Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Ооганстан: 2017-жылы аба соккуларынан өлгөндөр көп болду


Кабулдун тургундары 27-январдагы жардыруунун курмандыктарын акыркы сапарга узатууда. 28-январь, 2018-жыл.
Кабулдун тургундары 27-январдагы жардыруунун курмандыктарын акыркы сапарга узатууда. 28-январь, 2018-жыл.

Ооганстанда өткөн жылы кол салуулар менен аскерий операцияларда өмүрү кыйылган жана жаракат алган жайкын тургундардын саны бир аз азайды. Бирок аба соккуларда өмүрү кыйылгандар саны мурдагы жылдагыдан өскөн. Мындай бүтүм Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясы чыгарган жаңы баяндамада айтылат.

Улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясы менен Адам укуктары кеңсесинин биргелешкен жылдык баяндамасы Кабулда 15-февралда жарыяланды. БУУнун Ооганстандагы миссиясынын Адам укуктары боюнча директору Даниела Белл буларды айтты:

- 2017-жылы Улуттар уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы 10 453 жайкын тургун жаракат алганын же набыт болгонун каттады. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу тогуз пайызга аз. Азайганы маанилүү учур, бирок 2017-жыл жабыр тарткан жайкын тургундардын саны он миңдик чектен ашкан төртүнчү жыл болду.

БУУнун эсебинде, өткөн жылы Ооганстанда түрдүү кол салууларда жана аскерий операцияларда жайкын тургундар арасынан 3 438 адамдын өмүрү кыйылса, 7015 киши жарадар болгон. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 11 434кө жетип, алардын ичинен 3510 адам мерт болсо, 7924 киши жаракат алган.

Былтыр жайкын тургундар арасындагы жоготуунун жалпы саны азайганы менен Ооганстандын өзүнүн жана эл аралык коалициянын аба соккуларынан жабыр тарткандардын саны көбөйгөн.

Улуттар уюмунун миссиясы 2017-жыл ичи мындай учурлардын 631ин документтештиргенин, абадан жасалган операцияларда 295 жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 336сы жаракат алганын, бул 2016-жылдан 7% көптүгүн билдирүүдө.

Жалалабад шаарында жардыруу болгон жер. 24-январь, 2018-жыл.
Жалалабад шаарында жардыруу болгон жер. 24-январь, 2018-жыл.

БУУнун эсебинде, оогандардын үчтөн экиси "Талибан" жана “Ислам мамлекети” тобу өңдүү экстремисттик уюмдардын, бештен бири болсо өкмөттүк күчтөрдүн аскерий операцияларынын натыйжасында өлүп же жаракат алууда.

БУУнун Ооганстандагы миссия башчысы Тадамичи Ямамотонун айтымында, жанкечтилердин бомба чабуулдарынан жана колго жасалган жардыруучу заттардан өлгөндөрдүн саны басымдуулук кылат:

- Биз жайкын тургундардын жабырлануусу боюнча бул үрөй учурган сандарды документтештиргенде жүрөк ооруйт. Бул сандардын ар бири жакшы келечек үчүн үмүт талкаланганын көргөзүп турат.

Бул арада "Талибан" кыймылы “Американын элине” даректелген кайрылуу чыгарып, анда Вашингтон менен түз сүйлөшүү сунушун кайталады. АКШ мындай чакырыктарды буга чейин деле кабыл албай, тынчтык сүйлөшүүсү ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосунда жүрүшү керектигин билдирип келген.

АКШ алар "Талибан" кыймылы менен сүйлөшпөй турганын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолукканда билдирген. Вашингтон, 29-январь, 2018-жыл.
АКШ алар "Талибан" кыймылы менен сүйлөшпөй турганын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолукканда билдирген. Вашингтон, 29-январь, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп "Талибан" менен сүйлөшүү идеясын Ооганстандагы бир нече кол салуулардан кийин өткөн айдын соңунда да четке каккан:

- Алар жырткычтыкка барып, өз элин, бейкүнөө аялдар менен балдарды өлтүрүп жатат. Бул үрөй учурат. "Талибан" менен сүйлөшүү болбойт, биз муну каалабайбыз. Биз аягына чыгарышыбыз керек болгон нерсени аягына чыгарууну көздөйбүз.

Ооганстанда быйыл жыл башынан бери "Талибандын" жана “Ислам мамлекети” террордук топторунун кол салуулары күчөдү. 27-январда эле Кабулдун эл котологон борбордук көчөсүндө жанкечтинин жардыруусунан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылып, 235и жаракат алган. Бул жардыруу үчүн өзүнө жоопкерчиликти "Талибан" алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG