Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Мьянма: тополоңдун чоо-жайы


Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Түштүк-Чыгыш Азиянын Мьянма же Бирма өлкөсүндөгү кыянатчылыктардан улам рохинжа мусулмандарынын он миңдегендери коңшу Бангладешке жер которууга аргасыз болду. Мьянма бийликтери болсо жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган кыянатчылыктардын тутанышына рохинжа мусулмандары арасынан чыккан козголоңчуларды айыпташууда.

Мьянмадан Бангладешке өтө качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны боюнча азырынча так маалымат жок.

Качкындардын саны 87 миңге чаап барганын Улуттар уюму менен иштешкен гуманитардык кызматкерлерге шилтеме жасап, 4-сентябрда "Рейтер" агенттиги кабарлады.

Ал эми былтыр октябрдан бери Мьянмадан качып, Бангладештин бул өлкө менен чектеш Кокс-Базар районунда башпаанектеп жаткан рохинжа мусулмандарынын саны, "Рейтер" 4-cентябрда келтирген маалыматтар боюнча, 150 миңге чейин жетет.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы болсо 3-сентябрга карата Мьянмадан Бангладешке жер которууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны 73 миң деп эсептеген.

Буддисттер басымдуулук кылган Мьянмадагы диний азчылык - рохинжа мусулмандарынын жалпы саны 1,1-1,3 миллиондун тегерегинде.

Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладештин чек арасына өткөн учур. 3-сентябрь, 2017-жыл.

​Бири-бирин айыптоо учурда эки жамааттан тең айтылып жатат:

- Буддисттер бизди ок жаадырып өлтүрүштү. Алар үйлөрдү өрттөп, бизди атууга аракеттеништи. Менин күйөөм да ок жеди, - дейт Бангладешке качкан мусулман аялдардын бири.

Ал эми Мьянманын өзүндө, кечилканада башпааналап турган буддист аял:

- Мен бул жерден бизге алтын берсе да, акча берсе да кетпейм. Биздин аймактан мусулмандар чыгарылса гана кайтып барам. Жүрөгүм ооруп турат, менин күйөөмдү былтыр өлүтүрүшүп, мууздап салышкан.

Он миңдеген рохинжаларды качууга аргасыз кылган азыркы тополоң 25-августтан тарта тутанган.

Мьянма бийликтери өз тарабынан бул үчүн рохинжалар арасынан чыккан козголоңчуларды айыптап, алар дал ошол 25 -август күнү ондогон полиция бекеттерине жана армия базасына координацияланган кол салуу жасаганын билдирүүдө.

Андагы кагылыштардан жана армиянын контрчабуулунан өмүрү кыйылгандардын саны кеминде 400 адамга жетип калды.

Мьянма өкмөтү учурда өлкөнүн түндүк-батышындагы мусулмандарды козголоңчуларды издөө ишинде кызматташууга да чакырууда:

- Бул мыкаачылыктарды цивилизациялуу дүйнө кабыл ала албайт. Бул Мьянманын жарандарына, өлкөгө каршы кылмыш. Биз террористтик чабуулду каржылоого, даярдоого, ишке ашырууга жоопкер ар бир адам жазага тартылуусун кепилдейбиз,- деген Мьянманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Таунг Тун 29-август күнү.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи (ортодо) азыр расмий мамлекеттик кеңешчи кызматын ээлейт.
Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи (ортодо) азыр расмий мамлекеттик кеңешчи кызматын ээлейт.

Адамдардын өлүмү жана үйлөрдүн өрттөлүшү үчүн бийликтер рохинжа согушкерлерин айыпташса, Бангладешке качкандар менен айрым укук коргоочулар качкындар агымына, тескерисинче, армиянын үйлөрдү өрттөө өнөкөтү себеп болгонун айтышууда.

Спутниктен тартылып, “Хьюман Райтс Уочт” уюму тараткан сүрөт рохинжа мусулмандарынын бир эле кыштагында 700дөй турак үй өрттөнгөнүн көргөзгөн.

Бирок, ушул жекшемби күнү Мьянманын армиясы да рохинжа козголоңчулары Ракхайн штатынын түндүгүнөн кечилканаларды, Будданын сүрөттөрүн, мектептер менен үйлөрдү өрттөгөнүн, өкмөт бул штаттан мусулман эмес 12 миңдей тургун көчүрүлгөнүн кабарлады.

Башы былтыр октябрь айында тутанган азыркы тополоңго чейин Мьянмада 2012-жылы да буддисттер менен рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан 100 миңдей адам качкындар лагерлеринде жан сактоого аргасыз болгон.

Эл аралык реакция

Мьянмадагы кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешинде акыркы ирет быйыл март айында көтөрүлгөн эле. Бирок, анда Коопсуздук кеңешинин өлкөнүн кээ бир аймактарында уруштардын кайра жандаганына тынчыздануу айтылган билдирүүсүн Кытай менен Орусия вето салып өткөрбөй коюшкан.

Анын алдында былтыр декабрда Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаттар тобу Коопсуздук кеңешине кат жолдошуп, Мьянманын Ракхайн штатындагы “этникалык тазалоону жана адамзатка каршы” кылмышты токтотууга үндөшкөн. Андан кийин 30-августта Коопсуздук кеңеши бул маселени жабык жыйында талкуулаган.

28-августа Рим папасы Франциск да Ватиканда сүйлөгөн учурунда рохинжа мусулмандарына тилектештигин көргөзүп, алардын укугун тепсөө туура эместигин белгилеген болчу.

29-августа БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хуссеин да соңку окуяларга тынчыздануусун билдирип, Мьянманын саясий жетекчилигин кырдаалды козуткан, жек көрүүчүлүккө шыкак берген жана социалдык медиада жайылып жаткан риториканы айыптоого үндөгөн.

Азыркы тополоңдо Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Мьянмадагы кыянатчылыктарды геноцидге теңеди. Эрдоган Бангладеш президенти Абдул Хамидге телефон чалып, рохинжа мусулмандарына башпаанек берүү ишинде Анкаранын жардамын да сунуш кылган:

- Аймактын стратегиялык маанисинен улам Мьянма мамлекети алардын тарабында болушун каалагандар адамзатка каршы кылмышты токтотуу үчүн алдын алуучу чараларга барбай жатат. Ал жерде геноцид, бирок алар буга байланыштуу унчукпай олтурушат. Рохинжа мусулмандары эле эмес, башка этникалык, диний тайпалар да басым астында. Демократиянын көшөгөсү артында жасалган геноцидге сыртын салгандар да бул кыргындын катышуучусу, - деди Эрдоган 1-сентябрда Стамбулда сүйлөгөн учурунда.

Мьянмага коңшу жана дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү Индонезияда акыркы эки күндөн бери расмий Жакартаны рохинжаларга жардам берүүгө үндөгөн нааразылыктар өтүп жатат. Мьянманын бул жердеги элчилигине бөтөлкө бомба да ыргытылды.

Рохинжаларды колдоп Жакартада өткөн нааразылык акциясы. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжаларды колдоп Жакартада өткөн нааразылык акциясы. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Ушул дүйшөмбү күнү болсо Мьянмага чабарман катары Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди барды.

- Мен жеке өзүм жана Индонезия Мьянманын Ракхайн штатындагы кыянатчылыктарга өкүнөбүз жана айыптайбыз. Бул жерде курулай сын эле эмес, реалдуу аракеттер да керек,- деди Индонезия президенти Йоко Видодо 3-сентябрда.

Мусулмандар тобу ушул жекшемби күнү Мьянманын Москвадагы элчилиги алдына да чогулушту.

Ал эми дүйшөмбүдө Чеченстан борбору Грозныйда рохинжаларга колдоо көргөзүү иретинде оң миңдеген адам катышкан демонстрация өттү.

Рохинжаларды колдоо боюнча Грозныйдагы демонстрация. 4-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжаларды колдоо боюнча Грозныйдагы демонстрация. 4-сентябрь, 2017-жыл.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн 4-сентябрда Казакстан Мьянмадагы мусулман жамаатынын абалына “олуттуу тынчсызданарын” тышкы иштер министри Кайрат Абдрахматов билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” агенттиги маалымдады.

Ушул эле күнү кыргыз бийлиги да Мьянмадагы кырдаалга кабатырлануусун билдиргени жана тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырганы маалым болду. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты.

Мьянма өкмөтүн учурда мурдагы диссидент, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжинин партиясы жетектейт. Ал өзү азыр расмий мамлекеттик кеңешчи жана тышкы иштер министри кызматын ээлейт.

Соңку окуяларга байланыштуу көбүнесе унчукпай койгону үчүн Аун Сан Су Чжинин эл аралык беделине доо кеткени да айтылууда.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын дини боюнча 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт.

Мьянмада кризис уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG