Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:45

Жогорку сотту самаган судьялар


Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттогу алты бош орунга талапкерлерди жактырды. Алардын арасында буга чейин саясий, чуулгандуу иштерди карап келген судьялар да бар. Талдоочулар алар Жогорку соттун судьялыгына бийликке кылган кызматы үчүн тандалып жатат деп эсептешет.

Жогорку соттогу бош судьялык орундарга талапкерлер 28-февралда тандалып бүттү. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Тилектеш Бегалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 адам арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алган. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Тилектеш Бегалиев:

- Эң көп упай алган алты кишини бекитип, президентке сунуштадык. Президент андан кийин Жогорку Кеңешке киргизет. Жогорку Кеңеш шайлап бергендер судья болуп иштеп калышат.

Жогорку сотто 35 судьялык орун бар, учурда алты орун бош турат. Мыйзам боюнча, Жогорку соттун судьялары Сотторду тандоо кеңеши тандап, эң көп балл алгандарын президентке сунуштайт. Мамлекет башчысы аларды карап чыгып, бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке берет. Коомчулуктун көңүлүн Жогорку соттун судьясы болууга далалат кылган Ирина Воронцова менен Кымбат Архарова буруп жатат. Талдоочулар алар Жогорку соттун судьялыгына бийликке кылган кызматы үчүн тандалып жатат деп эсептешет. Юрист Канатбек Азиз буларга токтолду:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Эл да Архарова менен Воронцова өтүптүр деп сөз кылып жатышпайбы. Анткени саясий иштер же мыйзам бузуу жагынан булар аттары чыгып калган судьялар деп эсептелет. Мен мисалы, Воронцова кандай иштерди кылганын, бийликке кандай кызмат кылып бергенин өзүм да байкадым. Парламентте да бул маселе абдан катуу көтөрүлөт. Айрымдар эптеп Сот тандоо кеңешинен өтүп алсак эле бүттү, бул жагын өзүбүз чечип алабыз деп ойлошот. Жок, андай болбойт.

Канатбек Азиз Сотторду тандоо кеңешинин судьяларды тандоо иши чабал, анын мүчөлөрү көз каранды деген оюн кошумчалады. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын пикиринде, тандоо учурунда судьялардын сот отурумдарындагы жүрүм-туруму эске алынбай жатат.

- Кесипкөйлүгү жагынан Архарова менен Воронцовага эч кандай нааразылык жок. Бирок кесипкөйлүктөн тышкары кынтыксыз болушу керек деп жаткандан кийин моралдык сапаттарын да караш керек эле. Ошондуктан судьялардын кынтыксыздыгын текшере турган механизмдер жок болуп жатат.

Ирина Воронцова – учурда Бишкек шаардык сотунун төрайымы болуп иштейт. Ал караган акыркы иштердин бири – Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши. Сотто адвокаттар бир канча жолу ага ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн келтирип, бирок колдоо тапкан эмес. Айтылып жаткан сындар боюнча Ирина Воронцовадан пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова башкы прокурордун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча "Zanoza.kg" сайтынын үстүнөн жазган арыздардын бирин караган.

Ал “Азаттыкка” берген комментарийинде өзүн Жогорку соттун судьясы болууга татыктуу деп эсептей турганын билдирди:

- Эми бул Сотторду тандоо кеңешинин чечими да. Алар эсептейт. Берген суроолорунун баарына жооп бердим. Ошого жараша балл коюшту. Жеке ишибизди карап чыгышты, сертификаттарым, грамоталарым бар. Лектор катары сабак өтөм. Ошонун баары эске алынды да. Ал эми көрө албагандар сүйлөй берет. Биз караган ар бир иште эки тарап бар. Биз чыгарган чечимге баары тең эле макул болбойт да. Сөзсүз бир тарап нааразылык билдирет.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Тилектеш Бегалиев Архарова менен Воронцованын үстүнөн аларга арыз түшпөгөнүн, кесипкөйлүгүнө, иш-тажрыйбасына жана алган наамдарына ылайык, жогорку балл алганын белгиледи:

- Ошол критерийлерди коюп келгенде алардын баллы жогору болду. Алар саясий иштерди караган деп айтып жатышпайбы. Ал иштерге акыркы чекит коюла элек экен да. Акыркы чекит Жогорку сотто коюлушу керек. Ошондуктан аягына чыкпаган иштерге биз азыр баа бере албайт экенбиз. Биз алардын кынтыксыздыгын карадык. Алардын үстүнөн бизге арыздар түшкөн жок.

Жогорку соттогу алты судьялык орунга 46 адам арыз берген. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Жогорку сотко судья болом дегендердин көптүгүн мындайча чечмеледи:

Клара Сооронкулов.
Клара Сооронкулов.

- Бул жерде макамга умтулушат. Азыр шайланса, улгайганга чейин, атап айтканда 75 жашка чейин судья болуп иштей алышат. Айлыктары жогору. Декларацияларын көрсөңөр, кээ бир судьялардын айлыктары бир жылда эки миллион сомго жакындап калып жатпайбы. Айга бөлгөндө ал канча деген акча. Макамына жараша кол тийбестиктери болот. Ушул сыяктуу кепилдиктер көп.

Бишкекте 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы укук коргоо жана көзөмөл органдары, анын ичинде соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтып, катуу сынга алган. Кыргызстанда сот эң коррупциялашкан тармактардын бири катары эсептелет. Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков элдин 90 пайызы сотторго ишенбейт деп парламентте айтып чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG