Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

"Эл аралык мунапыс" дүйнө лидерлерин айыптады


"Эл аралык мунапыстын" 2017-2018-жылга дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасы.
"Эл аралык мунапыстын" 2017-2018-жылга дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасы.

"Эл аралык мунапыс" уюму АКШнын президенти Дональд Трампты жана дүйнөнүн башка лидерлерин айыптады. Бул укук коргоочу уюмдун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Трамп баштаган саясий лидерлер адам укуктарына көңүл бурбастан, башка өлкөлөр үчүн “коркунучтуу өнөкөт” жаратып жатканы айтылган.

"Эл аралык мунапыстын" быйылкы баяндамасы 159 мамлекетти камтыйт.

Аны 21-февралда Вашингтондон сүйлөп жатып уюмдун баш катчысы Салил Шетти дүйнөдөгү азыркы саясий жагдайдан улам адам укуктары сакталышына кепилдик жок экени айдан-ачык болуп калганын эскертти:

- "Эл аралык мунапыс" адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы боюнча баяндамасын биринчи ирет Кошмо Штаттардан жарыялап олтурат. Мунун себеби жөнөкөй эле. 2017-жылы АКШ баяндаманын эки тарабынан тең көрүнүктүү орунду ээледи. Адам укуктарына карата жаңы маанилүү жана олуттуу коркунучтар кеңири жана катуу каршылыктарга туш келди. Бул жерде АКШда болуп жаткан нерселер дүйнөнүн калган бөлүгүндө чоң резонанс жаратат.

"Эл аралык мунапыс" жаңы баяндамасында президент Дональд Трамптын алты мусулман мамлекетинин жарандарынын АКШга келишине тыюу салган талаштуу жарлыгын бөлүп көргөзгөн.

Баяндамада Трамп менен кошо сынга алынган дүйнө лидерлеринин арасында кытай лидери Си Цзинпин, орус президенти Владимир Путин, Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси, Филиппиндин президенти Родриге Дутерте, Венесуэланын президенти Николас Мадуро да бар.

"Эл аралык мунапыс" аларды “миллиондогон адамдарын укуктарын таш боордук” менен жокко чыгарууда деп күнөөлөйт.

Укук коргоочу уюм ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан иштерди азыр жек көрүү менен коркуунун карааны каптап жатат, бул “коооптуу учурда” адам укуктарын коргогон саналуу гана өлкөлөр калды деген пикирде:

"Эл аралык мунапыстын" баш катчысы Салил Шетти баяндама менен тааныштырууда. Вашингтон, 21-февраль, 2018-жыл.
"Эл аралык мунапыстын" баш катчысы Салил Шетти баяндама менен тааныштырууда. Вашингтон, 21-февраль, 2018-жыл.

- Жек көрүүгө жык толгон кеп-сөздүн күч алышы дүйнөдө реалдуу кесепеттерге айланып кетти. Бул 2017-жылдын эң жаман жаңылыгы. Бирок үмүт жараткан учурлар кездешти. 2017-жыл адамдар жапырт көтөрүлүп, адилетсиздикке каяша айтканда эмне болорун көргөздү. 2017-жылдын сабагы - коркунуч менен жеке көрүү кыянатчылыктын гана рецепти экенинде. 2018-жыл жөн эле айыптап коюп, жоопкерчиликтен буйтаган лидерлерге эмес, качкындарды, укук коргоочуларды, адам укуктарынын баалуулугун, ар-намысты жана теңдикти тайманбай коргой турган лидерлерге муктаж, - деди "Эл аралык мунапыстын" баш катчысы Салил Шетти.

"Эл аралык мунапыс" жек көрүүнүн эң ачык мисалы катары Түштүк-Чыгыш Азиянын Мьянма өлкөсүндө былтыр оң миңдеген рохинжа мусулмандарынын качкынга айланышын бөлүп көргөзүп, аны “этностук тазалоо” катары баалаган.

Мьянмадан Бангладешке ооп келген рохинжа качкындары. 7-декабрь, 2017-жыл.
Мьянмадан Бангладешке ооп келген рохинжа качкындары. 7-декабрь, 2017-жыл.

Мьянма, Ирак, Түштүк Судан, Сирия, Йемен сындуу мамлекеттердеги аскердик жана адамзатка каршы кылмыштарга карата “жооп начар” болуп жатканына токтолуп, уюм муну адам укуктары боюнча лидердин жоктугу менен түшүндүрөт.

Кыргызстан

Баяндаманын Кыргызстан боюнча бөлүгүндө бийлик өзгөчө президенттик шайлоо алдында элдин ой-пикир билдирүү, тынч жыйналуу укугун чектегени белгиленген. Буга "Zanoza.kg" сайтына, журналист Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповга каршы сот чечимдери мисал келтирилген.

Ага катар баяндамада Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрү дискриминацияга, мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да субъектилердин кысымына дагы эле кабылып жатканы айтылат. "Эл аралык мунапыс" “абийир туткуну” деп атаган укук коргоочу Азимжан Аскаров али абакта экени эске салынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG