Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:09

Футбол боюнча 2019-жылы Азия кубогуна карата боло турган Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн беттеши өтпөй калды.

Тандоо оюндарынын алкагында эки өлкөнүн футбол оюну 5-сентябрда Бишкекте болмок. Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султанов маалымдагандай, оюнду өткөрбөө тууралуу чечимди премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган. Маалыматка ылайык, матч террористтик чабуул тобокелчилигинен улам токтотулган.

- Матч коопсуздукту камсыз кылуу максатында токтотулду. Террористтик акт болуп кетет деген кооптонулар бар. Андыктан улут аралык кастыкты болтурбоо максатында жана массалык башаламандыкты алдын алуу үчүн оюнду өткөрбөөнү чечтик.

Маалыматтарда басымдуу бөлүгүн буддалар түзгөн Мьянма өлкөсүндө мусулмандар жергиликтүү бийлик тарабынан кысымга алынууда. Окуядан буга чейин жалпысы 75 миңдей мусулман өлкөдөн качууга аргасыз болду. Акыркы жумада будда жана мусулмандардын кагылышуусунда 400дөн ашык адам каза болгону айтылат.

Кыргызстандагы социалдык түйүндөрдө буга чейин Мьянма менен оюндан Кыргызстандын футбол курамасы баш тартышы керектиги тууралуу чакырыктар айтылып жаткан. Ошондой эле матч учурунда Мьянмага каршы ар кандай акцияларды өткөрүүнү сунуштагандар да болгон.

Азырынча эки команданын оюну кайсы күнү, каерде өтөөрү белгисиз. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада өтмөк. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG