Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Мусулман дүйнөсү Мьянмадагы зомбулукту айыптоодо


Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары карыган кемпирди көтөрүп баратышат. 3-сентябрь, 2017-жыл
Бангладешке качкан рохинжа мусулмандары карыган кемпирди көтөрүп баратышат. 3-сентябрь, 2017-жыл

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зордук-зомбулук дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда кала берүүдө.

Мусулман өлкөлөрү жаңжал боюнча БУУнун аракет көрүүсүн талап кылышарын айтышса, Мьянма бийлиги жаңжалды рохинжалар башташканын билдирүүдө.

Өткөн айдан бери Мьянмада 400дөн көп рохинжа мусулмандары өлтүрүлгөнү, 90 миңдейи куралдуу жаңжалдан качып, Бангладешке агылганы кабарлангандан кийин Иран 4-сентябрда муну “этникалык тазалоо” деп атады. Түркия болсо ал окуяларды “геноцид” деп сыпаттады.

Качкындар.
Качкындар.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын маселени үстүбүздөгү айда БУУнун Башкы Ассамблеясында көтөрүү сунушун колдоду.

Зариф “рохинжа мусулмандарына каршы уланган зомбулукка дүйнөнүн үн катпай жатышын” катуу айыптады. Министр мындай пикирин "Твиттерге" жазып, “этникалык тазалоону мындан ары алдын алуу үчүн БУУ аракет көрүүгө тийиш” деди.

Маалыматтарга караганда, 25-августта рохинжа козголоңчуларынын тобу Ракхайн аймагындагы полиция бөлүмүнө кол салгандан кийин тутанган кагылышуулардан кеминде 400 киши набыт болду.

Мьянма бийликтери рохинжа мусулмандары үйлөрдү өрттөп, карапайым адамдарды өлтүрүшкөн деп айыпташса, укук коргоочулар жана рохинжа өкүлдөрү армия аларды сүрүп чыгуу үчүн өзү өрт коюп, бейкүнөө тургундарды өлтүрүшкөнүн билдиришүүдө.

- Коомдо бөлүп-жарууну көздөгөн топтор бар, Ракхайндагы жамаатты “бул адамдар, рохинжалар менен жашай албайбыз, алар жаман” деп негизсиз айыптап, тукургандар бар. Эми алар мусулмандарды бөлүп, лагерлерде жашап калышын каалашат. Иш жүзүндө бул - мурдагы президент Тейн Сейн 2012-жылы сөз кылган стратегия, - деди Мьянманын Адам укуктары уюмунун директору Кияв Вин.

4-сентябрда Индонезия, Орусиянын Чеченстан жумуриятында рохинжаларды колдоо акцияларына миңдеген киши катышты. “Гуманитардык кризис дароо токтотулууга тийиш”, - деген Индонезиянын президенти Йоко Видодо тышкы иштер министрин Мьянма бийликтери менен сүйлөшүүгө жөнөткөнүн билдирди.

Чеченстандагы акция.
Чеченстандагы акция.

Пакистандын тышкы иштер министри Хавайя Мухаммад Асиф “рохинжа мусулмандарынын арасында курмандыктар көбөйүп жатканын, алардын күчтөп сүрүлүп чыгарылышын” айыптап, Мьянманы кыянатчылык тууралуу маалыматтарды иликтөөгө үндөдү.

БУУнун маалыматы боюнча, Мьянма менен Бангладештин чек арасын болжол менен 87 миң качкын кесип өттү. Көптөрү жарадар, алсыраган, чаалыккан, ачка.

Мальдив аралдары Мьянма өкмөтү рохинжаларга каршы кан төгүүнү токтомоюн, ал өлкө менен соода алакаларын үзөөрүн билдирди.

Ал тапта Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, пакистандык Малала Юсуфзай сыйлыктын дагы бир ээси, Мьянманын жарандык лидери Аунг Сан Су Чини зомбулукту айыптоого чакырды.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары Малала Юсуфзай жана Аун Сан Су Чжи.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары Малала Юсуфзай жана Аун Сан Су Чжи.

“Жаңылыктарды көргөн сайын капа болом, жүрөгүм чыдабайт. Мен мындай кайгылуу жана адамгерчиликсиз мамилени айыптап келатам. Нобел тынчтык лауреаты Аунг Сан Су Чи да ошондой кылат деп күтөм. Дүйнө күтүп жатат,” – деп жазды Малала "Твиттерге".

Малайзиянын тышкы иштер министри Анифах Аман да Су Чинин үн катпай жатышын сындаса, айрымдар атүгүл Нобель комитетин андан тынчтык сыйлыгын кайтарып алууга үндөштү.

Ал эми бир кездери аскерий хунтанын саясий туткуну болгон Мьянма лидерин коргогондор анын куралдуу күчтөрдү көзөмөлдөө ыйгарымы чектелүү дешет. Бирок сынчылар Су Чи кырдаалга таасир этүүгө кудуреттүү, моралдык салмагы бар бир ууч адамдарга кирет дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG