Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 19:32

MSF: Мьянмада 6700 рохинжа өлтүрүлгөн


Бангладештеги рохинжа качкындары.

"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) уюму 25-августтан 24-сентябрга чейин Мьянмадагы Ракхайн штатында кеминде 9 миң киши өлгөнүн билдирди. Анын 72% зомбулуктун курмандыгы болгону белгиленет.

"Абдан азайткан күндө да зомбулуктан кеминде 6700 адам өлгөн. Анын 730у беш жашка чейинки балдар" деп айтылат баш кеңсеси Женевада жайгашкан көмөкчү уюмдун баяндамасында.

Буга чейин Бирманын бийлиги 400дөй киши өлгөнүн билдирип келген. Аскерлер болсо киши колдуу болгондордун көбүн "террорчулар" деп атаган.

MSF Бангладеш лагерлериндеги рохинжа мусулмандарынын арасында жүргүзгөн сурамжылоодон кийин ушундай жыйынтык чыгарган. Сурамжылоонун жыйынтыгы "рохинжалар бутага алынганын" жана алар "кеңири тараган зомбулуктун эң айкын көрүнүшү экенин көрсөттү", дейт уюм. Учурда Бангладешта 626 миң рохинжа качкындары бар.

25-августта Мьянмада рохинжалардын арасынан чыккан согушкерлер менен өкмөттүк аскерлер кагылышкан. Өлкө бийлиги адегенде козголоңчулар аскердик жайларга кол салышканын, тазалоо операциясы ошондон кийин башталганын билдирип жүрөт.

БУУ жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG