткы аудиторияны “таң калтыра турган ар кандай элементтер” көп колдонулганын илимпоз “Америка авазы” радиосуна курган маегинде айтты.

Жарыша куралдануунун жаң​ы эпкиниби?

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысынын билдирүүсүнө кабатырланып турушканын билдиришти. Меркел менен Трамп бул кадам “эл аралык коомчулуктун курал-жаракты көзөмөлдөө аракеттерине” терс таасир тийгизерин белгилешти. Бул тууралуу Берлин 2-мартта тараткан билдирүүдө айтылат.

АКШнын Коргоо министрлиги Орусиянын президентинин өзөктүк куралды өнүктүрүү тууралуу маалыматын "таң калычтуу" деле эмес деп билдирди. "Америкалыктар кооптонбой эле койсо болот. Биз толугу менен даярбыз", – деди Пентагондун өкүлү Дана Вайт.

Ал АКШнын Европадагы ракетага каршы коргонуу системасы Орусияга эмес, Иран жана Түндүк Корея тараптан келе турган коркунучтарга багытталганын кошумчалады.

Дональд Трамп жана Ангела Меркель
Дональд Трамп жана Ангела Меркель

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хезер Нойерт Орусияны "эл аралык макулдашууларды бузуп жатат" деп айыптады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай сынды четке кагып, "президенттин сөзү Орусиянын изоляциясын күчөтпөйт жана жаңы жарыша куралданууга түрткү болбойт" деди.

Ошол эле маалда Путиндин билдирүүсүн дүйнөдө жарыша куралдануунун жаны этабы башталгандай кабыл алгандар да болду.

Путиндин америкалыктардын абадан коргонуу системасы кармай албаган канаттуу ракета жана континенттер аралык оор дүрмөт ташыган ракета чыгарганын жарыялаганы “дүйнөдө туруктуулукту бузуп, жаңы жарыша куралданууну баштайт” – деген пикирин Швециянын мурдагы премьер-министри Карл Бильдт билдирди.

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол куралданууга көзөмөл жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого мезгил жетти деген ойдо. “Путиндин жаңы өзөктүк курал тууралуу билдирүүсү бизге багытталган жана Трамп үчүн кооптуу белги” деп жазды мурдагы элчи "Твиттер" баракчасына.

Москвадагы Карнеги борборунун жетекчиси Дмитрий Тренин “Путин кайрылуусунун жарымын жаңы куралды көркөмдөп сүрөттөөгө арнаганы - АКШ менен Орусия аскерий кагылышка канчалык жакындап калганын көрсөтөт” – деген пикирин жазды.

Путиндин мурдагы кеңешчиси орус лидери сүйлөп жатканда “Аксакал дүйнөнү кантип жок кылаарын айта баштаганда жанданды. Акыйкаттыктын көз ирмеми” – деп комментарийледи.

Шайлоодогу Путиндин "ноу-хаусу"

Аналитиктер болсо эмне үчүн Орусия жаңы куралга ээ болгонун азыр жарыялады деген суроого келгенде экиге бөлүнгөндөй. Алардын айрымдары муну алдыдагы шайлоого байланыштырып жатышат.

"Элдин колдоосун алыш үчүн Путин эми эмнени ойлоп табат?" деген суроо туулган. Крымды алды, Донбасс болбой калды, эми дагы кайда барышы керек? - деген москвалык талдоочу Андрей Колесников анын “согушам деп коркуткандан башка аргасы калбагандай" деп сындайт. Путин сүйлөп жатканда “машиналарды экрандан көргөзгөндө биздин элитабыздын тура калып кол чапканы, алардын да акылы тайкыраак экенин көрсөтөт”, - деди эксперт “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек курганда.

Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин политология боюнча профессору Марк Катц орус лидеринин сөзүн “таң кала тургандай билдирүү” деп баалады.

“Бирөө жарым Орусияга кол салам деген жери жок. Мунун баары алдыдагы шайлоого байланыштуу. Путин жеңээри бештен белгилүү, бирок ал күчтүү лидердин имиджин көрсөткүсү келет. Бул жагынан караганда, жок өзөктүк куралы менен баарын коркутканы – эч нерсеге арзыбаган нерседей” деп сындады америкалык профессор.

Немис политологу Сюзанне Шпан эми Орусияда «Советтер Союзундагыдай аскерий тармакка көп акча сарпталып, согуштук техника өнүгөт. Ал эми экономиканын калган тармактары туруп калат» деп чечмелейт.

Орусия буга чейин "Сармат" комплекси 2019-2020-жылдары даяр болоорун жарыялаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча 2027-жылга чейин мамлекеттик куралдануу программасына 20 трлн. рубль бөлүнөт. Анын 19у курал-жабдык жана аскерий техника сатып алууга, оңдоого жана жасоого кетет. Дагы 1 трлн. рубль жаңы сыноого жумшалат. Мамлекеттик программанын артыкчылыктуу багыты деп “Сармат" жана "Рубеж" баллистикалык ракеталарын жасоо белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG