Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Мьянма: элди үркүткөн тополоң


Бангладешке качып бараткан рохинжа мусулмандары.
Бангладешке качып бараткан рохинжа мусулмандары.

Түштүк-Чыгыш Азиянын Мьянма өлкөсүндөгү кыянатчылыктардан улам коңшу Бангладешке жер которууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны токсон миңге жакындаганы кабарланууда. Расмий Янгондун дарегине тополоңду токтотуу чакырыктары айтылып жатат. Мьянма бийликтери болсо кыянатчылыктардын тутанышына рохинжа мусулмандарынын арасынан чыккан козголоңчуларды айыпташууда.

Соңку кыянатчылыктардан улам Мьянмадан Бангладешке өтө качууга аргасыз болгон рохинжа мусулмандарынын саны 87 миңге чаап барганын Улуттар уюму менен иштешкен гуманитардык кызматкерлерге шилтеме жасап, "Рейтер" агенттиги кабарлоодо.

Ал эми былтыр октябрдан бери Мьянмадан качып, Бангладештин бул өлкө менен чектеш Кокс базар районунда башпаанектеп жаткан рохинжа мусулмандарынын саны "Рейтер" келтирген маалыматтар боюнча 150 миңге чейин жетет.

Буддисттер басымдуулук кылган Мьянмандагы диний азчылык - рохинжа мусулмандарынын жалпы саны өлкөдө 1,1 миллионду түзөт.

Алардын оң миңдегендерин качууга аргасыз кылган азыркы тополоң 25-августта тутанган.

Мьянма бийликтери бул үчүн рохинжалар арасынан чыккан козголоңчуларды айыптап, алар ошол 25 -август күнү ондогон полиция бекеттерине жана армия базасына координацияланган кол салуу жасаганын билдирүүдө. Андагы кагылыштардан жана армиянын жооп чабуулунан өмүрү кыйылгандар саны кеминде 400 адамга жетип калды.

Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжа качкындары Бангладеште. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Мьянма өкмөтү учурда өлкөнүн түндүк -батышындагы мусулмандарды козголоңчуларды издөө ишинде кызматташууга да чакырууда.

Адамдардын өлүмү жана үйлөрдүн өрттөлүшү үчүн бийликтер ошондой эле рохинжа согушкерлерин айыпташса, Бангладешке качкандар менен укук коргоочулар качкындар агымына армиянын үйлөрдү өрттөө өнөктүгү өбөлгө болгонун айтышууда.

Спутниктен тартылып, “Хьюман Райтс Уочт” уюму тараткан сүрөт рохинжа мусулмандарынын бир эле кыштагында 700дөй турак үй өрттөнгөнүн көргөзгөн.

Буга чейин 2012-жылы да буддисттер менен рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан 100 миңдей адам качкындар лагерлеринде башпаанектөөгө аргасыз болгон.

Эл аралык реакция

Мьянмадагы кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешинде акыркы ирет быйыл март айында көтөрүлгөн эле. Бирок, анда Коопсуздук кеңешинин өлкөнүн кээ бир аймактарында уруштардын кайра жанданганына тынчыздануу айтылган билдирүүсүн Кытай менен Орусия вето салып өткөрбөй койгон.

Анын алдында былтыр декабрда Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаттар тобу БУУнун Коопсуздук кеңешине кат жолдошуп, Мьянманын Рахине штатындагы “этникалык тазалоону жана адамзатка каршы” кылмышты токтотууга үндөшкөн.

Андан кийин 30-августа Коопсуздук кеңеши бул маселени жабык жыйында талкуулаган.

Рим папасы Фрэнсис болсо, 27-августта Ватиканда Мьянмадагы Рохинжа мусулмандарына тилектештигин билдирген. Ал жекшемби күнкү салттуу ибадат учурунда сөз сүйлөп, алардын укугун тепсөө туура эместигин белгиледи:

- Бизге агайын Рохинжа мусулмандарына басым жасалып жатканы тууралуу жагымсыз кабарлар келип жатат. Мен аларды (Рохинжа мусулмандарын - ред.) колдой турганымды билдиргим келет. Келгиле, кудайдан аларды колдошун сурап, бардык укуктарга ээ болушу үчүн жардам кылалы. Алар үчүн дуба кылалы,- деген Рим папасы.

Азыркы тополоңдо Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Мьянмадагы кыянатчылыктарды геноцидге теңеди. Эрдоган Бангладеш президенти Абдул Хамидге телефон чалып, рохинжа мусулмандарына башпаанек берүү ишинде Анкаранын жардамын сунуш кылган.

Ушул дүйшөмбү күнү болсо Янгонго коңшу Индонезиянын тышкы иштер министри Ритно Марсуди барып, Мьянма бийликтерин кыянатчылыктарды токтотууга чакырды. Индонезия борбору Жакартада болсо жүздөгөн адам нааразылыкка чыгып, Мьянманын бул жердеги элчилигине бөтөлкө бомба ыргытылды.

Рохинжаларды колдоп Жакартада өткөн нааразылык акциясы. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Рохинжаларды колдоп Жакартада өткөн нааразылык акциясы. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Мусулмандар тобу ушул жекшемби күнү Мьянманын Москвадагы элчилиги алдына да чогулушту.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн 4-сентябрда Казакстан Мьянмадагы мусулман жамаатынын абалына “олуттуу тынчызданарын” тышкы иштер министри Кайрат Абдрахматов билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” агенттиги маалымдады.

Мьянма өкмөтүн азыр мурдагы диссидент, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжинин партиясы жетектейт.

Мьянмада кризис уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG