Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Рим папасы Рохинжа мусулмандарына тилектештик билдирди


Рохинжа мусулмандары
Рохинжа мусулмандары

Рим папасы Фрэнсис Ватиканда Мьянмадагы Рохинжа мусулмандарына тилектештигин билдирди. Бул тууралуу жекшемби күнкү салттуу ибадат учурунда сөз сүйлөп, алардын укугун тепсөө туура эместигин белгиледи:

-Бизге агайын Рохинжа мусулмандарына басым жасалып жатканы тууралуу жагымсыз кабарлар келип жатат. Мен аларды (Рохинжа мусулмандарын - ред.) колдой турганымды билдиргим келет. Келгиле, кудайдан аларды колдошун сурап, бардык укуктарга ээ болушу үчүн жардам кылалы. Алар үчүн дуба кылалы,- деди Рим папасы.

Мьянмада улуттук жана диний ачылыкты түзгөн Рохинжа мусулмандарына каршы басым жана кол салуулар тез-тез болуп турары айтылууда.

XS
SM
MD
LG