Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Мунапыс уюму: Мьянмада "этникалык тазалоо" болгон


БУУнун соңку маалыматына ылайык, Мьянмадан Бангладешке агылган качкындардын жалпы саны 400 миңге чамалады.
БУУнун соңку маалыматына ылайык, Мьянмадан Бангладешке агылган качкындардын жалпы саны 400 миңге чамалады.

Эл аралык Мунапыс уюму Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зомбулукту "этникалык тазалоо" деп мүнөздөдү. Уюм Мьянманын өкмөттүк күчтөрү рохинжалар отурукташкан ондогон кыштактарды атайлап өрттөп турушканын айгинелеген далилдерди тапкан. Бул тууралуу мекеменин 15-сентябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Мьянмадагы өкмөттүк күчтөрдүн зомбулугунан улам коңшу Бангладешке агылган 100 миңдеген рохинжа мусулмандарынын бири Манюрул Алар "Азаттыкка" буларды айтты:

- Биз туура сегиз күн мурда таңкы алтыда жолго чыкканбыз. Биринчи күнү эле үч тоону аштык. Буттарыма жаралар чыгып кетти. Тоо-таш, токойлордон эптеп өтүп, сегиз күн дегенде араң бул жакка жеттик. Тамак-аш жок, күрүч гана жеп келаттык. Азап-тозокту көрдүк.

Улуттар Уюмунун соңку маалыматына ылайык, качкандардын жалпы саны 400 миңге чамалады.

Бангладешке агылган качкындар.
Бангладешке агылган качкындар.

Бангладештин Кокс-Базар аймагында качкындар үчүн август айынын соңунда ачылган эки лагерь толуп калгандыктан, бозгундар учурда жол боюнда чатырларды тигип жан сактоого аргасыз болушууда. Лагердеги шарттар болсо адам чыдагыс экени айтылууда.

"Баарынан да кыздарым үчүн сарсанаа болуп турам. Алар бир илдет жуктуруп алып, ооруп калышпаса экен. Бул жакта таза суу жок, кир, даараткана же жуунучу жайлар да жок",-дейт эки кызын жетелеген Нур Мухаммад.

Бангладеш бийлиги кошумча эки лагерь курууга макул болгонун бир күн мурда БУУнун Качкындар боюнча агенттиги билдирди. Азыр да бозгундардын агымы токтой элек.

Ал тапта Эл аралык Мунапыс уюму Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зомбулукту "этникалык тазалоо" деп мүнөздөдү. Бул тууралуу уюмдун 15-сентябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Amnesty International уюмунун жогорку даражадагы өкүлү Тирана Хассан буларды белгиледи:

- Чогултулган далилдер айныксыз. Мьянманын коопсуздук күчтөрү рохинжа азчылыгын өлкөдөн кууп чыгыш үчүн атайлап уюштурулган кампаниянын алкагында түндүктөгү Ракхайн штатындагы айылдарды өрттөп турушкан. Бул - этникалык тазалоо.

Эл аралык Мунапыс уюму чогулткан далилдер өрттөр боюнча маалыматтарды, спутниктен жана жерден тартылган сүрөттөрдү, видео тасмаларды жана Бангладешке качкан ондогон рохинжа мусулмандары менен маектерди камтыйт.

- Коопсуздук күчтөрү кайсы бир кыштакты курчап алып, дүрбөлөңгө түшүп ары-бери качкан кишилерди аткылап, алардын үйлөрүнө өрт коюшуп, айылдарды жер менен жексен кылышууда. Юридикалык жактан алганда системалуу чабуул жасалып, жайкын тургундарды мажбурлап депортациялоо адамзатка каршы кылмыш катары саналат,-деп кошумчалады Тирана Хассан.

Ракхайн штатындагы коопсуздук күчтөрүнүн аракеттери этникалык тазалоого барабар экенин 13-сентябрда Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш да билдирген. Ал рохинжа азчылыгы буга чейин болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске кабылып жатканын айтып, Мьянма бийликтерин рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулукту токтотууга чакырды.

- Мен Мьянма бийликтерин аскерий аракеттерин токтотуп, зомбулукка чекит коюп, мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлоого чакырам. Ошондой эле Улуттар уюму жана башка кайрымдуулук уюмдары жабыркаган элге жиберип жаткан гуманитардык жардамдын толук жеткирилишин камсыздоону талап кылам.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын Ракхайн штатында отурукташкан рохинжа-мусулмандарынын саны бир миллиондон ашат.

25-августта тутанган кыянатчылыктардан улам кеминде 400дөй киши набыт болгону кабарланган. Мьянманын өкмөтү зордук-зомбулуктун башталышына рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды күнөөлөп, алар полиция бекеттери менен аскерий базага координацияланган чабуул жасаганын жүйө келтирген. Ошондой эле бийлик жайкын тургундар бутага алынып жатат деген айыптоолорду четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG