Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Рохинжа качкындары: лагерден уурдалган балдар


Рохинжа бозгуну
Рохинжа бозгуну

Эки айдан ашуун убакыттан бери рохинжа мусулмандары Бангладеште баш калкалап жатат. Эл жык толгон лагерде адам аткезчилерине балдарын уурдатып жиберген же тек гана жоготуп ийип таппаган ата-энелер арбыды. Улуттар Уюму жана качкын - активисттер көйгөйдү жеңилдетүү убарасында.

Үстөл коюлуп, дубалына Улуттар Уюмунун качкындар башкармалыгынын плакаты илинген секиче. Анда отурган жигит микрофондон жанындагы баланын ата-энесин издеп жар салууда. Көзүн жалжылдаткан чыт курсак ойноп жүрүп же башка бир себептен адашып калгандай.

Бул тапта лагерди байырлаган Мухаммед Хан аттуу киши эки-үч жашар дагы бир баланы алып келди:

- Жолдо ыйлап жаткан жеринен алып келдим. Ата-энесинин кайда экенин билбейт. Аз-маз өзөк жалгаттым.Ушундай балдарды көргөн сайын боорум ооруйт. Жарыялап жаткан киши ата-энесин табарына үмүттөнүп туралы. Таппаса бул баланы өмүр бою өз камкордугума алам.

бозгундардын жарымынан көбү балдар
бозгундардын жарымынан көбү балдар

Бактыга жараша энеси бат эле табылды. Бала да дароо анын моюнуна асылды.

- Силерге ыраазыбыз. Баламды аман-эсен таап бердиңер, башыңарга бакыт консун, – деп алкады аял кетип баратып.

Бангладештин түштүгүндөгү лагерлерде мьянмалык качкындар жыш. Ракхайндагы калабадан кийин кара жанын арачалап биякка ооп келгендер 600 миңди чамалады.

Кутупалонгдогу ар онунчу качкындын алтоо жаш бала. Как талаага салынган убактылуу чатырларда ата-энеси тиричилик менен карбаластап жатканда чүрпөлөрү талаалап кетип, табылбай калган учурлар болууда. Ушинтип көп баланын азыркыга чейин дайыны чыга элек.

Бала жоготкон ата-энелерге жардам берүү максатында атайын түйүн ачылган. Аны бозгундардын бири Назир Ахмед Улуттар Уюмунун көмөгү менен эки ай мурда уюштуруп, ушул күнгө чейин 1800дөй баланы таап берди.

- Эми гана келген рохинжалар үчүн мындагынын баары бейтааныш, жаңы. Өз үй, өлөң төшөгүнөн алыс жерде бат эле адашып кетишет. Кимдир бирөө жалгыз-жарым жүргөн баланы көрсө, аны бизге алып келет. Кээде аларды башка эле адамдарга карматып ийбейли деп коркобуз. Ал эми ата-энесин тапканда бактылуу болгонду айтпа.

Бирок баары эле адашкан баланы мында жетелеп келе бербейт. Кымгууттан пайдаланып, өспүрүмдөрдү азгырып барып бангладештиктерге кулчулукка сатып жибергиси келгендер лагерди тегеректеп жүрүшөт.

- Азыр ушул өтө чоң коркунуч. Өзгөчө кыздарга кооптуу. Аларды жергиликтүүлөрдүн үй жумуштарына тартып кетип жатышат. Анткени качкын кыздар арзан жумушчу күчү да. Ошондуктан аларды азгырган түйүндөр бар, - дейт БУУнун балдар агенттигинин балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Жейн Лиеби.

Көчөлөп кетпеши үчүн, дегеле билимден аксабасын деп өспүрүмдөрдү ЮНИСЕФ окутууда.

Кокс-Базар шаарына жакын жердеги качкындар лагери
Кокс-Базар шаарына жакын жердеги качкындар лагери

25-августта Мьянмада рохинжалардын арасынан чыккан согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуусунан кеминде 400 киши, арасында карапайым адамдар да өлгөн. Улуттар Уюму кагылыштан кийинки бийликтин аракеттерин этникалык тазалоо деп атаган.

Америка Кошмо Штаттары Ракхайн штатындагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу Мьянмага же андагы кайсы бир аткаминерлерге санкция салууну караштырууда.

Ага чейин да өлкөдөгү мурдагы жана азыркы аскер жетекчилеринин АКШга кирүүсүнө тыюу салынып, өкмөттүк аскерлерге жардам берүүнү токтоткон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG